23:49 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Башкы кардиохирургу, профессор, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы Калдарбек Абдраманов

Оорукчан элем, атам желкесине көтөрүп бакты. Кардиохирург Абдрамановдун айылга каты

Предоставлено Калдарбеком Абдрамановым
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (72)
2279 0 0

Бул сапар айылга катты өлкөнүн башкы кардиохирургу, профессор, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы Калдарбек Абдраманов жазды.

Жүрөк дарыгери 1955-жылы 27-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулуп, Мундузда жашаган.

Балалыгым өткөн ата-энемдин ээн калган эски тамынан кабар ала албай, көр оокат менен кызматка алаксып, убакыт таап сага бара албай жүргөнүм үчүн баш ийип кечирим сурайм, айылым!

Айыл десе көзүмө балалык тартылат. Пахтазарды аралай башына бешикте жаткан бир жашар карындашымды көтөрүп, мени колуна жетелеп, алты жашар агамды артынан ээрчитип бараткан апам Жибек менен китеп-кагазга толгон сумкасын колтуктап, мектепке ишине бараткан салабаттуу, шыңга бойлуу атам Алишердин элеси келет. Алдынан чыксам мээримин төгө "Айтолкун байбиченин эрке небереси" деп башыман сылаган чоң ата, чоң энелер, абалар, агалар, аяш энелер, эжелер, баарыңар жадымдасыңар. Мен бул адамдар жок сени элестете албайм, айылым. 

Детство доктора медицинских наук, кардиохирурга Калдарбека Абдраманова
© Фото / из личного архива Калдарбека Абдраманова
Башкы кардиохирургу, профессор, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы Калдарбек Абдраманов: айыл десе көзүмө балалык тартылат

Базар-Коргондун Акман айылында туулдум. Мен бир жашка чыкканда Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Мундуз айылына көчүптүрбүз. Атам тарых сабагынан мугалим эле, апам бизди карап үйдө болду. Мен алты-жети жашка чейин өз апам ким экенин билген эмесмин. Бир үйдө жашасак дагы, чоң энеме бөтөнчө жакын болдум. Тогуз бир тууганым удаа төрөлгөндүктөн мени чоң энем Айтолкун бакты.

Лирик акын Кыялбек Урмамбетовдун архивдик сүрөтү
© Фото / из личного архива Кыялбека Урмамбетова
Чоң энемдин төркүнү Жалал-Абаддын Ак-Баш айылында эле. Ал киши бул жакка көп каттап, мени да ээрчитип алчу. Автобус менен Турпак-Белден түшүп калып андан ары жөө кетчүбүз. Зерикпесин десе керек, көп нерселерди божурап берчү. Жолдо баратып талаага дары чачкан "кукурузник" учактарын көрчүбүз. Энем өзүнүн арманын эскерип калчу. Көрсө атам Жалал-Абад педтехникумун аяктап Россиядагы авиациялык окуу жайга документин тапшырат. Экзаменден өтүп, окууга кетейин деп поездге билетин алып, сумкасын камдап жатса, энем "кетсең топурагымды түйүп берем" дейт. Атам жалгыз уул эле, келбей коёт деп корксо керек. "Ошондо жаңылыптырмын, эми атаң учкуч боло албады, сен болосуң" дечү. Мени ошол багытка бала кезден эле буруп койгон экен. Кийин мен 1-класска барганда энемдин көзү өтүп кетти. Ал күн алигиче эсимде, мага чоң сокку болгон. Өлүм эмне экенин ошондо түшүнгөм. Ал кезде оюнкараак, дүйнөнү жаңы тааныган бала кез, убакыттын өтүшү менен чоң энемди унутуп, апама жакындай баштадым. 

Детство доктора медицинских наук, кардиохирурга Калдарбека Абдраманова
© Фото / из личного архива Калдарбека Абдраманова
Калдарбек Абдраманов: мен 1-класска барганда энемдин көзү өтүп кетти. Ал күн алигиче эсимде, мага чоң сокку болгон. Өлүм эмне экенин ошондо түшүнгөм.

