КамАЗ менен көмүр ташып, кылмышкер кармап... Ишинин майын чыгарган кыздар

© Фото / студия "Азамат"Боец специального полка МВД "Шумкар" Кумушай Орозкулова
Боец специального полка МВД Шумкар Кумушай Орозкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялзаты алсыз, бирөөнүн жардамысыз оокат кыла албайт деген түшүнүк азыр эскирди. Эч кимге көз каранды болбой, керек болсо бүтүндөй бир бүлөнү багып койгон кыз-келиндер азыр четтен чыгат.

Кандай гана жумуш болбосун, көзүн таап, анын майын чыгара аркалап кеткен айымдар ошол эле учурда назы, мээрими, жылуулугу менен дүйнөнү сактап турат деген сөздү ким чеки дейт?.. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаз майрамын утурлай аялзаты эле эмес, анча-мынча эркектер даай албаган кесиптерди аркалап жүргөн кыргызстандык айымдар менен мактанмакчы болду.

КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган ишкер айым

КамАЗ айдап, мотор басып, унаа оңдой билген Жайна Нурмамбетова эки жогорку билимдин ээси. Ал банкта башкы бухгалтердик кесипти аркалап, бейөкмөт уюмдарда жана мамлекеттик мекемелерде юрист болуп эмгектенген ар тараптуу инсан.

Аны алгач көргөндөр КамАЗ менен Кара-Кечеден көмүр ташыйт деп ойлобосо керек. Убагында бейөкмөт уюмдарда аялдардын укугу боюнча юрист-консультант, окутуучу, Нарын облустук "Балыкчылар жана мергенчилер" коомунда юрист, театрда бий үйрөтүүчү, "Кыргызстан" коммерциялык банкына жетектөөчү адис болуп кирип, башкы бухгалтерге чейин көтөрүлгөн  Жайна Нурмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курган. Кара-Кечеден көмүр тартып, Нарын элин көмүр менен камсыздап ишкердик кылат.

Ал 8-классында эле "Трактор" деген китепти окуп чыгып, кызыгуусунун арты менен техника жаатында түшүнүк алган экен.

Актриса Гүлнара Чокубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Булар кыргыздын кайсы кыйын кыздары, тааныйсызбы? Тест
"Айдоочулук күбөлүгүмдү жаңы алып жатсам "С" бастырып берели дешкенде "аны эмне кылам" деп күлгөм. Көмүр менен иштеп жүргөн ошол кезде Казакстандан да туз тартып келе баштагам. Айдоочу кылып банктагы кесиптешимди жаныма алып алдым. Казакстанга кирип, орто жолго жеткенде эле ал: "Жайна, чарчадым, сен айдачы", — деди. Негизи мага "жок" деп айтыш кичинемден эле намыс болчу. "Макул" дедим да рулга отурдум. Кантип айдаш керектигин жана рычагды салганды көрсөтүп берди. Алгач кыйыныраак болуп, 60 чакырым гана айдап бардым. Кайра экинчи жолу алмашып, рулга отурганда 300 чакырымга чейин айдап бардым. Ошондо гана колум көнүп жеңилдей эле сезилип, ал тургай жагып да калды. 2009-жылдан баштап КамАЗ менен иштеп баштагам" — деген Нурмамбетова.

Такси айдап тим болбостон, фирма ачкан Гулиза Сакаева

Кыз-келиндер такси кызматын көрсөткөн фирманын жетекчиси Гулиза Сакаева өзү да эл ташып, такси айдайт. Ага чейин бир жыл борбордо такси фирмаларынын биринде таксист болуп иштеген.

"Өзүм 8 баланын энесимин. Балдарымды жалгыз багам. Айдоочусу аял болгон такси кызматын ачуу идеясы өз турмушумдан улам жаралды. Мындай кызматка көп келин-кыздар, балалуу энелер муктаж экендигин байкадым жана аял кардарларды кыз-келиндер тейлесе ыңгайлуу болорун түшүндүм", — деп айткан Сакаева.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул такси кызматынын кардарлары көбүнесе мектеп окуучулары жана студенттер. Ата-энелер балдарынан сарсанаа болбой, окуусуна жетип алышы үчүн аял кишилер көрсөткөн такси кызматынан колдонууну жактырышат
КамАЗ менен көмүр ташып, кылмышкер кармап... Ишинин майын чыгарган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Бул такси кызматынын кардарлары көбүнесе мектеп окуучулары жана студенттер. Ата-энелер балдарынан сарсанаа болбой, окуусуна жетип алышы үчүн аял кишилер көрсөткөн такси кызматынан колдонууну жактырышат

Бул такси кызматынын кардарлары көбүнесе мектеп окуучулары жана студенттер. Ата-энелер балдарынан сарсанаа болбой, окуусуна жетип алышы үчүн аял кишилер көрсөткөн такси кызматынан колдонууну жактырышат.

"Жаш энелер үчүн да биздин кызмат ыңгайлуу. Мисалы, бир чүрпөсүн ооруканага же бала бакчага алып барышы керек болсо, башка балдарын кароого киши жок болуп калганда, аталган айдоочулар жардам берип да коюшат", — дейт каарманыбыз.

Алар эне баласын керектүү жерге алып барып, жумушун бүтүрүп чыкканча, экинчи баласын унаанын ичинде карап турушат. Бул үчүн акы деле сурабайт.

