04:40 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Sputnik Кыргызстан башкы-редактору Эркин Алымбеков. Архивдик сүрөт

Миллион доллар, ар намыс, сүйүү. Вице-мэр Sputnik.kg редакторунан интервью алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алимджан Валиев
Өзгөчө интервью (6)
76320

Кыргызстандыктар кайсы нерседен кабардар болбой эле койгону оң? Биздин агенттиктин иши кандай жөнгө салынат? Эмнеге өлкөдө журналисттердин саны көбөйсө да жалган жаңылыктар арбып барат? Бул соболдордун тегерегинде баш калаа мэринин орун басары жана Sputnik Кыргызстандын баш редактору баарлашты.

Бишкектин социалдык иштер боюнча вице-мэри Айгүл Рыскулова биздин башкача өңүттөгү маегибизге катышууга макул болду. Анын аңгемелеши Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков болду.

— Бүгүн мен жаңы өңүттө — журналисттин ролун убактылуу аткармакчы болуп, жаш жигит менен маек куруудамын. Маектешим — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун шеф-редактору Эркин Алымбеков.

Сиз Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектуралык университетин аяктапсыз. Балким, сизден Кыргызстанга кызмат кылчу мыкты курулушчу же учурда Бишкек үчүн эң зарыл болгон транспорт тармагындагы менеджер чыкмактыр. Эмнеге журналистикага ооп кеттиңиз?

— 20 жашымда жумушсуз калдым. "Кадрлар империясы" деген кадрдык агенттиктин анкетасын толтуруп жатып, "Колуңуздан эмне иш келет?" деген жерине тамаша иретинде гана "Теледе алпаруучу боло алам" деп жазып койгом. Бир жумадан кийин мага радиодон телефон чалып, үнүмдү баалап, жаңылык түрмөктөрүн окууда өзүмдү сынап көрүүгө чакырышты.

Аябай кубандым, тим эле ээлигип алып барсам, жаратпай коюшту. Аябай кызыгып калгам, артка жол жок болчу. Бир жыл бою радиостанциялардын каалгасын каккылай бердим, айрымдарына бир эмес, беш жолу баш бактым.

— Бала чагыңыздан эле журналисттик жөндөмүңүз байкалыптыр, мектеп журналын, дубал гезиттерди чыгарып, досторуңуздан интервью алчу экенсиз, бирок эмнегедир архитектуралык окуу жайга тапшырыпсыз.

— Негизи мен аскердик окуу жайга кирмекмин, бирок ордумду сатып алып коюшканын айтышты. Убакыттан уттурбай, дароо бир окуу жайга тапшырууга аргасыз элем. Ошентип архитектуралык багытта билим алып калдым.

Вице-мэр Бишкека по социальным вопросам Айгуль Рыскулова во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Журналистика азыр абдан ыкчам ыргакта, аквариум сымал коомдогу кыбыр эткен нерсе көзгө урунат. Жаңылыкты канткенде туура жеткирүүгө болот? Журналист үчүн бул абдан татаал маселе болсо керек

— Маекке даярданбаганымды да сизден жашырган жокмун, бирок дагы бир сырды ачып коеюн: апаңыз менен сүйлөштүм. Албетте, ал балалыгыңыздагы бардык жоруктарыңызды айтып берген жок, бирок үйгө эшиктен ит, мышык, жылан көтөрүп келе берчү экенсиз. Ата-энеңизди бул жагынан бир топ эле кыйноого салыпсыз, жаратылышка, жаныбарларга жакын экенсиз. Балким мыкты зоолог болуп калмактырсыз?

— Айтпаңыз, үйгө көргөн эле жаныбарды алып келе бергеним апамды беймазага салчу. 10-класста окуп жүргөнүмдө Дүйнөлүк көркөм адабият (ДКА) сабагынан берген эжейим менен уруша кеттим, ал ошондо мага: "Менин сабагыма катышпайсың, сенден адам чыкпайт " деп салды. "Сиздин ДКАңызга келгенден көрө иттер менен алек болом" дедим мен да ызалана. Бирок итке деле жологон жокмун. Ким билет, алектенип калгым бардыр.

