Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков дүйнө салды

Жазылуу
Маркум быйыл 68 жашка толмок.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 22-мартта Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору, журналист Бабырбек Жээнбеков дүйнө салды. Бул кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

68 жаштагы Жээнбеков узакка созулган оорудан улам көз жумганы айтылды.

2013-2014-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин жетектеген.

Мындан тышкары, "Алиби" гезитинин башкы редактору болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0