18:35 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Сууда чөмүлүп аткан кыз. Архивдик сүрөт

Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?

© AFP 2018 / Jure MAKOVEC
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
52301

Өлкөдө сууга чөгүп каза болгон адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Кырсыктын алдын алуу үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү керек, куткаруу иштерин кайсы орган көзөмөлдөйт жана чөгүп кеткен адамдардын өмүрүнө ким жооптуу? Sputnik Кыргызстан агенттиги суроолорго жооп издеп көрдү.

Сууга чөккөндөр эмнеге көбөйүүдө?

ӨКМдин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө 80 адам сууга чөгүп каза болсо анын 58и жай мезгилине туш келген.

Соңку эле маалыматка көз салсак, 22-июль күнү Кыргызстан боюнча алты адамдын өмүрүн суу алып кеткен.

Анткен менен кырсыктын себебин, тамырын тээ тереңден издеш керек деген пикирлерди айткандар чыкты.

Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин жетекчисинин орун басары Ильвира Жогинанын айтымында, мындай кырсыктын кескин көбөйүшүнө биринчиден, аба ырайынын ысышы, экинчиден кыргызстандыктардын көпчүлүгү сууда сүзүү эрежелерин билбей жаткандыгы себеп болууда. 

Заместитель директора специализированной детско-юношеской спортивной школы олимпийского резерва ЫНТЫМАК, член президиума федерации плавания в Кыргызстане Ильвира Жогина во время круглого стола
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин жетекчисинин орун басары Ильвира Жогина: бизде көп адамдар анын ичинде балдар сууда эркин сүзө алышпайт. Кыргызстанда, ал тургай борбор калаанын өзүндө бассейндер жетишпейт

"Көлдө эс алып жүргөнү менен бизде көп адамдар анын ичинде балдар сууда эркин сүзө алышпайт. Кыргызстанда, ал тургай борбор калаанын өзүндө бассейндер жетишпейт. Болсо да көбү жеке колго өтүп кеткен. Мындан улам карапайым калктын баарынын эле ал жакка барганга шарты жок. Көпчүлүк бассейндер иштебей турат. Олимпиадалык деген статусу бар Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейн кандай кейиштүү абалда турат", — деди Жогина.

Кырсыктагандарды куткарып жана капыстан болуп кеткен чукул окуяларды жөндөп, жакындан жардам көрсөтүү боюнча иш алып барган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларды окутуп, даярдоо менен чектелээрин айтышты.

ӨКМдин авариялык-куткаруу иш-чараларын өткөрүү жана Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Рысбек Жолдошбаев суудагы коопсуздукту камсыз кылуу аракети жыл сайын май айынан тарта башталарын маалымдады. 

Исполняющий обязанности начальника управления гражданской защиты и аварийно-спасательных работ МЧС Рыспек Жолдошбаев во время круглого стола
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ӨКМ өкүлү Рысбек Жолдошбаев: пансионаттардагы куткаруучуларды текшерүүгө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция милдеттүү

"Сууга түшүү сезону башталганда түзүлгөн атайын жарандык комиссияга өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, акимдер кирет. Ар бири өз аймагына тиешелүү пансионат, эс алуу жайларындагы жээктерди текшерип чыгышат. Суудагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын эрежеде жазылгандай, ар бир пансионатта эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун сактоо максатында сөзсүз куткаруучу болушу керек", — деди Жолдошбаев.

Куткаруучуларды ким текшерет?

Ысык-Көл облусунда 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр болсо, алардын ичинен 80нинде гана окутуудан өткөн, сертификат алган куткаруучулар иштейт. Бул маалыматты коопсуздукту камсыздоо боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун айткан жайы бар.

Анда калган 220 пансионаттын куткаруучусу кайда, ал жакта адам өмүрүн сактап кала турган адам иштейби деген суроо туулат. Кызыгы, өлкөдө бир да орган пансионаттардагы куткаруучулардын бар-жогун, алардын сертификатын текшербейт экен. Өзгөчө кырдаал министрлиги менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы бул ишти бири-бирине шылтады.

ӨКМ өкүлү Жолдошбаевдин айтымында, пансионаттардагы куткаруучуларды текшерүүгө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция милдеттүү.

"Биздин орган сууга түшүү сезону башталганда эле бардык пансионаттарга куткаруучуларын атайын окуудан өткөрсүн деп эскертүү берет. Эгер куткаруучу талапка жооп бербесе ага сертификат берилбейт. Бирок ар бир пансионаттын куткаруучусу бар жогун, сертификат алган-албаганын биз карабайбыз. Аларды түздөн-түз Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшерет", — деди Жолдошбаев.

Бирок экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын транспорт коопсуздугу башкармалыгынын начальниги Гүлсада Ибраимова аларга да мындай милдет жүктөлбөгөнүн айтты. 