Атам мугалим болгондуктан туура тарбия берсе керек. Жумуш кылдырганда баланын алы жетпегендей, ашыкча жасатчу эмес. Өзү көп жасап, "карап тургула" деп көрсөтчү. Азыркы балдар менен көп салыштырам, биз өтө кыймылдуу болгон экенбиз. Үйдө отурмай жок эле. Ал учурда коммунисттик тарбия да, балдарда дагы эрк, мамиле, ынтымак күч эле. Футбол боюнча жакынкы айылдын балдары менен турнирлер өткөрүлүп, жарыштар уюштурулчу.

Бир туугандарымдын бардыгы жакшы окудук. Атам ар бирибизди "сабак аткардыңбы" деп сурабаса да, көзөмөлдү ичибизден сезчүбүз. Үйдө жазылбаган, айтылбаган графиктер бар эле. Кышында мешке отунду жагып, атам жасап берген кичинекей отургучтарга тизилип отуруп алып китеп окучубуз.

Мектепте окуп жүргөндө көп оорудум. Атам желкесине көтөрүп жүрчү, себеби бир бутум менен бир колум кыймылдабай, баспай калгам. Алгач туберкулез диспансерине жаткырышты. Жалал-Абаддагы балдар диспансеринин ар бир бурчу азыркыга чейин тааныш. Ушул жакта жатып, канча деген китеп окудум. Кийин Шакафтардагы санаторийге которушту. Ал жактагы хирург Күмүшай эже "бул балага туберкулез деп дарыларды берип жөн эле кыйнап жатасыңар. Мында нерв шишиги (опухоль) бар" деди. Айткандай эле аны эки жолку операция менен алышты. Анан эле айыгып кеттим. Мен дагы деле учкуч болушум керек деп жүрөм, бирок дарыгерлердин иши да жага баштады. "Канча деген кишиге жардам берип айыктырат турбайбы" деп кызыгып жүрдүм. Ак халатчандар мени көп кыймылда дешкен. Өзүм да жаным жай албаган шок бала элем. Кудай оңунан берди. Топтун сазайын берип, футболдон чыкпай калдым. 

Детство доктора медицинских наук, кардиохирурга Калдарбека Абдраманова
© Фото / из личного архива Калдарбека Абдраманова
Калдарбек Абдраманов: атам мугалим болгондуктан туура тарбия берсе керек

Мектепти бүтөөрдө Россиянын окуу жайларынан келип экзамен алышты. "Атамдын тилегин ишке ашырам, учкуч болом" деп Саратов учкучтар окуу жайына даярдандым. №286 деген медициналык справка талап кылышты. Ошол жерден бир агайым "сен операция болгонсуң, кабыл алышпайт" деди. Сурасак чын эле жаракат алган, операция болгондорду алышпайт экен. Ошентип, атам экөөбүздүн тагдырыбыз кайталанып, учкуч болбой калдык. Анан атам "өзүң ооруп жүрдүң, мединститутка тапшыр" дейт. Мени болсо спорт, өзгөчө футбол кызыктырат. Боксту да жакшы көрчүмүн. Документтеримди көтөрүп Фрунзеге кеттим. Барып Дене тарбия институтунун спорт факультетине тапшырдым. Легендарлуу "Алга" командасынын курамына кирүү, андагы атактуу оюнчу Алмаз Чокморов менен бирге жүрүүнү эңсеп, элестетип алгам. Талаптары катуу экен, бирок баарынан өттүм. Документ кабыл алуу аяктаарына эки күн калганда атам келип, кайсы окууга тапшырганымды сурады. "Сынаксыз өткөнү жатам, бардык талаптарын аткардым, спортфакка окуйм" деп кубанып алгам. Атам негизи аз сүйлөгөн киши эле. Бирок ошондо мага бир ачылып сүйлөп, эң туура багыт берген экен. "Мен учкуч болом деп болбой калдым. Сага да ден соолугуңа байланыштуу буйрубады. Эми орто жолдо футболчу болосуңбу? Сен Мединститутта окуп деле спорт менен машыксаң болот, "Алгада" ойносоң болот. Бирок спортфакты бүтүрсөң ал кесип эмес, ал эми дарыгер болсоң адис болосуң" деди. Ошентип медицина тармагына бармай болуп, экзаменден өттүм, бирок сынак боюнча баллым жетпей калды.

