Бишкекке дагы төрт жаңы троллейбус келди

Жазылуу
Буга чейин дагы беш троллейбус алып келинген болчу

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекке жаңы дагы төрт троллейбус алып келингенин Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчи орун басары Марат Үмөтов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта темир жолу менен келген троллейбустарды башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери түшүрүп жатат. Үмөтов ошондой эле жаңы троллейбустар дароо эле каттамга чыкпай турганын айтты.

"Жаңы троллейбустар дароо эле каттамга чыкпайт. Заводдун өкүлдөрү келип, кабыл алуунун бардык жол-жобосу аяктагандан кийин гана транспорт эл ташып баштайт", — деди ал.

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекке беш жаңы троллейбус алып келинген. Алардын ар бири 122 миң евро турат.

Мындай аракеттер Бишкектеги коомдук транспортторду жаңылоо долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. 2018-жылдын жай айларында калаанын көчөлөрүндө 52 жаңы троллейбус пайда болот.

Троллейбустар Россия жана Белоруссиядан алып келинет. Россиядагы "Тролза" компаниясынан 37 троллейбус алынса, калган 15и Белоруссиядан келет.

Транспорттун жалпы суммасы 7 миллион еврону чапчыды. Каражатты Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0