Европанын кардиологдор бирикмесине жана Европанын жүрөк ритми асcоциациясына мүчө болгон жаш окумуштуунун сунуштары бир ай мурда америкалык илимий "Heart Rhythm" журналына англис тилинде жарыяланды.
Ушул тапта Бишкектеги жеке клиникалардын бирин жетектеп жүргөн Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен жолугуп, башынан өткөн кызыктар жана келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.
— Дамир мырза, алгач европалык үлгүдөгү дарыгер кандай болушу керек, ошону түшүндүрүп берсеңиз?
— Мисалы бизде жүрөк оорулары менен иштеген дарыгерлер кардиохирург, аритмолог, анестезиолог болуп бөлүнсө, Европада баарынын кызматын бир эле адам аткарат. Ал жүрөгү ооруган кишинин дартын аныктап, кандай дарылоо керектигин чечип, операция керек болсо наркозду өзү берип, операция жасап, андан кийин калыбына келтирүү процессин да өзү жүргүзөт. Жүрөктү меджабдууларга өзү тартып, жыйынтыгын чыгарат. Кыскасы, оорулууну баштан-аяк бир эле адис дарылайт.
— Абдан ыңгайлуу экен. Анткени ооруканага барганда улам бир эшикке кезекке туруп жатып убакыт кетет… Түркияда окуган экенсиз, ал жакка кандайча кеттиңиз эле?
— Беш жыл айлык албай кантип жашадыңыз?
— Өзүм иштеген жерде кечки сменге чыкпай калган күндөрү башка ооруканаларда жалданып иштечүмүн. Ошондон анча-мынча айлык алып, жан сактап жүрдүм. Бирок кийин эмгегим акталып, түрктөр менен немистер биргелешип иштеткен ооруканага жумушка кирдим. Ал жакта айлыгы, шарттары эң сонун болчу.
— Чет өлкөлөрдө карьера жасай алган кыргызстандыктардын көбү мекенине кайтып келе бербейт. Сиздин кайрылышыңызга эмне себеп болду?
— Кандайча Кыргызстандагы жеке клиниканын башкы дарыгери болуп калдыңыз?
— Алматыда жүргөндө мен азыркы иштеп жаткан клиниканы негиздеп жаткан ишкерлер чогуу иштешели деп сунуш кылышты. Мен "жок" дей албадым. Анткени алар мен койгон шарттардын баарына макул болуп, клиниканы заманбап жабдуу, шарт менен толук камсыздап беришти. Болбосо мен катардагы ооруканада өз билимимди элге толугу менен көрсөтө албайт болчумун.
— Эми ошол өнөрлөрүңүздү үйрөтүп жаткан шакирттериңиз барбы?
— Албетте, бар, ансыз болбойт да. Учурда жардамчым мен кылгандардын бардыгын жасай алат. Андан ташкары, Билим берүү министрлигинин уруксаты менен клиникада үч жылдык ординатура ачтык. Ал жерде таржыйба топтоого эки ординатор алдык.
— Сизге кайрылган оорулуунун ичер суусу аз калганын билсеңиз кандай абалда болосуз? Өзүнө айтасызбы?
— Мен эч качан ооруга жеңилгим келбейт. Азыр адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр толтура. Орган алмаштыруу, ири операциялар кымбат турарын түшүнөм. Бирок мен алгач акчасын эмес, өмүрдү сактап калуу жолдорун ойлойм. Жок эле дегенде мен ошол жолдорду бейтаптын өзүнө көрсөтүп берем.
— Сиздин колуңуздан сакайып кеткен адамдар менен жакын мамиледе калган учурлар болобу?
— Жумуштун кыйчалыш учурунда эсте калган ирмемдерден айтып берсеңиз…
— Түркияда иштеп жүргөндө бир оорулууну Тез жардам менен алып келишти. Инфаркт болгон экен, жүрөгү токтоп калыптыр. Дефибриллятор менен жүрөгүн калыбына келтирдим. Ошол замат бейтап көзүн ачты. Ажалдын оозунан адамды сууруп алган мындай мүнөттөрдө дарыгер сүйүнбөй койбойт. Мен жылмайган бойдон аны карап түркчө сүйлөп, ал-жайын сурадым. Бирок ал сүйлөшкүсү келбегенсип башын гана ийкеп койду. Кийин башка дарыгерге "мен ооруканага келип, көзүмдү ачканда бирөө күлүп карап туруптур. Көздөрү биздикине окшошпойт, жүлжүгүйрөөк экен. Өлүптүрмүн, маңдайымда карап турган түркчө билген периште экен деп ойлогом. Көрсө, ал чет өлкөлүк дарыгер турбайбы" деп күлүптүр. Ооруканадан чыгып бара жатканда мага кезигип, ыраазычылыгын айтып кеткен. Ал окуяны азыр эстеген сайын жылмайып коем.