БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 9-январь күнү соцтармакта "мас болуп иш бөлмөсүндө уктап калган" кызматкердин видеосу тарап, анын Ноокат РИИБ жетекчиси экени айтылган. Андан соң Ташовдун милицияга эч кандай тиешеси жок экени айтылып, анын райондук стаститика бөлүмүн жетектеп келери белгилүү болгон.
Кийинчерээк Ташов "ичкилик ичпегенин, досу экөө ичкен шербетке уйкунун дарысы кошулганын" божомолдоп, буга кабылдамада отурган кызматкерди күнөөлөгөн.
Улуттук статистика комитетти кызматтык иликтөө иштерин жыйынтыктап,райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовду кызматтан алуу чечимин чыгарган. Аны менен кошо орун басары Шайырбек Арапов да кызматынан алынган.