— Өжөрлүгүңүз байкалып турат. Алгач сыноодон өтүп жатканда өз үнүңүздү угуп көрдүңүзбү? Көңүлүңүзгө толчу беле?

— Жок, дегеле жактырчу эмесмин. Карындашымды маңдайыма отургузуп алып, кечке ага окуп берип, анын угуп турушун талап кылчумун. Ал жадап, чарчаганда апамды кыйначумун. Уюлдук телефондордун үн жаздыруучу фунцкциясы чыкканда өз үнүмдү тыңдап алып, таң калаар элем.

— Балалык курагыңыздан дагы бир кызык учурду айтпай кое албайм. Көрсө, сиз эр жүрөк турбайсызбы. Окуучу кезиңизде сууга чөгүп бараткан баланы сактап калган экенсиз.

— Муну да билип алдыңызбы?.. 12 жашта элем. Киргизия-2 кыштагындагы Манас айылынын жанында шар аккан суу бар. Аны жээктей досум экөөбүз сейилдеп жүргөнбүз, ал 5-6 жашар инисин ээрчитип алган. Бала бутун сууга малгысы келет, а биз аны этибарга албай кете бериппиз. Анан эле "Чыңгыз байке!" деген кыйкырыкты уктук. Досумдун аты Чыңгыз. Артка кылчайсак, бала жок, сууга түшүп кетиптир! Бир көрүнүп, кайра сууга кирип кетип жаткан башын эле көрүп турабыз. Коркуп кетип, ага карай чуркадык. Канал аны ушундай тездик менен агызып баратты, мен сууга секирдим. Баланы кармадым, бирок суу мени кошо агызып баратты. Досум бизди кармап калуу үчүн дагы нары көздөй чуркады. Аябай шар аккан суу. Каналдын тосмолоруна колум илинер деп аракет кылып жаттым, акыры айла кеткенде бетон тосмого далым менен токтоого тырыштым.

Бизди Чыңгыз алып чыкты. Жээкке чыкканыбызда далым туз куйгандай ачышып жаткан, көрсө, аябай сыйрылыптыр, канаптыр, тырыктары азыр деле бар. Куткарылган баланын ата-энесине унчукпадык, урушат деп корктук. Кийин апам далымды көргөндөн кийин баарын айтып бергем.

— Бул чыныгы эрдик, себеби, турмушта адам өмүрүн дайым эле сактап кала бербейсиң. Ата-энеңиз филологдор, абдан салабаттуу үй-бүлө экен. Экөө тең мугалимби?

— Ооба, орус тили жана адабияты боюнча окутуучулар. Орус тилин биз жакшы көрөбүз. Апам мектепте мугалим болгондуктан, экзамендерде бул сабактарда "төрт" жана "беш" алчумун.

Шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время интервью
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Алымбеков: Көңүлдү эң оорутканы — балдардын өлүмү, ал эми сен алар туурасында чагылдырып жатасың. Бирок бизде бир тыюу бар. Эгер маалымат каражаттарында өспүрүмдөргө зыян эте турган нерселер көп жарыяланса, балдар аны кайталашы ыктымал. Андайга жол бербөөнү чечкенбиз

— Апаңыздын мектепте иштегендиги үчүн элеби?!

— Жок. Бир ирет тапшырма иретинде берилген "Согуш жана тынчтыкты" окубай койгом, азыр ага аябай өкүнөм. 10-класста экзамен эртең деген түнү апам мага анын сюжетин тез айтып берди. Мектепке барып, дилбаян жаздык. Кийин мугалим эжейибиз бирден маңдайына отургузуп алып, чыгарма тууралуу сүйлөшө баштады. Мени менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин тактага чыгарып алып: "Чыгарманы чындап окуган киши ушундай болот, окуп чыкканы байкалып турат. "Беш" коем. Эркинден үлгү алгыла!" дебеспи. Бирок мындай окуя бир эле жолу болгон.

