Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Миссис Кыргызстан -2019" сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова
Миссис Кыргызстан -2019 сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги келиндер арасында өткөн "Кыргызстандын сулуу айымы — 2019" сынагында баш байгени жеңип алган Миргүл Бообекова менен маек курду.

"Миссис Кыргызстан -2019" сынагы 10-апрель күнү Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн. 28 келиндин арасынан Миргүл Бообековага алдыга суурулуп чыгып, таажы тагынып, чет өлкөдө боло турчу "Ааламдын сулуу айымы" конкурсуна катышууга жолдомо алды.

Миргүл Бообекова 35 жашта, эки баланын энеси. Жолдошу экөө ишкерлик менен алектенет экен. Маегинде ал бала чагы, үй-бүлөсү, аялдык бакыты, сынактын жүрүшү жана жумушу тууралуу кенен-кесир айтып берди. 

© Sputnik / Дильноза Алымова"Миссис Кыргызстан -2019" сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова 35 жашта, эки баланын энеси
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
"Миссис Кыргызстан -2019" сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова 35 жашта, эки баланын энеси

— Кыргызстандын сулуу айымы каяктын кызы, кандай үй-бүлөдө чоңойгон, балалыгы кандай өткөн деп кызыккандар көп болуп жатса керек. Өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— 1984-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Кереге-Таш айылында төрөлгөм. Алты бир туугандын төртүнчүсүмүн. Кыздардын кенжеси менмин, менден кийин эки иним бар. Апам мектепте орус тилинен сабак берчү. Мугалимдин кызы үлгүлүү, тарбиялуу болушу керек деген ой менен сабакты бешке окуп, алдыда жүргөнгө аракет кылдым. Эсимде, кечинде тамак ичип бүткөндө апам балдарын отургузуп алып акыл-насаатын айтар эле.

Конкурс красоты Миссис Кыргызстан — 2019 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сулуу келинди кантип тандашты. Сынактын сүрөттөрү
Беш жашыман тарта бийге бардым. Энебиз балдарынын ар тараптуу болушуна басым жасады. Кол өнөрчүлүк боюнча дагы ийримге баргам. Үй-бүлөбүз менен комузда кол ойнотуп, домбра чертебиз, мен пианинодо да ойнойм. Айтор, окуучу кезден бери сахнадан түшкөн жокмун. Бирок сулуулар конкурсуна "Кыргызстандын сулуу айымы — 2019" сынагына чейин катышып көргөн эмесмин.

Өзүмдүн атам мен беш жашымда унаа кырсыгына кабылып каза болду. Арадан он жыл өткөндө апам атамдын туугандарынын бирине турмушка чыкты. Кайын журту беш бала менен кыйналбасын деп экөөнүн башын кошуптур. Кийин экөө уулдуу болушкан. Экинчи атам бизди өз баласындай карап, мээримин төгүп, эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Мен абдан эрке өстүм.

© Sputnik / Табылды КадырбековМиргүл Бообекова комузда кол ойнотуп, домбра чертип, пианинодо ойнойт
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
Миргүл Бообекова комузда кол ойнотуп, домбра чертип, пианинодо ойнойт

— Мектепти аяктагандан кийин каякка тапшырдыңыз?

— 11-классты аяктаганда тесттен жогорку балл топтоп, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы маалыматтык жаңы технологиялар институнунун англис тили бөлүмүнө өтүп кеттим. Чет тил менин сүйүктүү сабагым болчу. Айылда жарык өчүп калса, чыракты жандырып алып окучу элем. Агезде интернет да жок, сөздөрдүн котормосун китептен гана карай алчубуз. Шаарга англис тилин жакшы билем деп келгем, бирок бул жакта деңгээл башка экен. Ошол себептен тырышып окуганга туура келди.

Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң сулуу келини Алтынкыз: сынакка стресстен арылуу үчүн катыштым
Студенттик күндөрүм бирде ток, бирде ачка өттү. Жаңы келгенде шаарды билбейсиң. Айылда кандай болсом, бул жакта да шаан-шөкөткө, майрамдарга барбай, бир калыпта окуп жүрдүм. Университетте 50 пайыздык арзандатуу менен окугандыктан, эмнегедир менде окуу жайдын иштерине көмөк көрсөтүш керек деген ой болуп, бир жыл бою эже-агайларга кол кабыш кылып жүрдүм. Муну мен кошумча жумуш катары көрчүмүн. Бирок университеттин иши менен жүрүп көптөгөн адамдар менен таанышып, мамиле түзгөндү үйрөндүм. Мындан тышкары, окуудан чыгып китепканага кирип, андан кийин кийим тиккен цехтерде иштечүмүн. Ошентип университетти деле аяктап калдым. Окутуучулар калып иште деген сунушун айтты. Бирок мен ишкерлик чөйрөгө ооп кеттим. Анан күйөөгө тийдим. Азыркыга чейин кесибим менен иштебесем дагы балдарымдын сабагын аткарганга жардам берем.

