Ардагер журналист Кемел Тойбаев дүйнө салды

Жазылуу
Тойбаев "Советтик Кыргызстан" гезитинде жооптуу катчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 22-августка караган түнү ардегер журналист Кемел Тойбаев 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады.

Тойбаев 1928-жылы Чүй районунун Талды-Булак айылында туулган. Эмгек жолунун басымдуу бөлүгү "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде өткөн. Ал гезитте жооптуу катчы, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Маркумдун сөөгү 24-август күнү туулуп-өскөн айылы Талды-Булакта жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0