17:32 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8467
  • EUR77.4635
  • RUB1.0911
Өлкө президенти уча турган учак. Архивдик сүрөт

Авиация агенттиги: президентке жаңы учак белекке берилсе жакшы болмок

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
328 0 0

Сооронбай Жээнбеков азыр учуп жүргүн лайнерди 10 жыл мурда Россия президенти Владимир Путин тартуулаган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өлкө президенти уча турган жаңы учактын баасы 80-100 миллион доллар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана жарандык авиация ишмердүүлүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.

Бирок учурда президент менен премьер-министрди ташып жүргөн "Эйр Кей Джи" компаниясынын мындай акчасы жок.

"Ооба, биринчи борт чындыгында эскирди. Азыр учуп жүргөнү менен аны алмаштыруу зарыл. Жаңы Boeing, Airbus лайнерлеринин баасы 80-100 миллион доллар. Ал эми эскилерди алуунун зарылдыгы жок, анткени эскини эскиге алмаштыруудан пайда болбойт", — деди Абакиров.

Ошондой эле ал учурдагы биринчи борт Кыргызстанда белек катары берилгенин кошумчалады.

"Азыр колдонулуп жаткан Ту-154 учагын бизге Россия президенти Владимир Путин 10 жыл мурда белек кылган. Эми деле белек катары жаңы самолет берилип калса бизге чоң жардам болмок, бирок азырынча андай вариант жок", — деди бөлүм башчы.

Эске салсак, сентябрь айында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев биринчи борттун моралдык жактан эскилиги жетип, алмаштыруу сунуштары президент менен өкмөт башчыга киргизилгенин айткан.

Тема боюнча

Президент Жээнбековду ташыган учакты алмаштыруу сунушталды. Себеби эмнеде
Экотехинспекция: Кыргызстандагы 11 аэропорттун баары талапка жооп бербейт
Бишкек — Ош каттамына билеттер 4000 сомдон жогору болбойт
Белгилер:
баа, белек, биринчи борт

ЭҢ МААНИЛҮҮ