БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Суусамырдагы Көкөмерен суусуна үй-бүлө мүчөлөрү менен түшүп кетип каза болгон Молдакун Абдылдаевдин зыйнатын уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Молдакун Абдылдаев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келген. Ага чейин президенттин жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.
Маркумдун зыйнаты кайда өтөөрү боюнча кошумча маалымат берилет.
Эскерте кетсек, кырсык 30-июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. Маалыматта унаа ичинде беш киши (үй ээси, жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочу) болгону айтылган.
Издөө иштеринин жыйынтыгында 2-июлда Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү табылган.