Кайын журтума "чындыкты айткылачы" дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовВдова полковника Октября Рыскулбекова, участника баткенских событий Анара Усенбекова
Вдова полковника Октября Рыскулбекова, участника баткенских событий Анара Усенбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анара Усенбекова ыйлабайын деп канчалык тырышканы менен бир убакта кармана албай калды. Жолдошу каза болгонунан бери беш жыл өтсө да, каргашалуу ошол күндү көзүнө жаш алмайын эстей албайт...

Анара папкадан саргарган эки гезитти аяр алып чыкты. Анда Баткен апаатынын катышуучусу, полковник жолдошу Октябрь Рыскулбеков тууралуу жазылган макалалар жарыяланган. Сүрөттөрдүн биринде аскер колго түшкөн согушкерди алдына салып алып баратат. Маектешим: "Көрдүңүзбү, кандай киши эле! Кабинеттерде отуруп албай, кан күйгөн жердин баарына барган", — дейт сыймыктана. Анара 42 жашында жесир калган. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАнара папкадан саргарган эки гезитти аяр алып чыкты. Анда Баткен апаатынын катышуучусу, полковник жолдошу Октябрь Рыскулбеков тууралуу жазылган макалалар жарыяланган.
Кайын журтума чындыкты айткылачы дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек - Sputnik Кыргызстан
Анара папкадан саргарган эки гезитти аяр алып чыкты. Анда Баткен апаатынын катышуучусу, полковник жолдошу Октябрь Рыскулбеков тууралуу жазылган макалалар жарыяланган.

— Алгач ирет болочок жолдошуңузду качан кезиктирдиңиз эле?

— 1997-жыл болчу, 26 жашка толгон убагым. Аскердик ансамблдин курамында элем, Октябрды жаңы жылдык офицердик кечеде көрдүм. Жолукканыбыз ошол болду, кийин эч байланышпадык. Туура бир жыл өткөн соң кайрадан кезиктик. Ошондон кийин эч айрылбадык.

Террорчулар кыргыз айылдарын  кантип басып алышкан - Sputnik Кыргызстан
Тозокко айланган эки жыл. Кыргызстандагы кандуу окуянын муң-кайгысы видеодо
Башта мамилебизди түшүнө алчу эмесмин. Сүйлөшүп жүрдүк, баары сонун, анан эле эки-үч ай жоголуп кетет. Кайтканында иш сапарда болгонун айтып түшүндүрөт. Аскер кызматкери да, айла канча?..

1999-жылы Баткен окуясы башталып, Октябрь да жөнөп кетти. Кээде Бишкекке эки-үч күнгө келип, күтүүсүздөн сүйүнтчү мени. Дароо мени көрүүгө ашыгып келет, анан гана үйүнө барчу.

Башынан кандай мүшкүл өткөнүн кийин гана угуп жүрбөйүмбү! Бир жолу өлүмдөн калган экен: анын отряды тоодо тузакка кабылат. Чар тарабынан аткылашат, Октябрь бир аз чегинип алсын деп өз балдарын октон калкалоону чечет. Автоматын алдыга сунуп аткылай секирет. Алдыда жар, эмне бар экенин эч ойлонбой туруп секирип кеткен экен. Кудай жалгап жардан нары дайра агат... Октябрь отрядга 12 сааттан кийин кайтат. "Биз сени тирүү көрүүдөн түңүлүп калган элек" дешет жолдоштору. Анын ошол кадамынан улам отряд тузактан кутулган экен. 

© Фото / из личного архива Анары УсенбековойУсенбекова: үйлөнгөндөн жарым жылдан кийин абалым начарлап, ичим эле ооруй берди. Көрсө, биздин ымыркайга үч аптадан ашыптыр
Кайын журтума чындыкты айткылачы дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек - Sputnik Кыргызстан
Усенбекова: үйлөнгөндөн жарым жылдан кийин абалым начарлап, ичим эле ооруй берди. Көрсө, биздин ымыркайга үч аптадан ашыптыр

— Сиз дагы ошол каргашалуу күндөрү Баткенге барып келген турбайсызбы?

— Ооба, ансамблибиз менен баргам. Биздин балдар жоготууга учурап, көңүлдөрү чөгүп турган кези эле. Жаңырган ырлардан, аялзатынын добушунан жоокерлердин маанайы көтөрүлгөнүн айтпаңыз... Биз "Ала-Тоону", "Сен дегенде" деген ырларды создук, мен комуз черттим. Балдардын жүздөрү жаркылдай түштү, үйлөрү, жакындары баарынын эсине түштү өңдөнөт. Кызуу кол чаап, колдоп жатышты.

