https://sputnik.kg/20191012/umtul-orozova-dujno-saldy-1045947691.html
Белгилүү телережиссер Умтул Орозова дүйнө салды
Белгилүү телережиссер Умтул Орозова дүйнө салды
Sputnik Кыргызстан
Ал - кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун кызы. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура... 12.10.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-10-12T11:25+0600
2019-10-12T11:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104594/75/1045947522_0:30:1000:596_1920x0_80_0_0_43262c922c5e92a70ffd41c3ae6f0620.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104594/75/1045947522_9:0:957:596_1920x0_80_0_0_854e07a48e60960d7380dc1f6a3352c2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан
жаңылыктар, коом, кыргызстан
Белгилүү телережиссер Умтул Орозова дүйнө салды
11:25 12.10.2019 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ал - кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун кызы. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун "Комсомольская Правда" газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп эмгектенген. 1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.