13:53 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Милиционер, Баткен окуясынын катышуучусу Жаныбай Кадыров

Согушкерлердин туткунунда жаткан Кадыров: тирүүлөй башымды кескилешти...

© Sputnik / Эмиль Садыров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
5715 0 0

Милиционер Жаныбай Кадыров 1999-жылы Баткенде исламчылардын колуна кандайча түшүп калганын, согушкерлер аларга кандай мамиле кылганын баяндап берди.

1999-жыл. Өзбекстан ислам кыймылы өзбек лидери Ислам Каримовдон өч алуу максатында баш көтөрөт. Алар үчүн Кыргызстан, анын ичинде Баткен коридор болуп бермек. Бирок кыргыз өкмөтү алардын талабын четке кагып койгон. Мындан улам экстремисттер Кыргызстандан бир топ адамды туткунга алат. Эгер расмий Бишкек Өзбекстанга өтүүгө жол ачып бербесе, туткунга алынгандар өлтүрүлөт деп коркутушкан. Туткунга түшкөндөрдүн ичинде генерал, Япониядан келген төрт геолог, бир нече милиционер бар эле. Милиционерлердин бири Жаныбай Кадыров исламчылардын колунда өткөргөн азаптуу күндөрүн баяндап берди.

— Окуяны баштан-аяк айтып бересизби. Согушкерлер силерди кантип кармап кетти эле?

1999-жылдын жайында Кыргызстанга басып кирген экстремисттерден азап чеккен мекендештердин баяндарын тыңдадык...
© Sputnik / Эмиль Садыров , Автандил Эркинбаев, Темирбек Токталиев, ЦГА КФФД КР, пресс-служба Генштаба ВС КР
— 1999-жылы Чоң Алай районунда паспорт столдо начальник болуп иштечүмүн. Баткенди согушкерлер басып алганда мени жергиликтүү Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Карамык постуна жөнөттү. Ишенесиздерби, колубузда жарытарлык курал деле жок болчу. Чөнтөгүндө болгону 8 патрону бар 9 милиционерди согушкерлерге эмнеге жөнөтүшкөнүн алигүнчө түшүнө албайм.

Экстремисттер кармап кеткен учур жашоомдогу эң коркунучтуу учур болуп калды. 24-август. Түн. Сыртта жамгыр жаап жаткан. Эки кишибиз алачыкта уктап, жетөөбүз сыртта сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта артыбыздан согушкерлердин жоон тобу кирип келди. Кантип келгенин байкабай да калдык. Көз ачып-жумгуча колубузду таңып, үч мүнөттүн ичинде алып кетти. Желкеме автомат менен бирөө катуу урду, ошол бойдон эсимди жоготуптурмун, көзүмдү ачсам колум таңылуу экен. Ошондон баштап көрбөгөн азапты көрдүк.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней
© Sputnik / Эмиль Садыров
Милиционер Жаныбай Кадыров 1999-жылы Баткенде исламчылардын колуна кандайча түшүп калганын, согушкерлер аларга кандай мамиле кылганын баяндап берди.

— Буга чейин маалыматтардан бир топ кордук көргөзгөн деп угуп-окуп калдык эле...

— Эрмектеп, оюнчуктай эле ойношту. 10 күн моджахеддин колунда отургандан көрө 10 жыл түрмөдө жаткан жакшы. Анткени түрмөдө качан чыгарыңды билесиң. Ал эми согушкерлердин колунда кайсы күнү өлтүрүп салат деген санаа менен жашайсың. Бир күнү буттарды өйдө каратып, башты ылдый салаңдатып бакка асып туруп, моюнга бычак такайт. Автоматты октоп туруп, оозго салат. Кетип баратсаң капталыңан, үстүңөн, бут жагыңан атат. Түн ичинде отурсаң снайпер чекеге мээлегенде ажалым келген экен деп ойлойсуң. Айтор, каалаганын кылышчу. Бир жолу бутуман ылдый каратып, арчага илип туруп башымды кескилешкен.

