Кыргызстандын кайсы жеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар? Карта

© AFP / ALEXANDER KLEINСнежные и лавинные ограждения в горах Австрии
Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Ысык-Көл облусундагы Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда кар көчкү түшүп, аң уулап жүрүп көчкү алдында калган бир адамдын сөөгүн 100 киши издеп үч күндөн кийин араң тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кайсы аймактарда кар көчкү күтүлүшү мүмкүн экенин жарыялап, жолго чыккандарды этият болууга чакырат. Кыштын ызгаар суугунда кырсыктардын алдын алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги ӨКМдин жардамы менен Кыргызстандын жолдорундагы кар көчкү күтүлгөн жерлерди тизмектеди.

Кыргызстандын негизги жолдорундагы кар көчкү коркунучу көбүрөөк жерлер:

Бишкек — Ош унаа жолунун 124-137-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусу;

Бишкек — Ош унаа жолунун 198-268-чакырымында, Ала-Бел ашуусу;

Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 75-97-чакырымында, Чапчыма ашуусу;

Бишкек — Ош унаа жолунун 355-358-370-чакырымында;

Арал— Миң-Куш унаа жолунун 3-35 чакырымында;

Каракол — Эңилчек унаа жолу, 45-50 жана 72-88 чакырымында, Чоң-Ашуу ашуусу;

Казарман — Нарын унаа жолунун 45-73-78-чакырымында, Кара-Көө ашуусу;

Өзгөн — Алайкуу унаа жолунун 45-89 чакырымында;

Ош — Даарот-Коргон унаа жолунун 158-184 чакырымында, Талдык ашуусу;

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 280-292 чакырымында, Долон ашуусу;

Бишкек — Ат-Башы унаа жолунун 353 чакырымында, Кызыл-Бел ашуусу;

Кочкор — Арал — Төө-Ашуу унаа жолунун 154-158, 160-171,172-чакырымында;

Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунун 290-чакырымында, Чоң-Көчкү участогу

Бишкек — Ош унаа жолунун 216-231-чакырымында, Шаркыратма участогу

Ала-Бука — Жаны-Базар — Киров унаа жолунун 192-222 чакырымында, Чапчыма ашуусу

Баетов — Макмал унаа жолунун 110-134-чакырымында, Көк-Мойнок ашуусу

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68 чакырымында, Суек ашуусу

Муз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катуу сууктан улам Ысык-Көл тоңо баштадыбы? Видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 16-22-январь күндөрү Бишкек — Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255-чакырымдарындагы кар көчкү топтолгон жерлерде артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен 70 700 куб метр кар көчкү атып түшүрүлгөн.

Мындан улам министрлик кар көчкү коркунучу бар тоолуу жолдордо жол жүрүүдө, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону жана кар көчкү коркунучу бар жол тилкелеринде токтоого болбой турганын эскертти. Ошондой эле айдоочулардын жол жүрүүдө өтө сак болуп, жол белгилерине (кар көчкү) көңүл буруусу зарыл экендигин кошумчалады.

Баса, сууктан улам элге милиция да кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0