11:24 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган

Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)
Коом
Кыскача шилтеме алуу
159910

Кадрлардан аюулардан сырткары ак илбирсти да көрүүгө болот.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калганын Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

  • Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
    Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)
  • Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
    Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган
    © Фото /
  • Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган
    Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган
    © Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)
1 / 3
© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)
Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган

Анын айтымында, фотокапкан деңиз деңгээлинен 3878 метр бийиктиктеги жерге коюлган.

"Ушу тапта июлда эки жума бою жүргүзүлгөн иликтөөнүн маалыматтары иштелип жатат. Ал экспедиция учурунда тоолорго жана Сары-Жаз, Эңилчек, Кайыңды аймагына 35 фотокапкан коюлган. Сүрөткө тоодо жүргөн аюулар жана бир ак илбирс түшүп калган", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле иликтөөнү NABU-Кыргызстандын мониторинг бөлүмү "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш паркындагы кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөнүн белгиледи.

Тема боюнча

Телмире тиктеген ак илбирс. Ысык-Көлдөгү фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
Так секирген теке, тиштешкен суур. Көлдөгү фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү
Белгилер:
ак илбирс, аюу, фотокапкан, Эңилчек

ЭҢ МААНИЛҮҮ