00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
15 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
18:16
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Аскердик операция учурундагы Путиндин дүйнөнү таң калтырган экономикалык стратегиясы: РФ экономикасынын туруктуулугунун себеби эмнеде?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Двоюродный брат, внебрачный сын и ДНК: юрист о том, кто наследует по закону в КР
20:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сокулукта жыгач цехин иштеткен майыптар кантип жан багат? Иш учурундагы видео

Жазылуу
Чүй облусунун майыптар коомунун 20га чукул мүчөсү Сокулук шаарынын маданият үйүнүн жер төлөсүндө жыгач цехин ачып, беш жылдан бери аны иштетип, жан багып келишет.

Бир четинен алаксып, экинчи жагынан өзүбүзгө каражат топтоп жатабыз деген эрки күчтүү, максаты бийик адамдар менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчылары баарлашып, алардын жасаган эмгектерин көрүп келди.

Майыптар коомунун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, учурда аталган ишканада 30 жаштан 50 жашка чейин ар түрдүү топтогу майып адамдар иштейт.

"Биздин коом 2005-жылы эле түзүлгөн. Башында бул цехти ачканга чейин колу билген майып балдарды чогултуп, ар кайсы жерде иштеп жүрдүк. Кийин 2012-жылы Сокулук райондук администрациясы тарабынан бул жер төлөгө жеттик. Биз келгенде бул жердин суусу агып, тамтыгы чыккан жай болчу. Эптеп ыктыярчылардын жардамы менен кичине өзүбүзгө ылайыктап жасап алдык. Азыр, кудайга шүгүр, бир ишкер жигитибиз жыгач кескен станок алып берген, ошо менен жан багып жатабыз", — деди Мыктыбек уулу.

Учурда алар отургуч, стол, ящик сыяктуу үй буюмдарын жасап, базарларга чыгып сатышат. Кээде буйрутма менен иштешет. Бирок андайлар аз дейт балдарга баш көз болгон цехтин башкы устасы Таалай Молдогазиев.

Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы - Sputnik Кыргызстан
Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы
"Менин бул цехке келгениме үч жылдай болуп калды. Өзүм мурда заводдо, үйдөн ар кандай буйрутма алып иштедим, айтор, жөн отурбай үй-бүлөмдү багып келе жатам. Колум билгендиктен башка балдарга да устачылык өнөрдү үйрөтүп, бул жакта баш-көз болуп жүрөм. Өзүбүздө азыр материал жок болуп, жумуш да аз болуп калып жатат. Бирок ары-бери жактан демөөрчү карап жатабыз. Жакын арада бир бөлмөбүздү балдарга компьютердик класс ачып берели деп жасап жаткан чагыбыз", — деди Молдогазиев.

Жаш майыптар коомунун кийинки максаты өздөрүнө беш кабаттуу үй куруп, цехин мындан да кеңейтүү. Учурда алар тийиштүү жер тилкесин бөлдүрүп, Кызыл китебин алышкан. Болгону аны долбоорлоп, салып бергенге демөөрчү издешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0