Кол эмес, автомат менен сабашчу. Катуу уруп туруп таштап коет. Бир жарым айга чукул таяк жедик. Күн сайын даават окуйт. Акыры ага деле көнүп бүттүк. Бир ай кеч калганда биз деле, балким, алардын катарына кошулуп кетмектирбиз деп ойлоп кетем.

Таң аткандан күн батканга чейин, уктап жатсаң деле маңдайыңда куралчан адам. Телевизор көрбөйбүз, жаңылык укпайбыз, күзгүгө көрүнбөйсүң. Же бизден кабар алган адам жок. Анан дүйнө жүзүндө деле ушундай согуш болуп жатат го деп ойлодук. Баарыбызды намазга жыгылтты. Ал тургай япондорго чейин окутушту.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней показывает фотографию
© Sputnik / Эмиль Садыров
Жаныбай Кадыров: Баткенди согушкерлер басып алганда мени Карамык постуна жөнөтүшкөн

— Генерал Анарбек Шамкеев, Япониядан келген төрт геолог да туткунда жатыптыр. Сиздер алар менен чогуу бир жерде кармалдыңарбы?

— Туткунга алынган япон чалгынчылары менен Баткенден көрүштүк. Башында тоодо жашап жүрүп, андан кийин Баткенге түштүк. Ал жактын аткана, саманканасына киргенде кычыраган беш жылдыздуу мейманканага киргендей эле болосуң. Анткени тоодо шарт өтө начар болчу. Колу-бутубуз бош коюлбайт, дайыма байлануу. Башыбызды да өйдө көтөрүүгө тыюу салышкан, уктап калган колу-бутубузду чоюп алууга аракеттенсек эле согушкерлер автомат менен жерди аткылап киришчү. Анарбек Шамкеев менен ашууларда эле жолугуп жаттык. Ошол кезде ал 52 жашта экен. Эң кыйын ашууларды ал киши аягына чейин ашты. Келбе деген муз, аябай кыйын ашуу бар. Анын кире беришинен адашсаң андан сойлоп гана чыга аласың. Генерал ошол ашууну ашып кеткен.

— Жарытарлык деле тамак ичпесеңер керек...

— Эптеген эле. Күн сайын 9 эркек кишиге эки ууч катыган нан. Аны ар бирибизге экиден нан тийгидей кылып бөлүштүрчүмүн. Эгер кимдир бирөөбүзгө чоңураак тилим тийип калса, эртеси күнү ал эң кичирээгин алчу.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней показывает удостоверение милиционера
© Sputnik / Эмиль Садыров
Жаныбай Кадыров: экстремисттер кармап кеткен учур жашоомдогу эң коркунучтуу учур болуп калды

— Кара жумушка да салдыбы?

— Токойдон отун алып, базага ташычубуз. Кээде окоп каздырчу. Бизге жаткандан көрө жумуш жасаган жакшы болчу. Жөн жатсак эле келип уруп, шылдыңдап кетишчү. Үй-бүлө, бала-чаканы ойлогондой болгон жокпуз. "10 жыл жатсак да аман чыксак болду" деп тиленип жаттык. Азыр өлтүрүп салат го деген ой күнүгө келчү. Ажатаканага бара жатканда да, азыр менин акыркы мүнөттөрүм болуш керек деп ойлойсуң. Себеби жогоруда айткандай, жаныңда дайыма автоматчан адам. Кайсы маалда ажалың жетет, билбейсиң...

Баса, дагы бир окуяны айтып берейин. 1999-жылга чейин, үч жыл мурда, паспорт столдо иштеп жүргөн убакта 4-5 өзбекти кармаган элем. Алар "мал издеп келдик" дешкен. Террорчулар деген нерсе түк ойго келген эмес. Ал кезде терроризм тууралуу милицияда маалымат аз болчу. Кармап, паспортторун алып, "мечитке жаткыла" деп жөнөткөм. Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн үчүн 100 сом айып пул салынмак. Эртеси алар качып кетиптир. Начальникке барып рапорт жаздым. Көрсө, алар издөөдөгү адамдар экен.

