БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте эки машинага тагылган бирдей B0002J мамлекеттик номери BMW X5 автоунаасына катталганын Мамлекеттик салык кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Сүрөт Гагарин менен Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган.
"Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин базасында B0002J номери BMW X5 автоунаасына катталган. Андыктан Mercedes-Benz автоунаасында тагылып турган мамлекеттик номер жасалма. Анткени Мамлекеттик каттоо кызматы бир эле номерди эки жолу бере албайт. Эки айдоочунун тең каттоо тууралуу күбөлүгү болсо анын бирөөсү жасалмаланган", — деп мамкаттоодон маалымдашты.
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы эгер жасалма мамлекеттик номерлер аныкталса айдоочуга 5 миң сом айып салынып, протокол түзүлөрүн билдирди.