— Эми кесиптик ишмердигиңизден кеп салсак. Шеф-редакторлук — менин түшүнгөнүм боюнча менеджерлик иш. Көп кишиге көз салып, иш милдетин моюнга алат. Бул чоң жоопкерчилик. Ишиңизди кантип жөнгө саласыз? Сиздин жетекчилигиңиз алдында жашы да, тажрыйбалуусу да, ар кыл журналисттер бар. Жаш туруп агенттиктин жалпы саясатын жүргүзүү татаал эмеспи?

— Эч кыйынчылыгы жок десем жалган болор. Кыйынчылыктар болбой койбойт. Мага караганда жубайыма кыйын го. Ал колунан келишинче мени колдоп турат, бирок анын абдан кыйналарын билем. Биз көп көрүшпөй калдык, иштен кеч кайтам, иш тартибим өзгөрдү. Үйгө келгенде да сайтка, статистикага көз салып турам, макалалардын аталыштарын оңдойм, маалымат талаасында алдыңкылардан болуу үчүн эртеңки күнү чагылдырыла турган темаларды чиймелейм.

Жамаатка абдан ыраазымын. Жетекчибиз Елена Геннадьевна журналисттердин абдан күчтүү командасын топтогон. Устатым, агайым жана жөн гана чоң досум Батыр Мамыркулов дайым кеңешин аябайт. Бул адамдардан, иштин көзүн билген ынтымактуу, күчтүү жамаатыбыздан улам иштин татаалдыгы анчалык сезилбесе керек. Андан тышкары, алар тек гана журналист эмес, жакын достор. Ар бирине таянууга болот.

— Айткандарыңызда калет жок, иш билги команда. Сайттын дили да дурус. Бир сутка ичинде сиздин колуңуздан маалыматтын эбегейсиз агымы өтөт, арасында жакшысы да, терс кабары да бар. Иргеп, керегин тандоо зарыл. Журналистика азыр абдан ыкчам ыргакта, аквариум сымал коомдогу кыбыр эткен нерсе көзгө урунат. Жаңылыкты канткенде туура жеткирүүгө болот? Журналист үчүн бул абдан татаал маселе болсо керек.

— "Орус радиосу — биз жаңылык жаратабыз" деген жакшы ураан эсимде. Интернет болсо да, болбосо да жаңылык ар качан бар. Айланабызда дайым бир окуялар болуп турат, сиз таамай белгилегендей, маанилүүсүн, зарылын, кызыктуусун жана пайдалуусун сунуу үчүн биз кабарды иргеп беребиз.

Көңүлдү эң оорутканы — балдардын өлүмү, ал эми сен алар туурасында чагылдырып жатасың. Бирок бизде бир тыюу бар. Вертер синдрому деген бар: эгер маалымат каражаттарында өспүрүмдөргө зыян эте турган нерселер көп жарыяланса, балдар аны кайталашы ыктымал. Андайга жол бербөөнү чечкенбиз.

"Көк кит" темасы тутангандан кийин биздин сайт балдардын өз жанын кыйгандыгы туурасында эч качан жазбайт деген чечимге келгенбиз. Балдардын өлүмү боюнча акыркы учур энеси өз перзентин сабаганы туурасында эле. Ал токмокту көтөрө албай комага түшүп, чарчап калды. Бул жөнүндө жазыш аябай татаал болду бизге.

— Маалымат каражаттары мындай үрөй учурган окуяларды калкка кабарлоого тийишпи?