Автоматты чачып чогултуп, кылмышкерлерди кармап... "Шумкар" отрядында иштеген Күмүшай

Көптөгөн ийгиликтерге жетишип, бир катар мамлекеттерде Кыргызстандын желегин желбиреткен Күмүшай 25 жашта. Кичинесинен эле форма кийип, мекенге кызмат кылууну кыялданган Күмүшай Орозкулова учурда Жалал-Абаддагы ИИМдин "Шумкар" отрядынын атайын даярдыктагы кызматкери. Анын бул кызматка келип калышына ротанын командири Равшан Кожобековдун салымы чоң.

Күмүшай каратэ-до боюнча кара курдун ээси, 1-Дан. Учурда Жалал-Абад шаарындагы жеке залда машыктыруучу да болуп эмгектенет. Ушул күнгө чейин каратэ боюнча 48 медаль, 60 дипломго ээ болгон.

"2006-жылдан тарта облустук деңгээлдеги мелдештерге катышып баштагам. Ал эми 2008-жылдан бери коңшу өлкөлөрдө өтүлүп жаткан жеткинчектер жана жаштар арасындагы турнирлерге катышып келем.  Жакында эле Чехиянын Градец Кралове шаарында өткөн дүйнөлүк мелдешке барып келдим. Ал жактан командалык эсеп менен кыргызстандыктар үчүнчү орунга жетиштик. Андан тышкары, 2011-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта биринчиликти алгам жана 2017-жылы Борбор Азия биринчилигинде чемпион болдум. Учурда спорттун чебери, кара курдун ээсимин (1-Дан). Ушул күнгө чейин каратэ боюнча 48 медаль, 60 дипломго ээ болдум. Албетте, дагы өсүшүм керек. Бул чек эмес. Учурда жумуштан тышкары балдарды да машыктырып жатам" — деп айтты ал.

Күмүшай Орозкулова келечекте генерал болууну кыялданат.

ЖЭБде кран айдап иштеген Айзат Семиренко

Проект 100 жана 1 элечектен айым (100 и 1 женщина в элечеке) - Sputnik Кыргызстан
Сулууларга суктанууга акым бар. Ажарлуу, жылдыздуу ак элечекчен айымдар
ЖЭБде 50 тонна жүктү көтөрө турган кранды башкарган жалгыз аял Айзат Семиренко 3-классынан бери кран айдоону кыялданып келген. Анын бул кесипти тандап алуусуна курбусунун кран айдаган апасы түрткү болгон. Бала кезинен эле бийиктикти жакшы көргөн Семиренко сүйүктүү кесибин 33 жылдан бери аркалап келет.

"Кран айдоочулардын курсун аяктап жатканда практикага бардык. Насаатчыбыз да бар. Ал киши бизди кранга отургузуп, кантип айдоо керектигин үйрөтчү. Бир жолу иш күнү аяктап калганда насаатчыбыз Рая Пухова менин отура турушумду айтып чыгып кеткен. Бир маалда стропальщик Слава Янкин келип "кранды жүргүз" деп буюрду, мен ага Пуховасыз айдай албасымды айтсам ушундай акырая карады. Айласыз жалгыз рулга отурууга туура келген. Ошонун эртеси эле өз алдымча кран айдай баштадым", — деп эскерет.

Эң кызыгы анын үч сиңдиси тең кран айдоочу кесибин аркалайт. Башкача айтканда, кран айдоочулардын үй-бүлөлүк династиясы түзүлгөн. Айзат айым да кран айдоону аялдарга ылайык кесип катары эсептейт.

Комбайн айдаган Жамийла апа

Жумгалдын Эпкин айылынын тургуну, пайгамбар жашындагы Жамийла Тургунова 7-8 жылдан бери комбайн айдайт. Бир уул, бир кыздын апасы.

CCСР кулагандан кийин жан багуунун амалы кылып, туугандары менен биригип, 1996-жылы "Чынар" үрөнчүлүк кооперативин ачышкан.

"Мамлекеттен насыя алып, бир нече техника сатып алдык. Туугандарыбыздын 15 гектар үлүш жерине дагы 50 гектар жерди ижарага алып коштук дагы, аны иштете баштадык. Албетте, башында азабын тарттык. Буудай арзан жылдары такыр эле киреше көргөн жокпуз. Бирок көк беттенип иштеп жүрүп, акыры кийинки жылдары эмгегибиздин үзүрүн көрө баштадык. Азыр баары кудайга шүгүр. "Аял башы менен жөн жүрбөйбү, мынча акчадан кутула албай калса эмне болот?" деген сөздөрдү угуп, тескерисинче, чыйралдым. Намыстанып туруп, трактор, комбайн айдаганды да үйрөнүп алдым", — деп айткан Жамийла апа өз маегинде.

© Фото / Эркинбек Медербек уулуЖамиля Тойчубекова: Мамлекеттен насыя алып, бир нече техника сатып алдык. Туугандарыбыздын 15 гектар үлүш жерине дагы 50 гектар жерди ижарага алып коштук дагы, аны иштете баштадык
КамАЗ менен көмүр ташып, кылмышкер кармап... Ишинин майын чыгарган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Тойчубекова: Мамлекеттен насыя алып, бир нече техника сатып алдык. Туугандарыбыздын 15 гектар үлүш жерине дагы 50 гектар жерди ижарага алып коштук дагы, аны иштете баштадык

Ал биринчи трактордун рулуна отурган, андан кийин гана комбайнды өздөштүргөн экен. Жаш кезине кайра барып калса, трактордун окусун окуурун айткан апа техниканын жабдыктарынын кайсынысы сапаттуу, кайсынысы Кытайдыкы экенин жазбай тааныйт.

Аны менен балдары, жакындары да "азыркынын Зууракан Кайназаровасы" деп сыймыктанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0