Эльвира Сурабалдиева: —Биздин студияга кош келдиңиз, Эркин мырза. Бүгүн сиз менен маек курсак деген ниеттебиз. Сиз чын дилден, кенен, толук жооп берсеңиз.
Эркин Рыскулбеков: — Аракет кылайын, сиздей болгон инсан өзү суроо берип жатса анан, бир нерсени жашырыш өзү күнөө да.
Э.С.: — Рахмат. Баштаганда эле айым катары суроо салайын деп турам. Кыргызстанда аялдардын жашоосу мырзаларга караганда жеңилби? Мен гендердик сезимталдык деген маселеге көңүл бургум келип жатат.
Э.Р.:— Кимдин жашоосу оор, кыйын болуп жатканын анализге салып айта албайт экенмин. Ооба, көп учурларда аялдардын жашоосу кыйын деп келгенибиз менен, статистикага көз жүгүртсөк, эркектер о дүйнөгө эртерээк аттанып кетет экен. Ага караганда силер көбүрөөк жашайсыңар (студияда күлкү). Кимдики оор-жеңилин айтуудан алысмын, бирок мен үчүн аял — үй-бүлөнүн негизги түптөөчүсү, бүлөнүн ортосундагы өзөгү. Мен үчүн аял биринчи иретте эне, менин апам. Үй-бүлөмдү өлкөнүн кичинекей макети катары санайм. Андыктан, мен өлкө жөнүндө кантип талкуулай алам? Биздин үй-бүлөнү түптөп, анан ынтымагын, берекесин кармап келе жаткан апам. Эне жөнүндө сонун кептер бар эмеспи.
Кырсыктан сактаган тумарым
Кыйшайсам түзөтүп турарым
Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Алдымдан кыйкырып чыгарым. Менин айтарым ушул.
Э.С.: Азыр коомдо феминизм, гендердик теңдик туурасында көп сөздөр болуп жатпайбы. Буга азыр кандай баа берет элеңиз? Мазмунун кандай чечмелейсиз?
Э.С.: — Жеке жашоомдо, үй-бүлөмдө жоопкерчиликти өзүм алам деген сөз да бул?
Э.Р:.— Мен кыргыздын салты менен жашайм (күлүп). Биздин элдик салттарды өзүңүз билесиз.
Э.С:.— Кыргыздын нукура жигиттери көбүнчө ошентип жооп беришет. Жоопкерчиликке келгенде түйшүктү толугу менен мойнума алсам, мен гендердик жакка башкачараак карайм деген сөз.
Жакшы жооп болду деп ойлойм. Эми сөз нугун мен жаңы келген саясат жакка бурсак. Турмушта ар кандай болот экен да. Эгерде Жогорку Кеңешке, чоң бир элдин тагдырын чече турган кызматка келип калсаңыз, эң ириде реалдуу делген кайсы үч маселени көтөрөр элеңиз?
Э.Р:.— Биринчиси кичи жана орто бизнести колдоо маселеси….Бажы тармагын айтайынчы. Андан кирип жаткан товарлардын бардыгына мамлекет кайсы учурда бирдей мүмүнчүлүк түзүп берет? Атка минерлер мыйзамды бузбаганда. Себеби, чиновниктер кайсы бирөөлөргө контрабанда менен киргенге мүмкүнчүлүк берет.
Э.С:.— Өзүнөн баштап..
Э.Р:.— Ал эми экинчилери акыркы салыгына чейин төлөйт. Ошондуктан кай бир ири маркеттерде товар баасы арзан, себеби, ал контрабанда менен келген деп билебиз да. Кээ бир жерлерде кымбат.
Э.С:.— Теңсиздик жок…
Э.С:.— Резюмеңизди карасам, бир нече жылдан бери радио, теле тармагында жүрүптүрсүз. Сиздин жеке пикириңизде студияда иштеген жеңилби же сыртка аудиторияда, тойлорду алып баруубу?
Э.Р:.— (Күлүп). Ооба. Өзүңдүн жериңде болсоң, маселен, үйдүн дубалдары да колдойт деп коюшат эмеспи. Миң жолу жамандасаңар дагы КТРКнын ыйык студиясы менин үйүм. Мен үчүн менин студиям — ыйык.