— Кээде керек. Окурманга мындай жаман окуя кайталанбасын деп эскерткибиз келди. Менимче, бул окуя таш боор эне жөнүндө гана эмес, биздин таш боор, каардуу заманыбыздан да коңгуроо кагат. Эл кызматындагылардын эл менен иши болбой калганынан кабар берет. Адамдар жокчулукту, оор тагдырды башынан кечирип, кантип таш боор жанга айланып калганын аңдабай калышат. Бул темада "Мени өлтүргөн апама кат" деген аталышта бурчтук макала жазгам. Болгону үч жыл жарыкты көргөн чүрпөнүн дүйнөсүн түшүнгүм келди. Ур-токмоктон денесинин көп жеринде кан уюп калган, аны өлүмгө сүйрөгөндөрү эмес, кеп ага чейинки жарааттары боюнча эле. Аны көп токмоктошсо керек…

— Мен социалдык маселелер боюнча, анын ичинде турмушу начар үй-бүлөлөр менен иш алпарам. Тилекке каршы, көйгөйлөр көп, алар туурасында бул маегибизде эмес, өзүнчө кеп кылуу зарыл.

— Эмнеге мен эл кызматындагылардан кеп салдым дебейсизби? Бир нече жыл мурда Жогорку Кеңеште "Жарандардын тукум улоо укуктары жана алардын аткарылыш кепилдиктери" деген мыйзам долбоору талкууга алынды. Биздин мыйзам чыгаруучуларды документтеги "секс" деген сөз оңтойсуздандырды. Ал эми мыйзам балдарга маанилүү маселелерди: үй-бүлөнү, бюджетти пландаштырууну окутууну сунуштаган эле. Документ балдарга болгон сүйүү эмне экенин, алардын жоопкерчилигин алууну аңдоого көмөктөшмөк.

Бул дүйнөнү адамдар үчүн жакшыртууга тийиш болгон депутаттар ал документти кабыл алышкан эмес.

Вице-мэр Бишкека Айгуль Рыскулова и шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Рыскулова: өлкөдө калганыңыз жакшы болуптур, мамлекетти өнүктүрүү зарыл. Мекенчилдик, дагы абдан бийик нерселерден кеп козгойбуз, бирок тек гана мээнеттенип, бир нерсе кылуу гана керек экенин эстен чыгарабыз

— Бирок мыйзамды иштеп чыгууга болот эмеспи. Менимче, ага сөзсүз кайрылабыз.

— Мен дагы ошондой ойдомун. Негизи эле үрөй учурган окуяларды чагылдырган макалаларыбыз, бурчтук материалдарыбыз менен жок эле дегенде бир адамдын балдарга болгон мамилесин өзгөртүп, аларды уруп, мазактоого жол бербөө керектигин жеткире алган болсок, анда биз вазыйпабызды аткардык деп эсептейм.

Негедир айрымдар мындан кыйкым издеп, коомдо дүң болгон бул окуя менен упай топтоп, таанылып алууга айыптагандар да болду.

Өткөндө маалымат каражаттарынын көбү Ат-Башыдагы өз өмүрүн кыйган өспүрүм кыз боюнча жазып чыгышты. Биз ал окуя туурасында чагылдырган жокпуз. Саясатыбыз ошондой: балдардын өмүрүнө кол салганы туурасында жазбайбыз. Анткени, өспүрүмдөр коомдогу окуяларга абдан таасирленишет. Эсинде сакталып калат, анан кыйын кезде өлүм абалдан чыгуунун жалгыз жолу деп ойлошот. Мен өзүмдөн улам билем. Башка агенттиктерди да бул туурасында чагылдырбоого үндөйт элем.

— Бул саясатыңыздар менен макулмун. Мындай маселелерге абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, маалыматты тыкыр тактоо зарыл. Тилекке каршы, интернетте жалган маалымат абдан көп. Көп адамдар өздөрүн журналист сезип алгандай сезилет мага. Сиз буга кандай дейсиз?

— Тилекке каршы, ошондой болуп кетти. Социалдык медиа дээрлик ар бир адамды өзүн журналист сездирди өңдөнөт. Бирок алар жоопкерчиликти сезе билишпейт, өзүн-өзү коргой албаган, тиреги жок, күнөөсү жок эле адамдын тагдырын талкалап коюшу ыктымал. Журналист — дарыгер өңдүү, "зыян келтирбе!" деген башкы принципти тутунууга тийиш. Ооба, биз да адамдарга зыян келтиришибиз ыктымал, бирок коомго зыян алып келгендерге гана…

— Мында журналисттик этиканын таасири чоң болушу абзел, ал эми адамдар аны өздөрү аңдоого тийиш.

