09:48 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Коом
Кыскача шилтеме алуу
365 0 0

Кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан келгендер. Андан кийинки орунда Россия турат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Акыркы беш жылдын ичинде 22 миңден ашуун киши кыргыз жарандыгын алды. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар экенин Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, ар жылда өлкө башчы миңдеген адамга кыргыз жарандыгын берет. 2019-жылдын эсебинен акыркы ирет 30-декабрь күнү Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 978 адам Кыргызстандын жараны болуп калды. Алардын 150гө жакыны балдар.

Мындан улам Sputnik жыл сайын Кыргызстан канча кишини бооруна тартарын билүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган. Аталган ведомство акыркы беш жыл боюнча маалымат берди.

"2015-жылдан бери 22 456 чет элдик кыргыз жарандыгына ээ болду. Булардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 пайызга жакыны этникалык кыргыздар", — деп айтылат билдирүүдө.

Таблицада көрсөтүлгөндөй, кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан келгендер. Андан кийинки орунда Россия турат.

Мындан тышкары, Белоруссия, Украина, Молдова, Пакистан, Кытай, Түркия жана Египет сыяктуу өлкөлөрдөн келгендер бар.

Кимдер кыргыз жарандыгын ала алат?

Мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон чет элдик жана жарандыгы жок адамдар кыргызстандык болуу ниетин билдирип кайрылууга укуктуу. Тиешелүү органдар анын арызын кабыл алган соң адамды иликтеп көрөт. Мыйзамга дал келбеген фактылар табылса, ага жарандык берилбейт.

Кимдер кыргыз паспортун ала албайт?

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү" мыйзамдын 16-беренесине ылайык, мурда кайсы бир өлкөдө конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет кылгандарга жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерге жарандык берилбейт. Ошондой эле башка мамлекеттерде аскер, коопсуздук жана укук коргоо органдарында кызматта тургандар да КР жараны боло алышпайт. Мындан тышкары, кыргыз паспортуна мурда Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган жана башка өлкөдө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор үмүт артпай эле койсо болот.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан баш тартып, үчүнчү өлкөнүн паспортун алып кеткен кыргызстандыктар ал мамлекеттин жараны болуп туруп деле кайра кыргыз паспортун ала алышат. Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинен билдиришкендей, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын жарандыгын алгандар бир эле маалда Кыргызстандын да жараны боло алышпайт.

Тема боюнча

Турдубаева: Кыргызстанда кош жарандуулукка уруксат берилген
Белгилер:
паспорт, жарандык, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