Э.С:.— Ал жерден өзүңүздү жеңил сезесизби?
Э.Р:.— Ооба. Мен студиянын ичине киргенде эч ким эч нерсе кыла албайт. Министри болобу, депутаты, президенти болобу…
Э.С:.— Ал жакта мен кожоюнмун деңиз?
Э.Р:.— Каалаган суроомду берип, жоопторун алам. Ал жакта, өз телеберүүмдө мен кожоюнмун.
Э.С:.— Дагы бир суроо… Кызыктар соболдор көп да эми…
Э.С:.— Нукура кыргызмын деп жатасыз. Бизде трайбализм деген түшүнүк бар. Аны көп учурда тескери көрүнүш катары кабыл алат, а сиздин оюңузда кандай болду экен? Жакшы жерлерин санап кете аласызбы?
Э.Р:.— Менимче трайбализмдин жакшы жери — ынтымак, бирин-бири колдоо, тууганчылык, бирге жашоо. Себеби, бир болгондо, топтолгондо күч дагы болот. Салт. Эми ушунчалык сонун салттар бар, биринен бири өтөт. Устукан тартканды эле карабайсыңарбы. Нарында өзүнчө, Көлдө таптакыр башкача. Ал эми диалектилерге көз салсак, бул дагы сонун бир керемет көрүнүш да. Түштүк, түндүк тараптагы сөздөрдү угуп салыштырсаң…
Э.С:.— Үйрөнө турган нерселер…
Э.Р:.— Ооба, үйрөнүп, өздөштүрөсүң. Мисалы, бадабот деген сөз. Менин билишимче, тарыхы төмөнкүдөй экен. Жолдо кетип бара жаткан орусча сүйлөгөн киши жергиликтүүлөрдөн суу сурайт. Үйдөн кесеге куюп сунган сууну тартып жиберип, чаңкоосу канган киши "вода, вот!" деп баш бармагын көрсөтөт. Беркилер, "ии, кесени ушинтип айтышат тура" деп ошондон бери бадабот болуп калган дешет. Ары кызыктуу, ары күлкүлүү окуя. Кыскартып айтсам, албетте, трайбализмдин жакшы жагы да бар.
Э.С:.— Чоңоюп келе жаткан муундарга, өспүрүмдөргө белгилүү Эркин Рыскулбеков кандай үч кеңеш берет эле? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Э.С:.— Бир нече күн мрда Бишкек калаасында абдан чоң талкуу болду. Жолду кеңейтебиз деп бак-дарактарды кесүүгө аргасызбы деп жатышпайбы?
Э.Р:.— Мен муну туура эмес деп ойлойм. Өткөндө Барселонага барып келдим. Ошол жерден аллеяны көрсөтүп, чоң трассаны велосипедчилер үчүн деп, жаап, бактарды отургузуп, кайра жасап чыгышыптыр. А биз тескери кылып жатабыз. Өзүңүз деле Европада окугансыз, жолдорун жакшы билесиз. Европанын баары бир тараптуу жолдор. Маселен, Кишинев Бишкектен эки эсе кичине шаар, көчөдөн автотыгын көрбөйсүз. Маселен, Манхеттен. Эмне деген аралды жасап коюшкан. Машина токтоткон көп кабаттуу жайлар бар. Маселе жаралган эмес.
Э.С:.— Биздин азыркы мэрибиз (ред. – Албек Ибраимов) ушул интервьюну көрүп, окуп, эсине алат деп ойлойм (күлүп).
Э.Р:.— Ооба эсине алышы керек. Анан экинчиден, сиздер да эл өкүлдөрү жанагы Кайгуул кызматы жолду тосуп, аткаминерлер өздөрү өтүш үчүн…
Э.С:.— Элди күттүрүп коюп…
Э.Р:.— Ооба, элди күттүрүп коюп анан өткөндүн баарын токтотуш керек эле.
Э.С:.— Элге жакыныраак болушат эле дейсизби?
