09:33 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
943 0 0

Эми шаардык кеңештин депутаттары мэриянын долбоору боюнча чечим кабыл алышы керек.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек мэриясы акы алынуучу автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана жөнгө салуу тартибин иштеп чыкты.

Муниципалитеттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, мэрия токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешке сунуштады. Анда Бишкектин аймагын төрт зонага бөлүү сунушу да бар. Акча алынчу автоунаа токтотуучу жайларды кимдер иштете турганы аукцион аркылуу тандалат.

Биринчи зонадагы унаа токтотуучу жай Жаш Гвардия — Фрунзе — Ибраимов — Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта болуп, алгачкы сааты 30 сом болсо, андан кийинки ар бир саат үчүн 10 сомдон кошулат.

Экинчи зона деп Жибек Жолу, Сүйүмбаев, Юнусалиев — Ахунбаев — Бакаев — Толстой — Фучик көчөлөрүнүн чектешкен аймагы белгиленди. Бул жерде алгачкы биринчи сааты 20 сом болсо, андан кийинки сааттарга 10 сомдон кошулуп турат.

Үчүнчү зонага Чоң Чүй каналы, Курманжан датка — Шабдан баатыр — Ахунбаев — Каралаев көчөлөрүнүн төрт бурчтугу жана 12-кичирайон, Токомбаев — Масалиев — Жайыл баатыр —Чортеков — Муромск — Гагарин — Алыкулов, Лущихин – Фрунзе — Садыгалиев, Дэн Сяопин, Лумумба, Профсоюз, Фучик көчөлөрүнүн чектешкен аймагы кирген. Бул жерде автоунаа токтотконуңуз үчүн биринчи саатта 15 сом төлөсөңүз, андан ашык токтоткон ар бир саатка 10 сомдон кошуп турасыз.

Ал эми төртүнчү зона жогорку аймактардан тышкаркы бардык жерди камтып, саатына 10 сомдон акы төлөө каралган.

Тема боюнча

Жумашев: акы алынчу унаа токтотмолору транспорт маселесин жоёт
Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордон Бишкек канча пайда көрөт
Белгилер:
унаа токтотуучу жай, унаа, тариф, Бишкек мэриясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