"Коопсуз шаардын" айып пулу төмөндөтүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн тапшырмасы

© Sputnik / Табылды КадырбековОплата автомобильного штрафа в КР
Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жол эрежесинин бузулганы үчүн салынган айып пулдун көлөмү чоң болуп калганын айтып, аны азайтуу керектиги боюнча маселе көтөрүшкөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда айып пулдарды азайтуу маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, айып пулдардын көлөмү элдин социалдык абалын эске албай туруп белгиленип калганын Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин бир нече ирет айтышкан.

"Коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен Абылгазиев жумушчу топко учурдагы айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Введение ОСАГО в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулар 70 млн. сом айыпка жыгылган. "Коопсуз шаардын" үч айда чогулган акчасы
Премьер-министрдин айтымында, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек. Абылгазиев, андан сырткары, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашырууда борбор калаадагы тажрыйбанын бардык жыйынтыктары эске алынарын белгиледи.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке аша баштагандан бери жалпысынан жол эрежесинин бузулушу боюнча 108 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5 пайызы төлөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0