Э.Р:.— Маселен, килейген Москвада Колцевойдун ичинде кечки 10го чейин МКАДдын жүк ташыган ири автоунаалары кире албайт. Биздики жүрөт…
Э.С:.— Анын экинчи жагы бар да, бизнеске таасири?.. андай учурда жолду тороп жатышпайбы?
Э.С:.— Эми коррупцияга келдик окшойт. Сиздин тармакта коррупция барбы, болсо канчалык деңгээлде?
Э.Р:.— Башкаруучу топ менен инсандарды шайлаган элдин ортосундагы көпүрө ким? Алар — журналисттер. Булар өзгөчө бир ыйык кесипти уят кылган, ыплас нерселерди жасагандар. Сиз да билбей койбойсуз да аны, акча сурагандар же болбосо сен жөнүндө момундай компромат материалым бар…
Э.С:.—…Же жазып коюп туруп, акча сурап, анан жакшы жерин жазып бергендерби?
Э.Р:.— Ооба. Акча сурап чыгарбайм дегендер бар, түрдүү да.
Э.С:.— Кандай гана сонун теманы баштадык (күлдү). Бул да коррупция. Ушуну жоё турган жолдору кандай. Биз мамлекеттик коррупцияны тийбей эле, сиздин тармакты алсак? Кесиптик моралдык жагын көтөрүш керекпи же айлык акысынбы?
Э.Р:.— Акыны көбөйтсө деле, билбейм ал кандай болот. Бул эволюциялык жол менен чечиле турган нерсе го дейм. Акырындык менен келишибиз керек. Мындан 20 жыл мурда раматылык Мелис Эшимкановдун "Асабасынан" элдин баары корккон. Шайлообек байке (акын Шайлообек Дүйшеев – ред.) "Агындылардын" 2-томунда "кабинетинде бекинип туруп эле рейтингдерди өзү чыгарып койчу" деп жазып жатпайбы. Окусаңыз, "Агындыларда" мен Мелис Эшимкановго тургузган эстелигим ушул болсун деп чоң бир глава жазыптыр, ошол жерде бар. Азыр социалдык тармактар дооруна келгендиктен, андай нерселер жазылса бардыгы билинип калып жатпайбы. Бул жогоруда айткандай, эволюциялык жол менен оңолуп кете турган нерселер. Буларды менин өзүмдүн агайым Мелис Эшимканов акын Шайлообек Дүйшеевдин жазганынан улам айтып жатам.
Анан да азыр басылмалардын беттеринде "мыкты эместер жок", "Жылдын мыктылары" деген көбөйүп кетти. Жыл бүтүп жатканда, ар бир гезит, радио "мыкты" деп статуэтканы жасап алып, көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот.
Э.С:.— Ал да сатылабы? (Студияда күлкү) Мага чакыруу келгенде барбаптырмын да, андай болсо эмнеге чакыргандыгын эми түшүнүп жатам.
Э.Р:.— Сатылат дегени кандай, эми… "Сиз жылдын мыкты баланчасы болдуңуз, ушуну бир ресторанда өткөрөт элек, ушуга спонсор болуп койсоңуз" десе, сатылат дегени ошол да.
Э.С:.— Ал коррупциянын цивилдүү жолу да.
Э.Р:.— Мен да Кудайдын парманы менен жылдын мыктысына илинип калгам.
Э.С:.— Эмне сурашты эле? (күлүп).
Э.Р:.— Жок, бизден сурабайт. Эми ал формула да. Жакшы ырчыны кошот, белгилүү инсандарды кошот, анан акчасы барларды да мыкты деп атап коюшат.
Э.С:.— Кайрадан эле кыздар темасына келсек. Кызыңыз болсо, менин жолумду уласын дейсизби же өзүнүн эркине коёсузбу? Кандай ата болор элеңиз?
Э.С:.— Анда эркек балаңызды кантип тарбиялайсыз деп сурабай эле коёюн.
Э.Р:.— Ал эми кызымды врач кылмакмын. Биздин үйдө дарыгер жок (күлдү), эми бул жеке пикирим.
Э.С:.— Бизнести колдойт экенсиз, туризм жагын айттыңыз. Эмки суроо – келечекте саясатка барасызбы?
