Бишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер кимисине таандык экени аныкталды

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер
Бишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө эки машинага бирдей номер тагып алгандарды 11-июлда Бишкектин Гагарин менен Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен тартып алган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте эки машинага тагылган бирдей B0002J мамлекеттик номери BMW X5 автоунаасына катталганын Мамлекеттик салык кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жасалма номер тагылган унаалар табылды. Сүрөт
Буга чейин күбө Бишкектен окшош номерди тагып алып кетип бараткан BMW X5 менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автонууалардын сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберген болчу. Анын айтымында, айдоочулар автоунааны каттоо тууралуу күбөлүктөрүн бири-бирине көрсөтүп салыштырышкан.

Сүрөт Гагарин менен Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган.

"Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин базасында B0002J номери BMW X5 автоунаасына катталган. Андыктан Mercedes-Benz автоунаасында тагылып турган мамлекеттик номер жасалма. Анткени Мамлекеттик каттоо кызматы бир эле номерди эки жолу бере албайт. Эки айдоочунун тең каттоо тууралуу күбөлүгү болсо анын бирөөсү жасалмаланган", — деп мамкаттоодон маалымдашты.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы эгер жасалма мамлекеттик номерлер аныкталса айдоочуга 5 миң сом айып салынып, протокол түзүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0