20:37 05 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Назик-Кыз коомдук бирикмесинин жетекчиси, талантуу дизайнер жана активист Үкөй Мураталиев

Үкөй Мураталиева менен маек. Ата-эне, майыптык, зордуктоого кабылган кыздар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
513710

Үкөй Мураталиевага бөбөктөр менен сүйлөшкөн жагат. Себеби алар калп айтуу, күмөн саноо, чочулоо дегенди билбейт. Кээде Үкөйдөн "сиз эмнеге секирип басасыз, мага дагы үйрөтүңүзчү" дешет. Үкөй аларга "мен майыпмын" дебестен, басуунун бир түрү катары түшүндүрөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Назик-Кыз" коомдук бирикмесинин жетекчиси, талантуу дизайнер жана активист Үкөй Мураталиева менен маек курду.

— Жарык дүйнөгө ай күнүңүздөн эрте келипсиз?

— Майыптыктын себеби ар кандай. Көбү бул тубаса же тукум куучулук деп ойлойт. Меники — ара төрөлгөндүк. Жарык дүйнөгө келээрде атам автокырсыкка кабылып ооруканада экен. Ошондо аз убакыттын ичинде жаңы батирге көчкөнгө туура келиптир. Апам оор жүктөрдү көтөрүп, буюмдарды ары-бери ташыганга күч келсе керек, алты айымда эле жарыкка келип калыптырмын. Анысы аз келгенсип, апам төрөөрү менен бир сааттан кийин сокур ичегисин алдырат. Ошентип атам, апам, мен үч башка бейтапканада жатып калыптырбыз.

3-4 айга толуп калганымда балдар дарыгери дене-башымды текшерип бутумдун ийкемдүү эмес экендигин айтыптыр. Бир жашка чыкканда так диагноз коюлду. Шал оорусу экен.

— Апаңыз кийин өзүн күнөөлөгөн жокпу?

— Биз бул туурасында бетме-бет отуруп сүйлөшүп, себептерин көп ирет издедик. Бала куракта жана өспүрүм кезде апама көп суроо берет элем. Эч кимдин күнөөсү жок. Муну жашоодогу бир жагдай катары эле кабыл алам. Кудайдын буйругу деп да эсептебейм. 

Дизайнер и активист Укей Мураталиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Назик-Кыз" коомдук бирикмесинин жетекчиси, дизайнер жана активист Үкөй Мураталиева

— Адатта жашоодо кыз киши чыдамкай келип, турмуштун соккусуна туруштук берет. Тилекке каршы, эркектер алсыздыгын көрсөтүп, үй-бүлөсүн да таштап кеткен учурлар болот. Сурайын дегеним атаңыз сизди кандай кабыл алыптыр?

— Апамдын айтымында, атам Калмурат Мураталиев Ички иштер министрлигинде милициянын капитаны катары эмгектенген. Апама сүйүктүү жар, балдарына камкор ата болуу үчүн бар күчүн жумшаптыр. 36 жашында эле кете берди. Айрым элестери гана сакталып калды. Маселен, чачымды кыркып бергенин, кызыктуу аңгеме жомокторду айтып бергенин билем. Апам Зыйнагүл Каракинова эки жыл мурда узап кетти. Азыр ата-эненин асыл ордун эч бир нерсе алмаштыра албагынын туюп турам. Жакындар тирүү кезде сыйлап алышыбыз керек экен.

— Балалыгыңыз кандай өттү?

— Эң сонун! Атам Нарындан, апам Сокулуктун кызы, мен Бишкекте туулуп өстүм. Атам мен төрт жашымда эле өтүп кетти. Апамды төркүнү, кайын журту колдоп алды. Өзүмдөн улуу эки агам бар. Азыр Бакай менен Атай турмушта теңин таап, үй-бүлө куруп, балалуу болушту. Жеңелерим, Кудайга шүгүр, жакшы адамдар, курбулардай сырдашабыз. Балалыгым байкелерим менен ойноп жүрүп өттү. Өзгөчө жай айы кызыктуу болчу. Ысыкта жаныбыз тынчу эмес, айылдарды кыдырып эле жүрчүбүз. Бир кейигеним, сентябрда окуу башталганда үйдө камалып калчумун. Убагында бала бакчага бара албай калдым да.

— Окуучулук күндөр эмнеси менен эсте калды?

