"Кумтөрдүн" дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерин 31 куткаруучу издеп жатат

Жазылуу
Компания кырсыктын чоо-жайын айтып, ушу тапта бардык иштер токтотулганын билдирген. Жоголгон кызматкерлерди табуу башкы маселе болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 31 куткаруучусу тартылган. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Эскерте кетсек, 1-декабрь күнү эртең менен эрте кендин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, түнкү сменде иштеп жаткан эки жумушчуну басып калганы айтылган. Компания кырсыктын чоо-жайын айтып, ушу тапта бардык иштер токтотулуп, издөө аракеттери көрүлүп жатканын белгилеген.

"Компаниянын эки кызматкери жоголгону боюнча маалымат 1-декабрь күнү түшкөн. Издөөгө 31 куткаруучу тартылды. Аларды министрдин орун басары, полковник Калыс Ахматов жетектөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкананын тараткан маалыматы боюнча кырсык тууралуу дароо тиешелүү органдар жана эки кишинин үй-бүлөсү кабардар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0