— Ишкерликтин кайсы түрүн аркаладыңыз?

— Кичинекей кезимен бери жалтыр-жултурга жакынмын. Апамдын капчыгына Көлдүн жээгинен кооз таштарды чогултуп келип, асем буюмдарды жасаганга аракет кыла берчүмүн. Кийин көздөгөн максатымды ишке ашырайын деп алтын алып-сата баштадым. Азыр алтын, күмүштү көрүп эле түрүн, тегин, жылын айта алам. Таштарды да дароо айырмалайм.

© Фото / Самуэль Сактанбеков"Экинчи жолдошум менен жумуш табыштырды. Кыздуу болдук, азыр экиге чыкты", — деди Бообекова
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
"Экинчи жолдошум менен жумуш табыштырды. Кыздуу болдук, азыр экиге чыкты", — деди Бообекова

— Жеке жашооңуз тууралуу кеп кылсак, жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз, канча баланы тарбиялап жатасыздар?

— Биринчи жолу 19 жашымда турмушка чыктым. Агезде күйөөгө тием деген оюм болгон эмес, айылга келгенде классташ балам ала качып алды. Ал үйдүн улуусу болгондуктан үйлөнүүгө туура келиптир, мен кетип калсам уят болот деп отурдум. Жылдызыбыз келишпей калды окшойт, жети жылдан кийин эки жолго түштүк. Уулдуу болуп, атын Данияр койгонбуз.

Лонгрид: Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу. Фрунзе чүрөгү кантип тандалган? - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу. Фрунзе чүрөгү кантип тандалган?
Экинчи жолдошум менен жумуш табыштырды. "Ош" базарында алтын сатканга орун керек болуп калды. Ижарага орунду болочок жолдошум берет экен. Ал мага акчасын, депозитин, шарт-талабын сылык түшүндүрүп берди. Кээде ижаранын каражатын төгөйүн деп ага барып калчумун. Анда-санда "ижараңар кымбат, түшүрсөңөр болбойбу" деп наалып кетчүмүн. Анан бир күнү "чогуу тамактанып келсек болобу" деп калды. Эки-үч ай качып жүрдүм. Күндө эле алдыман чыгып калат. Анан достошуп, андан ары мамилебиз, ойлорубуз келишип, бири-бирибизди жактырып да калдык. Анда мен 30га, күйөөм 40ка чыгып калган. Экөөбүз тең мурда турмуш куруп ажырашкан адамбыз. Анын мурдагы бүлөсүнөн төрт баласы, менин бир балам бар дегендей.

Бири-бирибизди жактырып жүрүп баш коштук. Экөөбүздүн биринчи балабыз дарыгерлердин катачылыгынан чарчап калды. Андан кийин кыздуу болдук, азыр экиге чыкты. Уулум менен кошо тарбиялап жатабыз. Жолдошум ишкерликтен сырткары күч түзүмүндө иштейт.

— "Кыргызстандын сулуу айымы" сынагына кантип катышып калдыңыз?

— Айжан аттуу курбу кызым сынак тууралуу айтып, барып көрүшүмдү сунуштады. Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова жакшы кабыл алып, сынактын шарт-талабын түшүндүрүп берди. Мен катышмай болдум. Эртеси подиумда басканды, бийлегенди үйрөнүп, сынакка даярдык көрө баштадым.

© Фото / Миргуль БообековаУулу Данияр менен менен
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
Уулу Данияр менен менен

— Мындай кадамыңызды жолдошуңуз, туугандарыңыз кандай кабыл алды?

— Күйөөм "уруксат берем, катышып көр" деди. Туугандарымдын бардыгы колдоп, эмне жардам керек болсо айт дешкен. Уулум менен кызымды кезеги менен карап жардамдашып, кем-карчымды алып келе коюп турушту.

— Бирок сулуулар сынагына катышып жатсаңыз жолдошуңуз кызганбай койбосо керек да?

