https://sputnik.kg/20241124/1090379842.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
23-ноябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун... 24.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-24T14:59+0600
2024-11-24T14:59+0600
2024-11-24T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/18/1090379710_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8c0a522f54f20a5da3edd29f25c00b00.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
23-ноябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыгарылган. Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи.
Электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаров 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөгө электрондук чылым ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган. Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат. Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу келерки жылдын жаз айында ишке берилери маалым болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Базаралиевдин айтымында, аталаган жолдун курулуш иштери 99% бүткөн. Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы, аталган өлкөнүн Лондондогу элчиси Валерий Залужный НАТО азыркы абалында Россия менен согушууга даяр эмес деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Залужный буга уюмдагы мамлекеттердин ракета жана дрон топтомдорун Россиянын аскердик-өндүрүштүк комплекси менен салыштырууга болбойт деген жүйө келтирген. "Суроо: бүгүнкү күндө НАТОдогу өлкөлөрдүн кайсынысы 2000дей чабуулдун мизин кайтарганга даяр? Мен азыр Украина кабылган ракеталардын санын айта албайм. Бирок ишенип коюңуз, андай санга эч ким жооп кыла албайт. Ал эми согуштун жүрүшүндө ал дагы көбөйөт. Ушул ай ичинде эле 3000ге чейин жетүүдө", — деген Залужный "Украинская правда" басылмасына курган
23-ноябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыгарылган. Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи. Электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Садыр Жапаров 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган тиешелүү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөгө электрондук чылым ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом айып каралган. Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат. Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу келерки жылдын жаз айында ишке берилери маалым болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Базаралиевдин айтымында, аталаган жолдун курулуш иштери 99% бүткөн. Эске салсак, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ишке берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы командачысы, аталган өлкөнүн Лондондогу элчиси Валерий Залужный НАТО азыркы абалында Россия менен согушууга даяр эмес деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Залужный буга уюмдагы мамлекеттердин ракета жана дрон топтомдорун Россиянын аскердик-өндүрүштүк комплекси менен салыштырууга болбойт деген жүйө келтирген. "Суроо: бүгүнкү күндө НАТОдогу өлкөлөрдүн кайсынысы 2000дей чабуулдун мизин кайтарганга даяр? Мен азыр Украина кабылган ракеталардын санын айта албайм. Бирок ишенип коюңуз, андай санга эч ким жооп кыла албайт. Ал эми согуштун жүрүшүндө ал дагы көбөйөт. Ушул ай ичинде эле 3000ге чейин жетүүдө", — деген Залужный "Украинская правда" басылмасына курган
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/18/1090379710_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3339f3fd7688f9a7d185432c3884107a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио