00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Молдомуса Конгантиевдин аты көчөгө эмне үчүн берилди. Бийликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конуштагы көчөлөргө Молдомуса Конгантиев менен кошо Ички иштер министрлигинин дагы үч генералынын ысымы коюлган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары Эмил Чакибаев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары "Конгантиевдин кайсы эмгеги үчүн көчөгө ысымы берилди?" деген таризде талкуу жаратышкан.

Акимдин орун басарынын айтымында, өткөн жылы жергиликтүү жашоочулар чогулуш өткөрүп, көчөлөрдүн атын өзгөртүүнү суранышкан. Мындан улам Көк-Жар айылдык кеңеши 2018-жылдын 5-октябрында токтом чыгарган.

"Конуштагы көчөлөрдү ар ким ар кандай атап жүрөт. Негизи ал жерде көбүнчө милиционерлер жашайт. Буга байланыштуу көчөлөргө ИИМдин белгилүү генералдары Жусуп Акматов, Темиркан Субанов, Чыныбек Алиев жана Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды. Конгантиев өзү кайрылып, атын берүүнү суранган эмес", — деди Чакибаев.

Буга чейин аталган конуштагы көчөлөрдүн аты болгон эмес. Башкы план боюнча 1-көчө, 2-көчө деп ирети менен аталып калган.

"Географиялык объектилерди атоо, аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо төмөндөгүдөй:

Географиялык объектилердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө тике катышкандардын ысымдары, ошондой эле чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн, мамлекет алдында эмгеги сиңген дагы башка кишилердин ысымы шаарларды, шаарчаларды, дагы башка калктуу конуштарды эске албаганда, аты жок географиялык объектилерге өзгөчө учурларда ыйгарылса болот.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кайсы бир адамга эстелик орнотууга, көчөгө, музейге жана башка объектилерге ысымын ыйгарууга каза болгондон беш жыл өткөндөн кийин уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы Апрель коогалаңына чейин ички иштер министри болуп эмгектенген. Ал Таласта бийликке каршы чогулган эл тарабынан катуу сабалган.

Конгантиевге карата Апрель окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана шалаакылык беренелери боюнча айыпталган. Бирок ушул жылдын июль айында Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөсүз деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0