Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Экотехинспекция: Кыргызстандагы 11 аэропорттун баары талапка жооп бербейт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области
Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис кайсы аэропорт кандай талаптарды бузганын ачык көрсөтүп бере турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жайгашкан аба майдандары Жер кодексин одоно бузуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын жер көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева "КР учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында өлкө аймагында 11 аэропорт бар. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо ички каттамдар боюнча иш алып барат.

"Биздин комиссия бул боюнча текшерүүлөрдү өткөргөн. Бизди Кудай гана сактап турат. Бардык нормалар сакталган эмес. Аэропорттор Жер кодексинин талаптарын одоно бузуу менен жайгашкан. Муну жөнгө салуу иштерин жүргүзүү керек. Азыр аба майдандар талаптарды бузуу менен иштеп жатышат", — деди Кенжебаева.

Ошондой эле кайсы аэропорт кандай талаптарды бузганын ачык көрсөтүп бере ала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, тегерек стол Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0