Дүйнө жүзү боюнча Telegram иштебей жатат. Себебин түшүндүрүштү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМессенджер Telegram
Мессенджер Telegram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Серверлер катуу ысып кеткендиктен, мессенджердин иши үзгүлтүккө учурады.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Учурда Telegram мессенджери дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда дагы иштебей жатат.

Бул тууралуу Telegram байланыш тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуров дагы өзүнүн Twitter-каналына жазды.

"Серверлер катуу ысып кеткендиктен, мессенджердин иши үзгүлтүккө учурады. Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайм", — деп жазды Дуров.

Бул туурасында кыргызстандыктар да жазып, себебин билбей жаткандыктарын социалдык тармакка жазышты.

Ошондой эле ал ушул тапта көйгөйдү чечүү үчүн адистер иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0