— Окуучулук күндөр дегенде класс жетекчим Клара эже эске түшөт. Негизи мектептегилер мени алгандан коркушкан. Ар кандай болот да. Жыгылып кетишиң мүмкүн же балдар түртүп иет. "Келсин, окутам" деген жалгыз Клара эже болду. Ал окуучуларга менин келе турганымды айтып, бири-бирибизге күйүмдүү болушубузду үйрөтүптүр. Барганда класстагылар жакшы кабыл алды. Окуучулук күндөр майрамдай эле өттү. Клара эже күн сайын түрлөп сабак өтүп, интеллектуалдык мелдештерди уюштурчу. Окугандан кыйналган жокмун. Үйдө камалып отурганда китептип баарын алдын ала окуп койгом. Бир кыйналганым саатты такыр түшүнчү эмесмин. Апам канча үйрөтсө деле жаңыла берчүмүн. Турмушка байланыштуу үйдөн үйгө көчкөн учур болду. Бирок мектеп алмаштыргандан коркчумун. Себеби башка классташтар мени кандай кабыл алат деген ой бар эле. Ошентип шаар четинде жашасак да борборго барып келип 11-классты бүтүп алдым. Жогорку билимди Политехникалык университеттин дизайнерлик бөлүмүнүнөн бүтүрдүм. Студенттик курагым эл катары өттү. Окутуучулардан эч кандай артыкчылык алган жокмун. Университетти бүткөндөн кийин жумуш таппай кыйналган да учурлар болду. 

Дизайнер и активист Укей Мураталиева во время фотосета
© Фото / Алексей Скачков
Үкөй Мураталиева: ар кимдин сүрөт тартуу стили бар. Мен кыздарды тартам. Дизайнерлик ишиме бул жакшы жардам берди деп ойлойм

— Эмнеге?

— Көрсө, кеп мамиледе экен. Коомчулукта бизге окшогон адамдарга болгон мамиле начар. Эмнегедир чочулоо менен мамиле жасашат. Маселен, жумушка барганда "майып неме окууну деле араң бүтсө керек, кантип иштемек эле" деген сыяктуу калыптанган ойлор бар. Бул тууралуу бетке айткан учурлар деле болгон. Жакшынакай эле иштеп жатсаң сенин кетишиңе себепчи болгон адамдар болду. Муну моралдык, психологиялык жактан басмырлоо дейт. Аны жасаган жана кабылган адам жакшы билет. Кээде туугандар арасында да кемсинткендер бар.

Майыптык деген сөздү уккандар "Кудай сактасын" дейт. Биз эмне барып өлүп алалыбы? Анан бизди эптеп жашап кетсе, иштеп кетсе, турмуш куруп кетсе дегендерге таң калам. Эмнеге эптеп оокат кылышыбыз керек?

Майып адамдарды ооруп же дарыланып жүрөт деп ойлошот. Майыптык өнөкөт же дайыма кармай турчу оору эмес, бул адамдын абалы. Ооба, кээ бир учурда жардамга муктажбыз. Маселен каражат жаатында болушу деп коелу, андайда туугандар жардам берип турат. Бирок ар бир адам эле жашоосунда каражатка муктаж болсо керек, туурабы?

Бизди аяп, жаш баладай мамиле кылгандар көп. Ал сыртта турган кишиге дароо байкалат. Маселен мага, кичинекей бөбөктөр менен сүйлөшкөн жагат. Себеби алар калп айтканды, күмөн санаганды, чочулаганды билбейт. Кээде "сиз эмнеге секирип басасыз, мага дагы үйрөтүңүзчү" дешет. Балдарга бул оюн да. Аларга "мен майыпмын" дебестен мага ыңгайлуу, бул басуунун бир түрү деп түшүндүрөм.

Эгерде адамдар коендой окшош болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак. Бул өзгөрүлбөй турчу нерсе, биз ушуну менен калабыз. Адамдар күмөн ойлордон коркот. Маселен, Кыргызстанда майып аял — аял эмес. Анткени ал дайыма жардамга жана колдоого муктаж. А бизде билесиз да, аялдар универсиалдуу курал сыяктуу. Анан да майып аялдан майып балдар төрөлөт деген түшүнүк калыптанган. Бир аз билимибизди тереңдетип, көбүрөөк окусак оюбуз өзгөрүлмөк деп эсептейм. 

Дизайнер и активист Укей Мураталиева на швейном цехе
© Фото / предоставлено Укей Мураталиевой
Мураталиева: 2008-жылы "Сеть" долбоорунун колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын "Назик-Кыз" коомдук бирикмеси ачылып, мен жетекчи катары дайындалдым

— Майыптыгы бар адамдар моралдык-психологиялык жактан басмырлоого кабылгандан сырткары, сексуалдык кордукка да дуушар болгон учурлар жок эмес. Мындай окуялар менен сиздерге кайрылгандар болсо керек?

— Коляска менен жүргөн кыздар коомдук транспортко түшкөндөн көп кыйналат. Жүргүнчүлөрдөн тарта айдоочуларга чейин жериген учурлар ондоп саналат. Алар менен кошо унаага коляскасы да кошо кириши керек да. "Ушундан көрө үйдө эле отура бербейби!" деген шыбыр кептерди угушат.

