00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Залкар хирург Мамбет Мамакеев 97 жашында акка моюн сундуКыргызстанда тартылган чет элдик кинолордун чыгымынын бир бөлүгү кайтарылатБалыкчыда туристтерге жардам берген борбор ачылды. Залкар хирург Мамбет Мамакеев бүгүн, 24-ноябрда, 97 жашында акка моюн сунду. Кабарды бизге дарыгердин туугандары тастыктады. Мамакеев хирург болуп 70 жылдан ашык иштеп, өмүрүнүн аягына чейин операция жасап келди. Ал Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, ондогон илимий эмгек жараткан. Медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирген.Ал 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 30 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген.
Балыкчыда туристтерге жардам берген борбор ачылганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалымдады. Билдирүүдө айтылгандай, бул Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү борбор болот. Ал туристтерге Ысык-Көлдөгү өздөрүнө ылайыктуу пансионат, тоо лыжа курортторун табууга көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, жарандарга жумуш орундары түзүлүп, экономикалык өнүгүүгө салым кошот. Борбордон коноктор пансионат, курорттук жайлар тууралуу маалыматтарды ала алышат. Анда эс алуу жайы, сувенирлер сатылган чакан дүкөн, даараткана, унаа токтотуучу орундар жана электромобилдерди кубаттоочу станциялар болот. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду мындай борборлор Түп, Теплоключенка, Тосор жана Бөкөнбаев айылдарында да ачыла турганын кошумчалады.
Кыргызстанда тартылган чет элдик кинолордун чыгымынын бир бөлүгү кайтарылат. Бул тууралуу "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө Cash Rebate программасы ишке кирип жатат. "Программа чет элдик киностудиялар үчүн тартуу чыгымдарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Максаты —чет элдик инвестицияларды тартуу, улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана экономиканы чыңдоо", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле демилге өлкөнү эл аралык кино тартуу үчүн жагымдуу жайга айлантып, жумуш орундарын түзүүгө жана туристтерди тартууга шарт түзөрү кошумчаланган.
Израилдин Ливандын борбору Бейрутка урган соккусунан 11 адам каза таап, 23 киши жарадар болгонун Sky News агенттиги кабарлады. Израилдин 23-ноябрда таңга маал Бейрутка урган соккусуцнан Баста кичи районундагы сегиз кабаттуу турак жай толугу менен талкаланган. Ливандын Al Jadeed телеканалы тараткан кадрларда кеминде бир имарат талкаланып, анын айланасында дагы бир нече имараттар катуу жабыркаганын көрүүгө болот. Израиль армиясы бул аптада чабуул алдында жергиликтүү тургундарды эвакуациялоону эскертпестен төртунчү ирет сокку урган. Кеминде төрт бомба ташталганын Reuters агенттиги кабарлады. Жардыруулар таңкы саат 4тө болгон. Израиль Бейруттун түштүк четиндеги аба соккуларынан «Хезболланын» бир нече лидерин өлтүргөнун кабарлады. Израилдин аскерлери сентябрда ири чабуул баштагандан кийин Ливандын түштүгүндө Израил менен Хезболланын ортосундагы айыгышкан салгылашуулар уланууда.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 50 тыйынга евро 90 сом 34 тыйынга рубль 85 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 25-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 25-ноябрда түнкүсүн жана таң эрте айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 25-ноябрь, дүйшөмбүдө республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +9...+19, Талас, Ысык-Көл аймактарында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Нарын жергесинде 0...+5 градуска чейин жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0