Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы бейтаптар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаевдин айтымында, үй-бүлө куруудагы жаш курактын өзгөчөлүгү кыздар үчүн гана эмес, эркек балдар үчүн дагы маанилүү

Бул жолу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эркектер үчүн үй-бүлө куруу кайсыл убакта ыңгайлуу экендигин сураштырып көрдү.

© Фото / Гулдана ТалантбековаДарыгер-уролог Нурлан Эгетаев
Гролог-андролог высшей категории Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев

Эрте үйлөнсө эмне болот?

Эгер балдарды биологиялык жактан алып карасак, 15-16 жашынан тарта эркектик урук бөлүп чыгара баштайт. 18 жашында физикалык жактан дене мүчөсү жетилген убак болуп эсептелинет. Бирок бул үй-бүлө курууга ыңгайлуу курак дегенди билдирбейт. Башкача айтканда, баланын денеси жетилгени менен психологиялык жана моралдык жактан өсө элек болот. Эрте үйлөнүп алса, турмушунда түшүнбөстүктөр көп кездешет. Анан да медициналык жактан кеп-кеңеш албай баш кошот. Мындайча айтканда, дүйнө таанымы да жарды болот. Материалдык абалы да дурус эмес болгондуктан, көп кыйынчылыктарга учурайт.

Балдар үйлөнгөнгө чейин сөзсүз жыныстык катнашта болуп турушу керекпи?

Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оор дартын уккан бейтап өксүп ыйлады. Хирургдун маеги
Менден балдар "агай, жыныстык катнашка барбай койсо эмне болот?" деп сурашат. Олуттуу деле эч нерсе болбойт. Организм урукту чыгаргысы келсе аны башка жолдор менен деле ишке ашырат. Балдарда сөзсүз эле "эркек болгондон кийин сексуалдык мамиледе болуш керек" деген түшүнүк болбошу керек. Үйлөнгөндө деле биринчи жолу аял менен жакын мамиледе болгондор бар. Бул нерсенин уяты жок. Кээ бирөө эрте эле баштап алат. Маселен 16 жашында деп коелу, ал ким менен жакындашты, ооруу жукпайбы, психологиялык жаракат алып калбайбы деген көп суроо бар. "Биринчи сексуалдык тажрыйба" деген түшүнүк болот. Мында бала биринчи жолу кыз менен жакындашууну үйрөнөт. Эгер бул өспүрүм кезде болуп, ошол учурда иши оюндагыдай болбой калса, аялзатынан иренжип, көңүлү калып калышы ыктымал. Анан да эрте кошулуу бала пайда кылуучу органдарды жабыркатат.

Эң ыңгайлуу курак

Балдар колдон келсе 25-30 жашында үйлөнгөнү туура. Бул убакта жок дегенде бир кесипти аркалап, иштеген иши болот. Билими болбосо да турмуштун ак-карасын ажырата алат. Моралдык жана материалдык жактан жашоого дагы даяр болот. Физикалык жактан дагы болуп-толуп турган убагы.

Кеч үйлөнүүнүн кесепети

Кыргызстандагы европалык үлгүдөгү биринчи кардиолог Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Ак халатчан "периште": жүрөгү кайра иштеген адам мени көрүп "өлдүм" деп ойлоптур
Кийинки кезде эркектер 30-35 жаштан кийин үйлөнүп жатышат. Андан да өтүп үйлөнгөндөр бар. Жакшылыктын эрте-кечи жок деңизчи, бирок ден соолук бир орунда турбайт. Жаш өткөн сайын эркектин уругунун сапаты начарлайт. Начар деген сөз — жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялары көп дегенди түшүндүрөт. Бул биринчи кезекте түйүлдүктүн пайда кылууну кыйындатат. Ошондуктан убагында эле үйлөнгөн жакшы. Жаш организм деген баары бир жаш. Урук биринчиден күчтүү, экинчиден таза болот.

Калп эле табарсыгым ооруп жатат деп….

Эркектер ден соолугуна байланыштуу деле үйлөнгөндү создуктурушат. Урологияда "эркектин алсыздыгы" деген оору бар. Бул илдет азыр 20 жаштагы жигиттердин арасында деле кездешип жатат. Ооруга жыныс органдары аркылуу жуга турчу инфекциялар, сезгенүүлөр, простатит, аз кандуулук жана башкалар себеп.

Мага кээде балдар "табарсык тушум же ичим ооруп жатат" деп келишет. Эркектин алсыздыгы чындыгында балдарга үчүн катуу тиет. Кошулганда өзү дагы, өнөктөшү да канааттана албай кыйналат. Анан психологиялык жактан келинчегимдин алдында басынып калам деп үйлөнбөй жүрө беришет.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Бир бейтап келип калды. Ал дагы алсыздыктан азап тартып жүрүптүр. Аялы аны туура эмес түшүнүп "көңүлдөш таап алгансың го, ошондуктан мага кош көңүл мамиле жасап жатасың" деп чыр салчу экен. Мындай түшүнбөстүктөр оголе көп. Диагнозун угуп, билгендер дарыгердин айтканын туура кабыл алып дарыланууга өтөт. Кээ бирөө, тескерисинче, маани бербей жүрө берет.

Балдарга деле көңүл буруп коюшса…

Мурда мектептерде кыздардын кеңеши деген атайын сабак өткөрүлүп, анда биологиялык, психологиялык кеп-кеңештер айтылчу. Азыр деле кээ бир мектептерде бар экен. Эмне үчүн ушундай сабактар эркек балдар үчүн уюштурулган эмес? Алар аскерге жөнөөр алдында же студент курагында медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул убакта айрым урологиялык ооруларды дарылоо кеч болуп калышы мүмкүн. Өлкөдө медициналык кароолор, иш-чаралар деле жүргүзүлүп келет, бирок максатына жете элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0