Начальник управления транспортной безопасности Государственной инспекции по экологической и технической безопасности Гульсада Ибраимова во время круглого стола
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү Гүлсада Ибраимова куткаруучуларды текшерүү боюнча биздин эрежеде да жазылган эмес деген пикирин билдирди

"Биз пансионаттарга куткаруу посттору коюлганын, куткаруу жилет, баллондордун эле бар-жогун карайбыз. Куткаруучуларды ӨКМ көзөмөлдөйт. Аларды текшерүү боюнча биздин эрежеде да жазылган эмес. Көзөмөл орган скутерлерди башкаргандардын айдоочулук күбөлүгүн же дипломдорун эле карабаса, куткаруучулардын сертифкатын текшербейт", — деди Ибраимова.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде өткөн тегерек столдо ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков адам өмүрүн сактай турган жооптуу адамдардын иштеп же иштебей жатканын пансионаттар өздөрү гана карайт деген пикирин билдирди. 

Экс-спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков во время круглого стола
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков: куткаруучуларды ар бир пансионат өзү тандап, окуусунун акчасын да ошолор төлөйт

"Пансионаттардын өкүлү катары айта кетейин Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларды текшерген мамлекеттик органдар жетиштүү. Тиешелүү органдар бардык нерсени талап кылып, аткарбагандарга айып пул салып, ал тургай иштеткенге да уруксат бербей коюшат. Жабылып калбайлы деп корккондуктан ар бир эс алуу жайы бардык талаптарды аткарганга аракет кылышат. Ал эми куткаруучуларды ар бир пансионат өзү тандап, окуусунун акчасын да ошолор төлөйт. Айлык төлөп берип жаткандан кийин алардын иштеп же иштебей жатканын ар бир эс алуу жай өзү көзөмөлдөйт", — деди Турсунбеков.

Ошентип, куткаруучулардын бар-жогун, кокустук болуп кетсе чын эле адам өмүрүн ажалдын оозунан алып чыга турган адистерби же жөн салды эле отуругузуп койгон адамбы, тактап текшерүүгө ким милдеткер деген суроо так жоопсуз калды.

Пансионатка карабаган жээктеги коопсуздук кимдин мойнунда?

Пансионаттын куткаруучуларын эс алуу жайлары өздөрү текшерсе, ал эми жөнөкөй жээкте эс алган адамдардын коопсуздугун ким карайт деген суроо азыр арбын жаралып жаткан чак.

ӨКМдин өкүлү Жолдошбаевдин айтымында, эс алууга ылайыкташылган жээктин баары айыл өкмөттөрдүн карамагында. Болгону ал аймакты ишкерлер ижарага алып иштетишет. Мындан улам эс алуучулардын коопсуздугуна ишкер жооптуу болот.

"Жээкти (пляжды) ижарага алган тарап ал жерге болгон шартты түзүп кум сээп, атайын белгилерди, куткаруучуларды коет. Ал эми шарты, белгилер коюлбаган жерге эс алуучулар барбашы керек. Анткени ал зона жабык деп саналат да, кокус кырсык болсо анын өмүрүнө эч ким жооп бербейт. Ошентсе дагы жеке эле куткаруучу эмес ар бир жаран кокус сууга чөгүп жаткан адамды көрүп калса ага жардам берүүгө милдеттүү. Көңүл коштук мамиле кылуу адамдык сапатка да жатпайт. Дарыя, суу сактагыч, ачык көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынган", — деди Жолдошбаев.

Ысык-Көлдүн түндүк тарабы пансионаттарга жык толгону менен түштүк жагына көпчүлүк учурда жергиликтүү жашоочулар жана бирин-серин эс алуучулар эле барганын байкоого болот. Бирок ал жактан атайын белги же куткаруучуларды кездештирүү кыйын.

Бийлик кандай чара көрөт?

18-июль вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жыйын өткөрүп суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо жана ата-энелер балдарын көзөмөлгө алуусу боюнча маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берген. Андан соң 24-июлда өкмөт башчы Абылгазиев көлмөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешмеде ар бир жээкте куткаруучулар, атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну талап кылган. 

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев провел совещание по вопросу реализации программы Ала-Тоо булагы в сфере сельского питьевого водоснабжения населенных пунктов страны
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир жээкте куткаруучулар, атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну талап кылды

"Куткаруучулар ыкчам жетүүсү үчүн сууга түшүү аймагы чектелиши керек, анткени чөгүп бара жаткан адамды куткарууда ар бир секунд кымбат", — деген премьер-министр.

Мындай тапшырмалар берилген менен өлкөдө сууга чөккөндөр токтоп калган жок. Айтып оозду жайып алгыча эле, акыркы бир жуманын ичинде 10го чукул адам сууга чөгүп өлгөнүн ӨКМ маалымдады. Алардын ичинде "Азаттык" үналгысынын журналисти Уланбек Эгизбаев да болду.

Тема боюнча

Турсунбеков: Улан Эгизбаев сууга чөккөн маалда бир куткаруучу түшкү тамакка кеткен
ӨКМ: Ысык-Көлдөгү 300 пансионаттын 80инде гана сертификаттуу куткаруучулар иштейт
Улан Эгизбаевдин денесинде шектүү тактар болгонбу? ИИМдин жообу
Белгилер:
көл, коопсуздук, куткаруу, жардам, Суу, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