Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны

© Фото / Диана ГрицайТуристтик компаниянын негиздөөчүсү Мирэль Көбүкеева
Туристтик компаниянын негиздөөчүсү Мирэль Көбүкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы Мирэль Көбүкееванын туристтик компаниясынын Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда кеңселери бар. Жеке ишин жоктон барды жаратып баштаган.

Үч жыл мурун Мирэль Көбүкееванын ишканасынан эч нерсе калбай калган. Ишкер бийкеч эки алдамчы жигит менен келишим түзө коем деп карызга батып, өз күчүнөн да арсар боло баштаган. Ошентсе да Мирэль дагы бир ирет аракет кылып көрүүгө белсенген...

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Нарында төрөлгөм. Атам өмүр бою мамлекеттик кызматта, ал эми апам мугалим болуп иштеген. Кичинемде бизге чет элдиктер мейманга көп келишчү, аларды мен туристтик жерлерге алып барчумун. Англис тилди начар билгендиктен жанымда дайым сөздүк болор эле. Дал ошол убактан тарта саякатты кыялдана баштагам.

10 жашка толгонумда атамды Бишкекке которушту, ошентип борбор шаардагы мектепке кирдим. Нарындын мектебинен алда канча айырмаланды. Мисалы, ал жакта окуучулардын кийимине катуу талап бар эле, ал эми калаада акыркы модада кийинишет. Бишкектиктер наркты аздектей өскөн нарындык кыздарга салыштырмалуу ээн-эркин жүрүшөт. Айталы, айылда кыздар үйдө отуруп, оокат менен алек. Ал эми жергиликтүү кыздар кандайдыр бир иш-чарага же кафеге бара алышат экен.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков28 жаштагы Мирэль Көбүкееванын туристтик компаниясынын Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда кеңселери бар.
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны - Sputnik Кыргызстан
28 жаштагы Мирэль Көбүкееванын туристтик компаниясынын Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда кеңселери бар.

— Чет өлкөгө кантип кеттиңиз эле?

— Университетте үчүнчү курста окуп жүргөнүмдө, студенттерди алмашуу программасы боюнча үч айга Малайзияга баргам. Башта бөлөк өлкөлөрдү сүрөттөрдөн гана көрчүмүн. Нарында атам экөөбүз журналдарды карап, дүйнөнү кыдырууну кыялданганыбыз эсимде. Анан эле Куала-Лумпурда, Петронас мунарасынын жанында сейилдеп жүрөм десеңиз! Ошондо кыялдар орундаларын аңдадым.

— Ал жакта калк кандай жашайт?

Боец специального полка МВД Шумкар Кумушай Орозкулова - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ менен көмүр ташып, кылмышкер кармап... Ишинин майын чыгарган кыздар
— Малайзияда байларды да, жакырларды да көрүүгө үлгүрдүм. Майыптыгы бар, негизинен начар турган үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштедик. Албетте, баш калаада бардар жашаган адамдар арбын, бирок чыныгы турмуш шаардын чет жакасында.

Ошентсе да Малайзияда кедей үй-бүлөлөрдүн да өзүн багууга мүмкүнчүлүгү толтура. Алар балык уулайт, кокос майын алышат, ананас өстүрүшөт. Ал жакта баары өсөт! Айтмакчы, тамак-аш Кыргызстанга караганда кыйла арзан.

— Билишимче, малайзиялыктардын байлыкка болгон кызыгуусу бөлөк. Адамдар бир дубалы же терезелери жок үйдө жашай беришет, бирок балдарын Лондондун университеттеринде окутушат.

— Чындап эле малайзиялык үй-бүлө уулу же кызын мыкты жогорку окуу жайда окутуу үчүн колундагы акыркы оокатын берүүгө да даяр. Куала-Лумпурдун өзүндө эле жылдык акысы 10 миң доллардан ашкан университеттер толтура.

© Фото / Диана ГрицайҮч жыл мурун Мирэль Көбүкееванын ишканасынан эч нерсе калбай калган. Ишкер бийкеч эки алдамчы жигит менен келишим түзө коем деп карызга батып, өз күчүнөн арсар боло баштаган.
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны - Sputnik Кыргызстан
Үч жыл мурун Мирэль Көбүкееванын ишканасынан эч нерсе калбай калган. Ишкер бийкеч эки алдамчы жигит менен келишим түзө коем деп карызга батып, өз күчүнөн арсар боло баштаган.

— Чет өлкөдө деле жашап калсаңыз болмок да, чынбы?

— Ооба, университетти аяктагандан кийин мени Кытайга – була-оптикалык буюмдарды өндүргөн компания жумушка чакырган. Мен КМШ өлкөлөрүндөгү маркетинг боюнча менеджер элем.

Кытайда мен тил жагынан кыйналдым. Ал жактан Малайзияга учуп кеттим, дээрлик баары англисче сүйлөшкөндүктөн маселе жаралган жок. Ошол жактагы ишкана мага жакшы шарттарды түзүп: шаардын чок ортосунан кеңсе, бекер турак жай, 700 долларлык маяна коюп беришти. Бирок экинчи эле күнү чет өлкөдө жашай албай турганымды түшүндүм. Үйгө, Кыргызстанга аябай кайткым келди. Жакын арадагы рейске билет алып, Бишкекке учуп келе бердим.

— Мекенде эмне менен алектене баштадыңыз?

