00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыймылсыз мүлккө салык төлөөчүлөр көбөйүшү ыктымалРоссиянын элчиси кыргызстандык журналисттер менен жолуктуАкылбек Жапаров баш болгон бир катар аткаминерлерге президент сөгүш жарыяладыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө буга Билим берүү министрлиги тарабынан мугалимдерге сапатсыз ноутбуктарды сатып алуу негиз болгону айтылды. Сөгүш алган аткаминерлер: министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров; минкаб төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов; билим берүү министри — Догдуркүл Кендирбаева; билим берүү министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары — Лира Самыкбаева; Президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары Жипариса Рысбекова жана тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков. Буга чейин мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо үчүн бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнү айтылган. План боюнча, жыл соңуна чейин окутуучулардын 50 пайызы, 2025-окуу жылында 100 пайызы ноутбук менен камсыздалмак.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов кыргызстандык ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолукту. Иш-чаранын алкагында дипломат эки тараптуу мамилелер боюнча суроолорго жооп берген. Мисалы, журналисттерди антироссиялык санкциялар, эки өлкөнүн банк системасындагы өз ара мамилелер кызыктырды. Вакунов Кыргызстандын бир катар банктары SWIFT системасынан чыгып калбаш үчүн операцияларды токтотууга аргасыз болгонун белгиледи. "Кыргызстандын бир катар банктары Батыштын санкциясына тушуккан россиялык банктар менен өз ара операцияларын жүргүзбөй калганына карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү бир топ өстү", — деген дипломат. Ал бир катар мамлекеттер, анын ичинен Борбор Азиянын өлкөлөрү дайыма эле мыйзамсыз санкцияга карап кылчактап турууга мүмкүн эмес деген пикирде болуп жатканын белгилеген.
Кыймылсыз мүлккө салык төлөөчүлөр көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте белгилүү болду. Жыйында Салык кодексине өзгөртүүлөр каралды. Депутат Данияр Төлөнов кыймылсыз мүлккө салык мындан ары 120 чарчы метрден жогору болгон үйлөргө дагы төлөнөрүн билдирген кайрылуу келгенин билдирди. Анын айтымында, учурдагы Салык кодексинде батирлер 80, жеке үйлөр 150 чарчы метрден жогору болгондо кыймылсыз мүлккө салык төлөнөт. Салык кызматы сунуштап жаткан өзгөртүү боюнча, эми жеке үйлөр 120 чарчы метрден баштап салык төлөмөкчү. Депутат мунун себебин сураганда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов өлкөдөгү үйлөрдүн орточо аянты 122 чарчы метр экени аныкталганын айтты.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 50 тыйынга евро 90 сом 34 тыйынга рубль 85 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ26-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 26-ноябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +11...+16, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +8...+10 ,Ош шаарында +14...+16 градуска чейин жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0