Бир кыз гинеколог-дарыгерге балалуу болууну пландап жатканын айтып кайрылат. Дарыгер аны акырая карап "ден соолугу соо мен наристелүү боло албай жүрөм, сен кайдан" деп ачык эле айтыптыр. Бул басынтуунун жеткен чеги! Кимдин балалуу болом десе өз иши, дарыгердин милдети — кызматын аткаруу.

Бир айым өспүрүм кезинде инсультка кабылган. Адаттагыдай таксиге түшөт. Жолдо баратып таксист "чоң кыз, мен сени каалап жатам, чыдай албай калдым" дейт. Ачууланган кыз каршылык көрсөтсө тиги киши бетке урат. Кыз акыры бар күчүн жумшап качып чыгып, үйүнө жөө жеткен экен. Албетте, узак убакыт депрессияда жүрдү.

Дагы бир кордукка кабылган кыз каршылык көрсөткөндө ага эркек "бир күндө ар кайсы аял менен болом, биз жаш бала эмеспиз го?" дептир.

Зордук-зомбулукка кыздарды күнөөлүү деп бир нече себепти тизмектеп жүрүшөт: үйгө кеч кайткан же таң эрте чыккан, кыска кийинген, өзү каалады же каршылык көрсөткөн жок, мени дүүлүктүрдү. Анан муңун төккөн кыздарга "мен сенин ордуңда болсом кыйкырмакмын, бир чапмакмын, качып кетпекмин" дешет.

Эң башкысы адам күнөө кылып жатат. Мен ошолорго суроо бергим келет: эмнеге аялдын уруксаты жок аны менен жакын мамиледе болосуң? Ага чейин тааныш белең, өзүңдү напсиңди тыюу колуңан келбейби? 

Дизайнер и активист Укей Мураталиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мураталиева: коомчулукта бизге окшогон адамдарга болгон мамиле начар. Эмнегедир, чочулоо менен мамиле жасашат

— Оор учурда кыз-келиндерге кантип жардам бересиздер?

— Биринчи кезекте моралдык жактан колдоо көрсөтөбүз. Мындан сырткары, тренинг, семинар, өзүңдү коргоо боюнча топтор аркылуу жардам кылабыз. Көп нерсе адамдын умтулуусунан көз каранды. Биздин "Назик-Кыз" бирикмесинде жүрүп, жумуш таап, үй-бүлө күтүп, бала жытын жыттап, бакубатчылыкта өмүр сүргөндөр арбын.

— Коомчулукка дизайнер катары да таанымалсыз. Ишмердүүлүгүңүз эмнеден башталды?

— Беш жашымда майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясына кошулуп, ал жактан сүрөт тарканды үйрөнүп, сынактарга катышчумун. Ар кимдин тартуу стили бар. Мен кыздарды тартам. Дизайнерлик ишиме бул жакшы жардам берди деп ойлойм.

2008-жылы "Сеть" долбоорунун колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын "Назик-Кыз" коомдук бирикмеси ачылып, мен жетекчи катары дайындалдым. Ал 2011-жылы болсо "Абилис" фондусунун жардамы менен кыздарды шелкогафияга (станок менен кездемеге жазуу түшүрүү) үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда кыздар экобаштык, футболка жана кийиз буюмдарына жазуу түшүрүү менен алектенишет. Мындан тышкары, жыл сайын мода көргөзмөсүн уюштуруп турабыз. Саамалыкты быйыл күзгө жуук өткөрөйүн деген план бар. Кандай стилде болорун азырынча айта албайм. Табит жыл сайын өзгөрүп турат.

— Элге инсан катары таанылып калдыңыз. Бардыгына эле кимдир бирөөнүн жеке жашоосу кызык экендиги талашсыз го дейм. Мүмкүн болсо аялдык турмушуңуз тууралуу сурайын дегем?

— Менден "күйөөгө тийип, бала төрөй аласыңбы, оокат кылганды билесиңби" деп сурагандарга таң калам. Мен турмуш куруп көргөн эмесмин да, андыктан өзүм да билбейм. Баарын убакыт көрсөтөт. 

Дизайнер и активист Укей Мураталиева во время акции
© Фото / Алексей Скачков
Үкөй Мураталиева: биздин "Назик-Кыз" бирикмесинде жүрүп, жумуш таап, үй-бүлө күтүп, бала жытын жыттап, бакубатчылыкта өмүр сүргөндөр арбын

— Азыр борбордо жалгыз турасызбы?

— Атам мен төрт жашымда каза болсо, апам эки жыл мурда кете берди. Агаларым үзүлүп түшүп жардам берет. Бирок адам өз алдынча болгону жакшы деп ойлойм. Ырас, жоопкерчилик тартканды да үйрөнөт экенсиң. Апам жоктон бери өзүм турам.

— Алдыңкы он жылда эмне менен алектенесиз?

— Кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырышым керек.

Тема боюнча

ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти
Белгилер:
жеке жашоо, кыздар, ата-эне, майып, Үкөй Мураталиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