Бурулайдын атасы: кызымдын денесиндеги жазууну өзүм көргөм, сүрөтү да бар

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүМусульманское кладбище
Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бурулай Турдали кызынын атасы Турдали Кожоналиев бул ишке президент, премьер, спикер баш болуп киришкендиктен баары акыйкат болот деп ишенгенин айтты.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кызымдын сөөгүн эксгумация кылдырбай калдык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ала качуудан кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын атасы Турдали Кожоналиев билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамашова: кыз ала качкан жигиттин ата-энеси да, туугандары да жазаланышы керек
Эске салсак, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан, бирок маркумдун атасы ага макул болгон эмес. Ошондой эле Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кыздын атасы менен анын жактоочулары сөөктү эксгумация кылып, кайра экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатканын кабарлаган.

"Кызымдын сөөгүн моргдон чыгарып бергенден кийин жууйлу деп ачканда "Н+Б=Х" деген жазууну баарыбыз көргөнбүз. Бирок мен бул ишке президент, премьер, спикер баш болуп киришти, баары акыйкат болот го деп ойлосом, экспертизадан "ал жөн гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган үтүктүн изи" деген жыйынтык чыгарып берип коюшту. Бул жерде милиция кызматкерлери өздөрүнүн артын жабыш үчүн мындай кадамга барууда. Кантип эле шектүү 20 секундда ушунчаны жазганга үлгүрсүн. Бизде азыр далил катары жазуунун сүрөтү бар. Кызымдын сөөгүн болсо жактоочулар менен кеңешип эксгумация кылбай турган болдук. Анын үстүнө бир ай өтүп кетти. Калган иликтөөлөрдү сүрөт менен аныктайбыз деп жатабыз", — деди Кожоналиев.

Кызын жоготуп мөгдөп турган ата акыйкат издеп жатканына токтолду.

"Сөөгүн каздырып алууга жүрөгүм даабай койду. Өзү эле эзилип өлгөн кызымды кайра эзгим келбеди. Тергөөчү "байке, каздырып алган менен деле шектүүгө кошумча жыл кошулбайт" деп айтты. Мен жыл кошулабы-кошулбайбы, ага караган жокмун. Болгону акыйкат издеп жатам. Бул жерде эксперттин күнөөсү бар да", — деди ал.

Бурулайдын атасынын жактоочусу Эсения Рамазанова сөөктү эксгумация кылуу боюнча өтүнүч алып салынганын айтып, бирок андагы жазууну аныктоо үчүн атайын медициналык-соттук экспертиза дайындоо боюнча тергөөчүгө сунуш жөнөтүлгөнүн билдирди.

В память о Бурулай. В Кыргызстане сняли фильм про кражу невест — видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жарым-жартылай макул болгон жокпуз. Себеби алар денесине кескиленип жазылган жазууну сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деп жатышат. Бирок бизде сүрөт бар. Мындан улам тергөөчүгө соттук-медициналык экспертиза дайындап, комиссиянын курамына биз тараптан дагы өкүл кошууну суранып өтүнүч жөнөттүк. Эки-үч күндүн ичинде жообу келиши керек", — деди Рамазанова.

Ал ошондой эле тергөө иштери жашыруун болгондуктан маркумдун денесине кескиленип тартылган жазуунун сүрөтүн жарыялаганга болбой турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0