19:56 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.4881
  • EUR93.2356
  • RUB1.0286
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Жөлөк пул (30)
147911

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн сүйүнчү пул төлөнө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Анын айтымында, 4000 сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тарта төрөлгөн бардык ымыркайларга берилет.

"Бул акча бардык ымыркайларга бирдей чегерилген. Тоолуу аймактын тургундарына коэффицентине жараша кошулуп төлөнөт. Бирок сүйүнчү акча бала төрөлөөрү менен дароо колго берилбейт. Ал үчүн ата-эне жашаган жериндеги социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып тийиштүү документтерди өткөрүшү керек", — деди Кадыралиева.

Сүйүнчү пул алуу үчүн керектүү документтер:

— Ата-энесинин паспорту (ажырашкан болсо баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

— Баланын күбөлүгү;

— Жашаган жеринен справка;

— Эгер бала багып алынган болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

Эске салсак, балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамын демилгелеп, аны Жогорку Кеңеш колдоп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында кол койгон. Бирок бул мыйзамдын "биринчи балага сүйүнчү" пункту гана ишке ашып, калган "балага жөлөк пул" жана "үй-бүлөгө көмөк" деп аталган пункттарынын мөөнөтүн Жогорку Кеңеш үч айга узарткан. Себеби аталган эки бөлүккө Нарын шаарынын айрым тургундары каршы чыгып, ачкачылык жарыялашкан.

Тема:
Жөлөк пул (30)

Тема боюнча

Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп
Жогорку Кеңеш жөлөк пул боюнча өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүн узартты
Белгилер:
сүйүнчү, ата-эне, мыйзам, көмөк, ымыркай, акча

ЭҢ МААНИЛҮҮ