16:58 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Коом
Кыскача шилтеме алуу
332 0 0

Сауле Мейрманова Билим берүү башкармалыгын 2014-жылдан бери жетектеп келген. Анын берген арызына 14-февралда мэр Азиз Суракматов кол коёт.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

"Сауле Мейрманова эки күн мурда иштен кетүү боюнча арыз жазган. Эртең, 14-февралда, мэр анын берген арызына кол коёт", — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифирова убактылуу жетектеп турарын билдирди. Ал эми жаңы жетекчи конкурстун негизинде тандалат.

Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканын айткан. Ал ошондой эле жетекчиге иштен кетүүнү сунуштаган.

Тема боюнча

Чуулуу бала бакчанын директоруна кандай чара көрүлгөнү айтылды
Белгилер:
билим берүү башкармалыгы, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