— Ооба, "күндө эле кетесиң, 2-3 сааттап жоголосуң, каякка эле барып жатасың" деген учурлары болду. Өзү да келип даярдыктарымды көрүп кетип жатты. Кызганычтан мурда колдоосу чоң болду. Үйгө келсем "кана бийлечи, сүйлөп көрчү" деп өзү бир сыйра даярдантып жатты. Ага көнүп алыптырмын. Сахнада сүйлөп жатканда күйөөмдү карап, ага айтып берип жаткандай элестеттим. Сынак ошон үчүн жеңил өткөндөй сезилди.

Күйөөм биз жаңы баш кошкондо көп кызганчу. Дүкөнгө барса да ээрчитип алар эле. Өзүнүн жумуштары болсо да жанында жүрчүмүн. Анан достору "муну аялы калбай ээрчип жүрө берет" деп ойлоптур. Анан жыл өткөн сайын жубайлардын ортосунда ишеним, түшүнүү пайда болуп, бир туугандай болуп калат экенсиң. Менин экинчи турмушумдан бактым ачылды. 

© Sputnik / Дильноза АлымоваТаажы тагынгандагы сезим абдан жагымдуу болду", — дейт "Миссис Кыргызстан -2019" сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
Таажы тагынгандагы сезим абдан жагымдуу болду", — дейт "Миссис Кыргызстан -2019" сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова

— Сынактын жүрүшү кандай болду? Сизде конкурсту жеңип, таажыны кием деген ишеничтер болду беле?

— 28 катышуучу бири-бирибизге жөлөк-таяк болдук. Бир жарым ай даярдык менен жүрүп жакын болуп калыптырбыз. Ортобузда атаандашуу, көрө албастык сезимдери болгон жок. Биз катышып жатканыбызга эле сүйүндүк. Уюштуруучулар тартип менен жоопкерчиликти башкы орунга койгон. Кечигип барып калсак, жазалоо иретинде көнүгүүлөрдү жасатып жатышты.

Акыркы күнгө чейин утарыма ишенип-ишенбей эле жүрдүм. Мындай караганда баары эле күчтүү сезилди. Мен чүчү кулак боюнча эң акыркы — 28-номерде болуп калыптырмын. Биринчи укканда жок дегенде ортодогу номерге туш келбей деп абдан капаландым. Бирок тартип катуу болчу да, жөн гана бирөө менен алмашып же баш тартканга мүмкүн эмес эле. Өнөрүмдү эң акыркы көрсөтүп жатканым үчүн дагы калыстар тобунун эсинде көбүрөөк калдым окшойт. Программада дефиле, кыргыз бийин, Майкл Жексонду туурап бийледик, өзүңдү тааныштыруу жана кече көйнөктөрүн көрсөтүү болду. Таажы тагынгандагы сезим абдан жагымдуу болду. Куттуктоолордун саны азыркыга чейин үзүлө элек. Социалдык тармакта мага катталгандардын саны көбөйдү.

— Эми "Аалам сулуусу — 2019" сынагына жолдомо алдыңыз. Буюрса, сизди дүйнө сулууларынын катарынан көрө алабызбы?

— Жолдошум уруксат берип жатат, буюрса катышам. Сынактын кайда жана качан өтө турганы жакынкы убакытта белгилүү болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековМиргүл Бообекова эми "Аалам сулуусу — 2019" сынагына жолдомо алды
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды - Sputnik Кыргызстан
Миргүл Бообекова эми "Аалам сулуусу — 2019" сынагына жолдомо алды

— Ар дайым чырайлуу болуп жүрүү үчүн келбетиңизге кантип кам көрөсүз?

— "Эң жакшы макияж — жылмаюу" деп коюшат эмеспи. Мен көп күлүп жүрөм, ак көңүлмүн, ачыкмын. Башынан элек арыкчыраймын. Кичине толсом жакшы болмок деп ойлоп калам. Боюм 174 болсо, салмагым 55 килограмм. Анан бетиме жакшы бетмайларды тандайм. Кандай косметикалык каражат болсо колдонуп көрөм. Кызымдын атынан коюлган "Ясина" сулуулук салонубуз бар, каалаган убактымда боеном. Мындан тышкары, балдарды окууга, бала бакчага жиберип коюп жолдошум экөөбүз бир жактарга барып эс алабыз, Кыргызстанды кыдырып саякаттайбыз. Чет өлкөгө да чыгып турабыз. Сулуулук менен бактылуулук айкалышып турушу керек деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0