— Сизди кармаган террорчулардын арасында алар да бар болуп чыктыбы?

— Ооба. Ошолордун экөө мени таанып калып жатпайбы. Бирок мойнума алган жокмун. Бактым бар экен, аягына чейин шек алдырган жокмун.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кадыров: согушкерлер бутуман ылдый каратып, арчага илип туруп башымды кескилешкен

— Качалы деген ой болдубу, аракет кылдыңарбы?

— Качканга жол жок болчу. Ар кандай ой келди, бирок шарт жок эле. Анткени жаныбызда 4-5 куралчан адам, сыртта 4-5 куралчан киши кайтарып турду. Ал аз келгенсип, тоодо дүрбү салып карагандар толтура. Анан кантип качасың?

— Эми туткундан бошогон күнүңүздү баяндап бериңизчи. Бул нерсе кантип ишке ашты эле?

— Бизди туткундан чыгарууга Турсунбай Бакир уулунун салымы чоң. Ал киши Баткен окуясында аягына чейин турду. Согушкерлер менен сүйлөшүүнү эч ким жүргүзө алган эмес. Акыры Бакир уулу кыймылдын башчысы Жума Намангани менен жолугуп, бизди аман алып калды.

Эртең менен багымдат намазын окудук. Тамакты эмнегедир күндөгүдөн кенен бере баштаган. Бирок сүйлөшүү болгонун анда биле элек болчубуз. Бир убакта полковник "Турсунбай Бакир уулу келет экен, бизди кое бериши мүмкүн" деп калды. Аңгыча болбой, эки сааттан кийин эки сержантты кое беришти. Алардын артынан эки офицер, андан кийин дагы башкалар болуп отуруп аягында полковник чыкты.

Ылдыйга түшсөк моджахеди, милициясы деле аралашып жүрөт. Жылуу-Суудагы базадан Турсунбай Бакир уулу менен көрүштүк. Бошонуп чыккандан кийин биринчи эле ата-энеме барып учураштым. Андан кийин тик учак менен Бишкекке алып кетишти. Ал жактан бир сыйра дарыланып, УКМКга суракка бардык.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней с супругой
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кадыров: туткундан бошонуп чыккандан кийин биринчи эле ата-энеме барып учураштым

— Жашоого, кадимки турмушка аралашуу да оңой болбосо керек...

— Оңой эмес. Ал коркунучтуу күндөр түшүмөн кетпей, көпкө чейин коркуп жүрдүм. Дагы кайсы маалда келип кармап кетет деп түнү сыртка чыга алчу эмесмин. Ал аз келгенсип, моджахеддер каржылап жатат деп УКМКнын балдары мени эки жылдай аңдып да жүрдү. Кызматтан алышты. Бирок Турсунбай Бакир уулу биздин эч кандай күнөөбүз жок экенин далилдеп, соттон утуп чыкты. Ошол адамдын күчү менен 2002-жылы кайра жумушка кирдим. 

— Азыр кандай жашап жатасыз?

— Пенсияга чыккам, тынч эле дыйканчылык менен кыбырап оокат кылам. Мен туткунда жүргөндө ата-энем, үй-бүлөм канча деген стресс алды. Өзүм да оорукчан болуп калдым. Ушундай кыйынчылыктар башыман өтсө дагы мен Баткен окуясына катышкан адамдардын тизмесинде жокмун. Согушкерлер басып алган айылдын жашоочуларынын "Баткен окуясына катышкан" деген статусу бар, ал эми туткунда көрбөгөн азапты көргөн менде андай статус жок...

Баткен согушу тууралуу Sputnik Кыргызстан видеоинфографика даярдаган. Тасмадан ал апааттуу мезгил тууралуу кенен маалымат алууга болот.

Тема боюнча

Тозокко айланган эки жыл. Кыргызстандагы кандуу окуянын муң-кайгысы видеодо
Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу
Белгилер:
согушкер, туткун, Баткен окуясы, коогалаң, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