Анан окууга өтпөй калып айылга келдим. Трактордун айдоочусуна жардамчы болдум, тоңдурма айдадык, жаз келип малаладык. Антип-минтип май болуп, армияга чакыруу келе баштады. Мен мурда операция болгонумду жашырып армияга барам дейм, атам аскерге кетсең дагы эки жылың кетет дейт ортодо. Талашып-тартышып, өжөрлөнүп жүрүп армияга кеттим. Тагдырыма дарыгерлик иш буйруган экен, армиядан келип Мединститутка өтүп кеттим! Андан ары менин турмуштук дагы, кесиптик дагы даңгыр жолум башталды... 

Главный кардиохирург страны, профессор, доктор медицинских наук Калдарбек Абдраманов
© Фото / из личного архива Калдарбека Абдраманова
Калдарбек Абдраманов: айылым, сен менин жан дүйнөмдөгү ааламымсың! Кичи мекеним дегенде үйүм, атам, апам, бир туугандарым, айылдаштарым, сенин төрт мезгилде кубулуп турган кооз жериң, сууларың, кызгалдактуу талааларың, адырларың элестейт.

Жашоомдогу бардык нерсе айылым менен байланыштуудай туюлат. Ага болгон сүйүүм эки баракка сыйбаса керек. Айылым, сен менин жан дүйнөмдөгү ааламымсың! Кичи мекеним дегенде үйүм, атам, апам, бир туугандарым, айылдаштарым, сенин төрт мезгилде кубулуп турган кооз жериң, сууларың, кызгалдактуу талааларың, адырларың элестейт.

Менин аалам таануум сенин асманыңан, бак дарагыңан, жер жемишиңен, курт-кумурскаларыңан, жаныбарларыңан, топурагыңан, айылдаштарымдын бири-бирине болгон аяр мамилесинен, жан дүйнөсүнөн башталган. Сенден кетип ааламым кеңейди, ордумду таптым, бирок ар дайым жарык берип өзүңө тартып тургандайсың. Убакыт таап барып калсам, жагымдуу салкын абаң, сыдырым соккон желиң мээмди сергитип, көкүрөктөгү кирлерден тазалап өтөт эле. Көңүлү таза классташтар, айылдаштар атамдын эски тамына чогулуп өткөн окуяларды тизмектеп, балалыкка кайрылабыз, күнүмдүк жашоо, келечек жөнүндө ойлорду ортого салып, дүйнө салгандарды эстеп куран түшүрөбүз. Ата-энем экөө тең 90 жаштан өтүп көз жумушту...

Туулган айылым, колдогон элим, силерге барган сайын татыктуу кызмат кыла алдымбы деген ой көңүлгө келе берет.

Жараткан өмүр берсе, дагы далай жакшы күндөрдө сенин абаңан дем алып, сууңдан ичербиз. Келечекте сенин далай уул-кыздарың атагы чыккан инсандардан болуп Базар-Коргон районун жердеген, Мундуз айылынын кулуну экенин дүйнө элдерине дагы көп жолу таанытышаар!

Саламым менен айылына кат жазган Алишер уулу Калдарбек.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (72)

Тема боюнча

Жубайын учак менен ала качкан. Башкы кардиолог Абдраманов тууралуу 7 факты
Эңсеткен эне мээрими, ай жарыгындагы муз. Профессор Каныбек Исаковдун айылга каты
Белгилер:
балалык, ата-эне, айылга кат, Калдарбек Абдраманов, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