— Туристтик бизнеске кириштим. 2012-жылдын күзү болчу, 22ге толгом. Кеңсе издеп, кызматкерлерди карап, келишим түзө баштагам. Өзүм менеджер, өзүм пол жуугучмун. Ал убакта социалдык медиа деле азыркыдай өнүгө элек. Баракчаларды таркаттык, почта аркылуу жарнамаларды жөнөтөбүз. Ошентип, акырындап кардарларды таба баштадык.

© Sputnik / Виктория ТянКөбүкеева: Нарында төрөлгөм. Атам өмүр бою мамлекеттик кызматта, ал эми апам мугалим болуп иштеген
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны - Sputnik Кыргызстан
Көбүкеева: Нарында төрөлгөм. Атам өмүр бою мамлекеттик кызматта, ал эми апам мугалим болуп иштеген

— Бизнестеги эң ири катачылыгыңыз эмне болду эле?

— 2016-жылы АКШ, Япония жана Түштүк Кореяга арзандатылган баада сапарларды уюштуруучу компания менен кызматташкам. Аны Лондондон эки жигит уюштуруп, мага абдан кирешелүү келишимди сунушташкан. Биз иштеше баштадык, аларга акча котордум, анан эле жанагы эки жигит изин таптырбай кетти. Алардын компаниясынын сайты да өчтү. Ал эми менин авиабилет жана мейманканаларга акчасын эбак которуп койгон кардарларым бар эле. Бир нече миң доллар жөнүндө кеп...

Кийин ошол көз боемочулардан жабыр тарткан жалгыз мен эмес экеним белгилүү болду. Аларды Дубайдан кармашты, жазасын алышты, бирок акчаны ошол бойдон кайтарышкан жок.

— Кардарларыңыздын көңүлүн кантип жубаттыңыз?

— Алардын билеттерин өзүм сатып берип, мейманканаларын да өз эсебимден төлөп бердим. Акчаны досторумдан, туугандарымдан карыздадым. Ошондон кийин депрессияга кабылдым. Ал тургай жакындарым да туристтик бизнес мага ылайык эместигин, бир жолу жаңылган соң экинчисинде да ката кетиреримди айтышты.

Жарым жыл дегенде өзүмө келдим окшойт, көп окудум, ойлондум. Акыры дагы бир ирет аракет кылып көрүүнү чечтим. Анан өз ишимди жаңы бир деңгээлге чыгара алдым. Билеттерин, мейманканалардагы ээленген орундарын алып берген кадамымды кардарларым баалашты. Менин кызматымдан пайдаланууну өздөрүнүн досторуна сунушташты, мындай колдоо кайрадан бутка турууга чоң көмөк болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековКөбүкеева: 2016-жылы АКШ, Япония жана Түштүк Кореяга арзандатылган баада сапарларды уюштуруучу компания менен кызматташкам
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны - Sputnik Кыргызстан
Көбүкеева: 2016-жылы АКШ, Япония жана Түштүк Кореяга арзандатылган баада сапарларды уюштуруучу компания менен кызматташкам

— Казакстанда бизнести кандайча жолго койдуңуз?

— Эки жыл мурун квалификацияны жогорулатуу курсуна баргам. Ал жактан бир айым мага иш сунуштап калды, эч ким иштете элек туристтик агенттиги бар экен. Ошол ишти колго алдым.

Анан атам каза болуп калды. Күйүтүмдү басыш үчүн дароо Москвага барып келүүнү чечтим. Ал жактан МГИМОнун алдындагы Бизнес мектебине тапшырып, "Москва-сити" деген кеңсе ачтым.

— Кыргызстандык туристтер башкалардан эмнеси менен айырмаланышат?

— Ачыгын айтайын, биздикилер баары арзан болсо дейт, арзандатууларды издейт. Аз сандагы гана кыргызстандыктар бизнес-класстан билет алып, кымбат отелдерден орун ээлешет. Бирок бир чындык бар: тур канчалык арзан болсо, ошончолук начар тейленет. Ушул нерсени ар бир турист түшүнсө дейм.

Мисалга, эң кеңири таралган багытты – Түркияны алалы. Ал жактан төрт же андан көп жылдыздуу отелдерди тандоо керек – бул киши башына кеминде 700 доллар.

© Фото / Виктория ТянКөбүкеева: аз сандагы гана кыргызстандыктар бизнес-класстан билет алып, кымбат отелдерден орун ээлешет
Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны - Sputnik Кыргызстан
Көбүкеева: аз сандагы гана кыргызстандыктар бизнес-класстан билет алып, кымбат отелдерден орун ээлешет

— Дагы кандай багыттарды көп тандашат?

— Түркиядан кийинки сапта Мисир (Египет). Ал жакта да "баары камтылган" деген система иштейт, бирок тейлөө жагынан Түркияга жетпейт. Үчүнчү орунда – Хайнань. Эл ал жакка экзотика үчүн барат. Хайнандагы эс алуу Түркияга салыштырмалуу арзан, бирок мейманканаларда нанүштө гана берилет.

— Кыргызстанда жаш айымдын бизнес кылышы кыйынбы?

— Жок, жеке өзүм кыйынчылыкты сезбейм. Тек гана бир ишти колго алган соң аягына чыгаруу зарыл.

Данияр Мамбетовдун да баянына көз жүгүртүңүз. Ишинен куулган эки баланын атасы кайра баарын башынан баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0