Октябрь кечке жуук келди. "Сени көрүш үчүн жарым күн тоо араладым" деди ал. Опкоолжуй түштүм.

— Биздин жоокерлер согушкерлерди Кыргызстандан кубалап чыкканында кандай сезимдерге кабылдыңыз?

— Оор жүктөн арылгандай болдум. Октябрь эми өмүрүн тобокелге салбайт дедим! Бирок үйлөнүүгө шашылбады, жумушу толук кандуу үй-бүлө курууга жол бербейт деп чочулады окшойт. Чындап эле иш сапарга көп чыкчу, келип эле кайра жол тартууга аргасыз болчу.

2001-жылы баары башкача нукка бурулду, кыскартууга кабылып, жумушсуз калдым. Сыртка иштеп келүүнү чечтим. Аны уккан Октябрь "Кайда барасың? Андай болбойт" деп жандана түштү. Ошентип баш кошууну сунуштаган. 

© Фото / из личного архива Анары УсенбековойУсенбекова: жолдошум уулун алгач ирет колуна алганда кубанганынан ыйлап жиберген
Кайын журтума чындыкты айткылачы дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек - Sputnik Кыргызстан
Усенбекова: жолдошум уулун алгач ирет колуна алганда кубанганынан ыйлап жиберген

— Бактылуу турмуш кечирдиңиздерби?

— Ооба, биз бири-бирибизге чындап ашык элек. Үйлөнгөндөн жарым жылдан кийин абалым начарлап, ичим эле ооруй берди. Врач гастроскопиядан өткөрүп, баары жайында экенин айтты. "Эмнеге анда мынчалык оорутат?" деп сурадым мен. Ийнин куушуруп койду. Оорукананын далисине чыксам, маңдайымда УЗИ кабинети турат. Ушул жакка киришим керек эмеспи деген ой келди дароо. Көрсө, биздин ымыркайга үч аптадан ашыптыр. Врач колума кош бойлуусуң деген маалымкатты карматты.

Ветеран афганской войны, полковник Орозбай Колубаев  - Sputnik Кыргызстан
Беттери жок калгыча атылган төрт кишини бир унаадан тапканбыз. Аскердин маеги
Кечинде жолдошум жумуштан келгенде ага сүйүнүчтүү кабарды кантип айтарымды билбей, ичим уйгу-туйгу. Акыры чыгынып туруп "Мен врачка көрүнүп келдим" дедим да, маалымкатты акырын узаттым. Октябрь аны карап туруп, унчукпай калды. "Чындап эле айтар кебиң жокпу? Кубанган жоксуңбу?" – деп таңгалдым. "Албетте, сүйүндүм" деп койду. Бүттү, башка үн катпады. Негизи Октябрь сезимдерин эч качан ачык билдирчү эмес, аябай токтоо, оор басырыктуу киши эле.

Бирок уулун алгач ирет колуна алганда кубанганынан ыйлап жиберген. Ымыркайды аяр кармап, ыйлап жатты... Биз ушунчалык бактылуу болчубуз! Уулубузду бирге жуунтууну адатка айлантканбыз. Адегенде Октябрь "Мен билбейм да!" деп чочулайт. "Эч нерсе эмес, үйрөнөсүң. Жөн эле кармап турасың, болду. Өз чүрпөңдү кармап турган бакыт да", — деп мен моюн бербейм. 

© Фото / из личного архива Анары УсенбековойОктябрь болочок жарынын концертине келиш үчүн жарым күн тоо аралап баскан
Кайын журтума чындыкты айткылачы дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек - Sputnik Кыргызстан
Октябрь болочок жарынын концертине келиш үчүн жарым күн тоо аралап баскан

— Жолдошуңуз эмне болуп каза болду?

— Беш жыл мурун, 2014-жылдын март айында, андан ажырап калдым. Октябрь лыжа тепкенди аябай жактырчу, өлкөнүн бардык тоолорун кыдырып чыкты го. Уулубуз да лыжага кызыгат.

Каргашалуу күндөн бир топ күн мурун бутун сындырып алган. "Барбай эле койчу, март болуп калды, кар эрип кетти да" дегениме көнбөй, "Акыркы жолу барайын, анан бүттү. Сезонду жаап келейин да", – деп жалгыз кетип калган. Айтканындай эле Октябрь ошондо акыркы ирет тоого барыптыр…

Ал кеткенден көп өтпөй эле эжеси "Октябрь тоодон кулап кетиптир, түшүрө албай жатышат" деп телефон чалды. Толук эч нерсе айтпады! Күйөөмө телефон чала бердим, жооп жок. Анан туугандары кайра чалышты. Ооруканага келбей эле Октябрдын ата-энесиникине барышымды айтышты. Эч кимиси эч нерсе түшүндүргөн жок. Ооруканага жатат деп кийимдерин салып алганымчы...

