Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМитинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева
Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурда Эл аралык полиция уюму (Интерпол) издөөгө алган кыргызстандыктардын саны 160га жеткен. Алардын жарымынан көбү экономикалык кылмыштарга айыпталган. Арасында көрүнүктүү саясий ишмерлер, экс-президенттерден тарта шаардык кеңештин депутаттарына чейин бар болчу.

2017-жылдын аягында издөөгө алынган КР жарандарынын саны 13 эсеге кыскарган, тагыраагы, Интерполдун тизмесинде бүгүнкү күндө 12 эле кыргызстандык калган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы бир жыл ичинде Интерпол кайсы адамдарды эл аралык издөөгө алуудан баш тартканын изилдеп көрүүнү чечти.

Тизмеден Кыргызстандын соту тарабынан сыртынан өмүр бою соттолгон экс-президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү — Жаныш (жаныбек — ред.) Максим, Акмат, Искендер Бакиевдерди таба албайсыз. Бул үй-бүлө мүчөлөрү массалык түрдө киши өлтүрүү жана башка бир нече беренелер боюнча айыпталган.

© AP Photo / Sultan DosaliyevКурманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев
Курманбек Бакиевдин баласы — Максим Бакиев - Sputnik Кыргызстан
1/6
Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев
© Sputnik / Тимофей ЖелезовскийКурманбек Бакиевдин агасы Ахмат Бакиев
2/6
Курманбек Бакиевдин агасы Ахмат Бакиев
© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыЖаныш Бакиевдин уулу 32 жаштагы Искендер Бакиев
3/6
Жаныш Бакиевдин уулу 32 жаштагы Искендер Бакиев
© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыБиринчи президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов
4/6
Биринчи президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов
© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алынды"Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич
5/6
"Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич
© Sputnik / Табылды КадырбековАскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковская
Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковская - Sputnik Кыргызстан
6/6
Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковская
1/6
Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев
2/6
Курманбек Бакиевдин агасы Ахмат Бакиев
3/6
Жаныш Бакиевдин уулу 32 жаштагы Искендер Бакиев
4/6
Биринчи президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов
5/6
"Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич
6/6
Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковская

Тизмеден өлкөнүн дагы эки экс-премьери — 2002-2005-жылдары өкмөт башчылыкта турган Николай Танаев менен муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган Данияр Үсөнов алынган. Үсөнов өкмөттү 2009-жылдын 21-октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин жетектеген.

Мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланды деп айыпталган биринчи президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов дагы эл аралык уюмдун тизмесинен көрүнбөйт.

"Альфа Телекомдун" (Мегаком бренди — ред.) мурдагы директору Андрей Силич дагы качкын катары катталып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган болчу. Ал да жок.

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев өзү менен кошо "ала кеткен" саясатчылар
Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковскаянын да ысымы Интерполго катталган болчу. Ал 2009-жылы "Кумтөр" келишимин түзүүдө коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Жыл ичинде аталган ысымдардын кимиси сот алдына келгени жана Интерпол кимди издөөдөн баш тартканы тууралуу сайтта көрсөтүлгөн эмес. Болгону Бакиевдер Интерполдун базасында жок болгону менен мамлекеттер аралык издөөдө экендиги белгиленген.

Бул боюнча толук жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясы ИИМ менен Интерполдун борбордук бюросуна расмий кат жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0