— Азыр журналисттердин өзү дайым эле бул этиканы сактай беришпейт.

— Сизге кошулам. Айтыңызчы, бүгүнкү күндө маалымат товарбы?

— Ооба, бул Instagram түйүнүнүн иши башталгандан бери байкалат. Мисалга, көптөгөн жергиликтүү аккаунттар биздин маалыматтардан пайдаланышат. Биз абдан кызык материалдарды – маектерди, лонгриддерди көп жарыялайбыз. Аларды башкалар көчүрүп, өз баракчаларына жарыялашат. Муну менен окурман тартып, ой-пикирлер бөлүгүндө кызуу талкуулар да жүрөт. Мындай жол менен алар өз баракчаларын таанытып, жазылгандардын санын көбөйтүшөт. Ал эми аудиториясы арбыганда — 20, 50, 100 миңге жеткенде, жарнамалык пикирлерди акы алып жарыялай башташат. Андай баракчаларда жарнамалык ой-пикир 200 доллар, кээде андан да жогору турат. Башкача айтканда, биздин маалыматтар менен өздөрүнө ысым жасап алып, анын пайдасын көрүшөт.

— Ошондо, чыныгы журналистика түшүнүгү бурмаланып калабы?

— Мен журналистика кайсы чекте экенин, кайсы учурда упай топтоо керектигин так ажыратып алдым.

Шеф-редактор информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алымбеков: мен балдарыма абдан жакшы, өнүккөн өлкөнү калтыргым келет. Эгер биз бул жактан кетип калсак, өлкөнү ким көтөрөт? Ар бирибизде: наавайчы болобу, короо шыпыргычпы, айтор, баарыбызда жоопкерчилик болушу кажет…

— Кайсынысы жеңип чыгат?

— Экинчиси го, менимче. Жакында "Кара күзгү" деген сериалдын биринчи бөлүгүн көрдүм. Негизи сериалдарды анча жактырбайм, ал эми муну көргөндө экрандан көзүмдү ала албай калдым. Сюжет боюнча Англиянын ханбийкесин уурдап кетишет, террорчу өлкөнүн премьер-министрине түз эфирде доңузду зордуктоо талабын коет. Тасманын аягына дейре ал бул кадамга бара албайт, азап чегет. Анан ханбийкенин бир манжасын кесимиш болушканда, ал аргасыз талапты аткарууну чечет. Бир бөлмөгө кирет, ал жакка чочкону киргизип коюшат. Шымын чечет, дүйнө бир саат бою ал жорукка көз салат. Жыйынтыгында, ханбийке эфирге чейин эле жарым саат мурда бошотулуп, террорчу өз жанын кыйганы билинет. Ал ханбийке куткарылып, ээн шаарды аралап келе жатканы эч кимге кызык эмес экенин түшүнөт. Ал эми мындай ыпластыкты көрүү үчүн баары телевизордон көз албайт.

Мында кеп адамзат жөнүндө. Биз эң маанилүү нерсени көрбөйбүз, бирок абдан жийиркеничтүү нерселерге үңүлө калабыз.

Мисалга, Энелер күнүнө карата балдар үйүндө тарбияланган балдардан апалардын сүрөтүн тартууну өтүндүк. Кээ бири уйкудагы кезин, түшүндө апасын көрүп, сүйлөшүп жаткан элесин түшүрүптүр — комикс түрүндө. Дагы биринде – тек гана кооз гүл. Бир бала бир аялдын сүрөтүн тартыптыр, апасын ошондой элестетет өңдөнөт. 15-20 чакты сүрөт бар болчу.

