Бишкектин көчөлөрүнө коюлган "акылдуу" камералардын көрүнүшү. Сүрөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкекке коюлган "акылдуу" камера
Бишкекке коюлган акылдуу камера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын көчөлөрүнө коюлган камералар жол эрежесин бузгандарды каттайт жана сынамык режимде бир ай иштейт

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Премьер Сапар Исаков 11-апрелде КСДП фракциясына өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берип жатып, Бишкекке коюлган "акылдуу" камералар 12-апрелден тарта жол эрежесин бузгандарды каттап, бир ай сынамык режимде иштеп баштарын айткан.

Исаковдун айтымында, камералар Фрунзе — Ибраимов, Байтик баатыр — Горький, Байтик баатыр — Ахунбаев жана Байтик баатыр — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти шаарга канча камера коюлганын жана алар кайсы жакты карап турарын текшерип көрдү.

Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши:

© Sputnik / Нурис АлымбаевФрунзе — Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги камера түштүк багытты каратылып коюлган
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе — Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги камера түштүк багытты каратылып коюлган

Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабына эки камера коюлуп, жол кыймылынын түндүк жана түштүк багытына каратылып коюлган.

Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши:

© Sputnik / Нурис АлымбаевБул "акылдуу" камера Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бул "акылдуу" камера Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган

Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк жана түштүк багыттарына каратылган.

Аталган жолдун кесилишине төрт камера коюлуп, алардын бардыгы тең бири-бирин карап турат. Андан сырткары, жол чырактардын алдына бүгүн камера коюлганы боюнча белгилер орнотулууда.

Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши:

© Sputnik / Нурис АлымбаевБайтик баатыр менен Ахунбаев көчөсүнө коюлган камера
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөсүнө коюлган камера

Бул аймакта дагы эки гана камера коюлган. Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк жана түштүк багыттарына каратылган.

© Sputnik / Нурис АлымбаевАл эми Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде "акылдуу" камера жок болуп чыкты
Установка камер фиксации нарушений ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ал эми Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде "акылдуу" камера жок болуп чыкты

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Байтик баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине да камера орнотулганын айткан. Бирок жеринен барып текшере келгенде камералар коюлбаганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0