История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Биз жыртык өтүк, согушкерлер Аdidas кийип жүрчү... Баткен жоокерлеринин маеги
Кайын журтумдукуна жөнөдүм, бардык туугандар чогулуп калыптыр. Учурашып эле көздөрүн ала качып, унчукпай тим болушат... "Күйөөм кана?" – деп туталандым. Ошондо эжеси: "Ажырап калдык андан", – деди араң сүйлөй. Түшүнүп-түшүнө албай "Кантип?" дейм. Анан: "Эмнеге алдайсыңар? Кана Октябрь? Ал тирүү! Тирүү!" — деп кыйкырдым. Баары ыйлап жатышат, ошондо чындап эле жолдошумдун арабыздан кеткенин аңдадым. Күйүттөн чаңырып жибердим. Көөдөнүм бопбош... Таптакыр бош.

Азыркыга дейре эмнеге ушундай болуп калганына түк түшүнө албайм. Ааламда начар адамдар толтура, бирок эмнеге менин күйөөм каза болду? Пландары ушунчалык көп эле... Уулубуз ошондон бир жумадан кийин 12ге толмок, Октябрь ага бардык туугандарды чакырып, туулган күнүн өткөрүүгө убада кылган...

Врачтар анын тоодо инфарктка кабылганын айтышты. Алардын сөзү боюнча жолдошум өзүн дегеле аябаптыр. Жумушу нервди талап кылчу, кофени көп ичип, тамеки да чекчү. Кыргызда дайым той, куран окутмай, мааракелер арбын эмеспи... Октябрь эч бирине барчу эмес. "Иштен сурана албайм" деген так кесе жообу даяр болчу. Кайнатам, кайненемди ээрчип аш-тойлорго мен барчумун.

Жолдошумду жерге берип жатканда айрым туугандар ата-энесине "Мындай уулуңар бар экенин билбеппиз" дешкен. Себеби Октябрды оркестр, ардак кароол менен узатып, медаль, ордендеринин ар бирин өзүнчө алып өтүшкөн... Эң жакын адамым ушинтип көз ачып-жумганча арабыздан кетип калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыркыга дейре ишене албайм, убакыт деле дарылай албай келет. Операциядан кийинки калган тырыктай эле өмүр бою ооруйт тура. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовУсенбекова: жолдошум арабыздан кеткенин түшүнгөндө күйүттөн чаңырып жибердим. Көөдөнүм бопбош... Таптакыр бош
Кайын журтума чындыкты айткылачы дей бердим... Баткен жоокеринин жесири менен маек - Sputnik Кыргызстан
Усенбекова: жолдошум арабыздан кеткенин түшүнгөндө күйүттөн чаңырып жибердим. Көөдөнүм бопбош... Таптакыр бош

— Азаны кантип көтөрдүңүз?

— Алгачкы күндөрү үйүбүзгө да кире албай жүрдүм. Уулумду коркутпаш үчүн белди бекем буудум. Кечки тамагын берип, уктатып коюп, ал укпасын деп жаздык кучактап боздоп алам. Төркүнүм аябай колдоду мени, апам, сиңдим жанымдан жылышкан жок. Алар болбосо кайгыны кантип көтөрмөкмүн, билбейм.

Эч кимге эч качан чабалдыгымды көрсөткүм келчү эмес. Тегерегимдегилердин баары "Аябай күчтүүсүң сен!" дешчү. Албетте, күчтүүмүн... Күчтүү болуштан башка аргам барбы? Эми уулума апа гана тургай, атанын да ордун бастым. Атасына куюп койгондой окшош! Көз айнек тагынып, компьютерге отурганда тим эле өзү!..

Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн... Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн... Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү
Бул жарыкта кандай адамдар менен замандаш болгонун жаштар билип жүрсүн деп Баткен согушуна катышкандарды эскерип, элесине таазим этип, ар кандай кечелерди уюштуруп турабыз.

Жолдошум бүт өмүрүн мекенге арнаган. Россия, Казакстанга жумушка чакырышканда да ал баш тартып койчу. Андайда мен аны: "Койчу эми! Кел, жок дегенде бир аз иштеп кел", – деп кулак-мээсин жейм. Октябрь: "Ал акчанын не кереги бар мага? Бул жактан аз алсам да, үйүмдөмүн. Мен кетип калсам, башкалар кетсе, ким иштейт анда?" – деп кесе жооп берип койчу. Өзүн Кыргызстансыз элестете да алчу эмес...

Баткен согушу кандай башталып аяктаганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0