Адвокат: Атамбаев тергөөнүн бир дагы суроосуна жооп берген жок

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЗаседание Высшего Евразийского экономического совета на уровне глав государств (ВЕЭС)
Заседание Высшего Евразийского экономического совета на уровне глав государств (ВЕЭС) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 14 айып тагылууда.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык соту көчмө жыйында мурдагы президенттин адвокаттарынын аппеляциясын карады. Алар Атамбаевди кое берүүнү талап кылган. Бирок шаардык сот баш коргоо чарасын өзгөртпөстөн калтырды

"Алмазбек Атамбаев тергөө башталгандан бери ага карата тагылган айыптар боюнча суроолордун бирине дагы жооп берген жок. Себеби — ага карата жасалган аракеттер мыйзамсыз. Ал коргонуунун ушул линиясын тандап алды, биз анын чечимин колдойбуз", — деди Жоошев.

Жалпы жонунан Атамбаевге 14 айып коюлууда.

Кой-Таштагы окуя

Судебное заседание по мере пресечения в отношении бывшего президента Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Раиса Атамбаева: бүгүн мага да кылмыш иши козголгону жатат
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече тарапташы да кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0