Аларды көрүп, биз көзүбүзгө жаш алган элек. Сайтка материалды жарыяладык, дээрлик окулбады — болгону 170 гана жолу каралыптыр…

Ош базарында бир эркек башка бир эркекти зордуктаганы жөнүндөгү акылга сыйгыс окуя боюнча материалды чыгарганыбызды бир суткада 40 миң киши окуган! Дегеним, "Кара күзгү" сериалынын автору теманы таамай тапкан…

— Балким, мен турмушта анча-мынча нерселерге таң калбай деле калган чыгармын, бирок, сиз менен баарлашып отуруп, адилеттүүлүк, боорукердик сизде абдан күч экенин байкадым. Мындай нерселер менен жашап, иштеш кыйын эмеспи? Коом таш боор да.

— Кимдин сөзү экенин унутуп калдым, менимче, Лев Толстой болсо керек эле… Сөзмө-сөз да эсимде жок, бирок, мындай ой айтылган: сүйүү деген улуу сезим адамды аяр кылат. Ал таш боор адамдар сезбегенди нерселерди туят. Ошондон улам болбогон нерсе үчүн тереңге кулашы ыктымал, бирок дал ошол сүйүү аны кайра тирилтет. Ал канат тагат, турмушун колдойт, үмүт жандырат, күчтөндүрөт. Буга мен толук кошулам.

— Эгер миллион таап алсаңыз, эмне кылмак элеңиз?

— Жок дегенде жарымын өзүмө калтырмакмын. Мен таап алдым, андыктан, жарымына акым бар эмеспи.

— Ушул суроо дайым мени ойго салчу. Журналисттер көп колдонгон соболдордун бири эмеспи. Сиздин айтканыңыз жакты, анткени, чын дилден айтылган жооп болду.

Коом алмашты, биз өзгөрдүк, заман өзгөрдү дейбиз. Бирок сиз жогоруда кеп кылган көйгөйлөрдөн улам чындап келгенде адам өз жүрүш-турушу менен эч өзгөргөн жок да. Жер бетинде жарыкты көргөндөн бери, орто кылымдагы адам кандай болсо, заманбап технологиялар доорунда ошол калыбында калды.

Өлкөңүздү сүйөсүзбү?

— Сүйөм. 2010-жылы жубайым экөөбүз Европага кетүүгө камынганбыз. Виза бермек болуп калышкан, билет алалы деп жатканбыз. Көп акча таап, байып кайтууну көздөгөнбүз. Бирок апрель окуясы болуп калды, үч жылга чейин визаны жаап салышты. Толтура каражат короткон элек. Азыр ошондо учуп кетпегенибизге шүгүр кылам.

— Улуу талант Юрий Никулиндин анекдоту эсиңиздеби: эки поезд А жана Б пунктунан чыгып, бири-бирине карай бет алышат, бирок жолугушпайт. Эмнеге деп сурашат? Маңдайга жазылбаптыр дейт. Ошол сымал эле ар бир адамдын өз тагдыры бар. Өлкөдө калганыңыз жакшы болуптур, мамлекетти өнүктүрүү зарыл. Мекенчилдик, дагы абдан бийик нерселерден кеп козгойбуз, бирок тек гана мээнеттенип, бир нерсе кылуу гана керек экенин эстен чыгарабыз. Балдарыңыз да ушул жерде жашашын каалайсыз да, чынбы?

— Аларга абдан жакшы, өнүккөн өлкөнү калтыргым келет. Эгер биз бул жактан кетип калсак, өлкөнү ким көтөрөт? Ар бирибизде: наавайчы болобу, короо шыпыргычпы, айтор, баарыбызда жоопкерчилик болушу кажет… Алардыкы шеф-редактордукунан да алдаганча көп. Эгер ар бир киши өз иши менен алек болуп, өз милдетин 100 пайызга аткарса эле биз тез өнүгүп кете алабыз.

Тема:
Өзгөчө интервью (6)

Тема боюнча

Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
Белгилер:
террорчулук, журналистика, маек, сүйүү, мектеп, Эркин Алымбеков, Айгүл Рыскулова

ЭҢ МААНИЛҮҮ