БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Базар-Коргон районунун борбордук аянтына коюлган балаты жергиликтүү жашоочуларды күлкүгө салды. Тургундардын бири Sputnik Кыргызстан агенттигине балатынын жасалгалоого 100 миң сомдой акча кеткенин билдирди.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБазар-Коргон районунун борбордук аянтына коюлган балаты
Базар-Коргон районунун борбордук аянтына коюлган балаты
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Анын айтымында, эл ошончо каражатка кунарсыз балаты коюлуп калганына нааразы болуп жатат.
© Фото / Зульфия ТургуноваНовогодняя елка в районом центре Базар-Коргона
1/2
© Фото / Зульфия Тургунова
Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов быйыл жаңы жылдык жасалгалоого 88 400 сом бөлүнгөнүн билдирди
© Фото / Зульфия ТургуноваНовогодняя елка в районом центре Базар-Коргона
2/2
© Фото / Зульфия Тургунова
Ошондой эле аким балаты учурда толук жасалып бүтө электигин белгилеп өттү.
1/2
© Фото / Зульфия Тургунова
Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов быйыл жаңы жылдык жасалгалоого 88 400 сом бөлүнгөнүн билдирди
2/2
© Фото / Зульфия Тургунова
Ошондой эле аким балаты учурда толук жасалып бүтө электигин белгилеп өттү.
Ал эми Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов быйыл жаңы жылдык жасалгалоого 88 400 сом бөлүнгөнүн билдирди.
"Былтыр жаңы жылдык жасалгалоого 200 миң сом бөлүнгөн. Быйыл жергиликтүү кеңештин депутаттары "майрамды белгилебейбиз, мусулманчылыкта жок" деп акча карабай койгон. Кайра айтып жатып талаш-тартыш менен араң 100 миң сом бөлүшкөн. Анан тендер өтүп жеке ишкер 88 400 сомго утуп алган. Ал акчага баннерлер чыгарылды, балатыны жасалгалоочу каражаттар алынды", — деди Бегимкулов.
Ошондой эле аким балаты учурда толук жасалып бүтө электигин белгилеп өттү.
"Былтыр балатыга илген оюнчуктарды топ бала келип уурдап кеткен экен. Аны бирөө-жарым такай кайтарып турбайт. Ошондуктан быйыл кымбатыраак оюнчуктарды майрамдын алдында илели деп жатканбыз. Балаты дагы жасалгаланат. Бул акчага райондук администрациянын тиешеси жок. Уюштуруу иштерин Базар-Коргон айыл өкмөтү жүргүзүп жатат. Бирок биз 3-4 күн мурун толук жасалсын деп эскерткенбиз", — деди аким.
Район башчысынын билдиришинче, балатынын сөңгөгү темирден болуп, бутактарын тоодогу арчаларды кыркып келип жасашкан.