Э.Р:.— Жок. Менден башкалары деле жетиштүү го. Чынын айтсам, абдан деле иштерман эмесмин. Барып алып, алты миллион инсандын, не деген сан бул. Ошончо сандагы адамдар тумар, таберик кылып келген болгону 120 орун бар. Ошонун бирин ээлеп алсам, тагдыр кечирбейт болуш керек. Же кыйратып бир маселесин чечип бербесем. Жеке амбицияларымды өйдө коюп отура бериштин кажети эмне.
Э.С:.— Өзүңүзгө сын көз карашыңыз абдан чоң турбайбы.
Э.Р:.— Жөндүү эле нерсени айттым да эми.
Э.С:.— Ал эми мындай нерсе да, тагдыр жана буйруктан болот турбайбы. Маңдайыңа жазылган нерселерден эч жакка кетпейт да экенсиң да.
Э.Р:.— Сөзсүз. Аныңыз туура. Эгерде менин сиздей билимим болсо, чет жактардан окусам, бизнесте сиздей чоң тажрыйбам болсо, анда балким, барууга бир аз бел байламакмын. Болгон тажрыйбам, тогуз жылдан бери көргөнүм – теле, кадр, микрофон, камера болсо. Азырынча мен телеге керектүүрөкмүн.
Э.С:.— Азыр канча жаштасыз?
Э.Р:.— Жыйырма сегиздемин.
Э.С:.— Анда баары алдыда турбайбы. Негизи улуулардан интервью алганда, жаштарга кандай каалооңуз бар деп сурашат эмеспи. Мен аксакалдар, улууларга, байкелерге, чечим институтуна тиешелүү адамдарга эмне сөз айтар элеңиз деген собол бергим келип турат.
Э.С:.— Мүмкүн мунун экинчи жагын айта кетсек. Азыркы заманда улууларыбызды жаштар көп сыйлабай, аксакалдар кичүүлөрдү урматтабай калдыбы?.. Маселен, ошол эле парламентте 25 жылдан бери "бийликте отурсам эл сыйлайт" дегениби кеткиси келбейт. А мүмкүн учурунда алардын мамлекетке кылган эмгегин баалап-барктасак, балким, мындай болбойт беле деген ой кетет…
Э.Р:.— Тыйындын эки бети да. Илгери айылда дөөлөттүү бир аксакалдардын айтканы айткандай болчу эле… Мисалы, жамандык болду дейли. Анан сөөктү канча кармоо, жерге берүүдөгү, эми ар кыл маселелер чыгып калат эмеспи. Ошондой учурларда алар чечип койчу эмес беле. Же болбосо "Ташкенттен келе жаткан кудасы келмейинче сөөк коюлбайт" десе, сөз бүттү, эки болбойт. Баары күтүшөт. Эми кандай болду? "Э, ата, сен отура турчу" дейт да, баласы чечет, келини чечет..
Э.С:.— Биз сыйлабай калдыкбы?
Э.Р:.— Ооба, сыйлабай калдык. Бул биздин, жаштардын кетирген чоң катачылыгыбыз. Эгер ошону ушул муун — сиз жана мен оңдоп кетпесек, анда бүттү, ошол боюнча калды.
Э.С:.— Анда биз да улгайганда ошондой мамилеге дуушар болуп калат турбайбызбы…
Э.Р:.— Ошондой "жөн эле отура турчу" деген мамилеге дуушар болсок жакшы, сиз экөөбүз анан Серафимовкадан (Кант шаарындагы карылар үйү – ред.) жолугуп калбасак болду.
Э.С:.— Кудай сактасын (күлүп).
Э.С:.— Ооба, Кудай сактасын. Азыр кеч эмес, токтотпосок, уламдан улам күч алып өркүндөп, баратат.
Э.С:.— Сиздин маек абдан маанилүү болду. Жакты. Көз карашыңыз көп жерден курч болгону менен сизге окшогон жаштар мамлекетибизде көбүрөөк болушу керек. Мага жаккан сапат — орусча айтканда "самокритика" жана реалдуу көз караштарыңыз бар экен. Бар болуңуз.