Ош: проректор Абдувалиев индиялык студенттин эмнеден каза болгонун айтып берди

Жазылуу
Каза болгон студентке соттук медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыгарылды

ОШ, 24-фев. — Sputnik. Кечээ Ош шаардык ооруканасында каза болгон индиялык студент Сураб Тиравинин (Sourabh Tiwari) сөөгү бүгүн, учак менен мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу ОшМунун Өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, маркум студент ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 6-курсунда окуп жаткан.

"Ал 22-февраль күнү катуу ооруп, Ош шаардык ооруканасына кайрылып, ага дароо операция жасалган. Студент панкреатит оорусу менен жабыркачу экен. Ал илдети тереңдеп кеткенде гана ооруканага кайрылгандыктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. 23-февраль күнү студент жигит каза болуп калды. Сөөгү шаардык оорукананын өлүкканасына жеткирилип, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Учурда өлүмүнүн себептери аныкталды. Индиянын Кыргызстандагы элчигинин, Кыргызстандын Бажы жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү чогулуп, документтерди биргеликте даярдап жатабыз", — деди Абдувалиев.

Абдувалиев маркумдун сөөгү бүгүн, 24-февралда Бишкек шаарына учак аркылуу жөнөтүлүп, андан ары өзү туулуп-өскөн мекени Индиянын Дели шаарына жибериле турганын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргыстанда 13 миңге жакын чет элдик студент окуйт. Алардын арасында коңшу өлкөлөрдөн баштап алыскы Африкадан келгендер да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0