Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с экрана сайта интерпола. Архивное фото
Снимок с экрана сайта интерпола. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интерполдун кара тизмесине уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, экс-чиновник менен ишкерлер кирген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik, Таалайбек Ороскулов. Интерполдун сайтында Кыргызстандык 160 киши издөөдө жүргөнү жарыяланган. Алардын баары оор кылмыш жасоого шектелип, кара тизмеге кирген.

Теолог Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маликов өзүнө кол салуу жөнүндө: ажал жакындап келгенин сездим
Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын ИИМи аалым Кадыр Маликовго кол салууга шектелгендердин Түркиядан экстрадицияланып келишин күтүп жатканын маалымдаган. Буга чейин айып тагылып жаткан Алибек Тилек уулу менен Ырыскул Бейшеналиев Интерполдун багыты менен эл аралык издөөгө алынган. Экөө Түркиянын Газиантеп шаарында колго түшүрүлгөнү кабарланган.

Ушуга байланыштуу Sputnik Интерполдун багыты менен издөө жарыяланган кыргызстандык жарандардын тизмесине кызыгып көрдү.

Кыргызстандын "абройлуу" ууру-кескилери төмөнкүдөй:

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыОлимпиаданын вице-чемпиону Жуманазаров Каныбек Сатымкулович криминалдык чөйрөдө "Кана"
Олимпиаданын вице-чемпиону Жуманазаров Каныбек Сатымкулович криминалдык чөйрөдө Кана - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын вице-чемпиону Жуманазаров Каныбек Сатымкулович криминалдык чөйрөдө "Кана"

Олимпиаданын вице-чемпиону Жуманазаров Каныбек Сатымкулович криминалдык чөйрөдө "Кана" аттуу каймана ат менен белгилүү болуп, Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат. Кана адам өлтүрүүгө жана каракчылыкка тиешеси бар деп шектелүүдө.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыАсанбековдун кылмыштуу тобунун мүчөсү Баха, же Аманкулов Бактыбек Сарылбекович
Асанбековдун кылмыштуу тобунун мүчөсү Баха, же Аманкулов Бактыбек Сарылбекович - Sputnik Кыргызстан
Асанбековдун кылмыштуу тобунун мүчөсү Баха, же Аманкулов Бактыбек Сарылбекович

Асанбековдун кылмыштуу тобунун мүчөсү Баха, же Аманкулов Бактыбек Сарылбекович, алдын ала сүйлөшүү менен топтошуп акча талап кылуу жана башка кылмыштык ишмердүүлүгү үчүн издөөгө алынган.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыЖонни мушкер, же Абдикаримов Акрамжан Хасанбаевич, ар кыл кримминалдык топтордун мүчөсү
Жонни мушкер, же Абдикаримов Акрамжан Хасанбаевич, ар кыл кримминалдык топтордун мүчөсү  - Sputnik Кыргызстан
Жонни мушкер, же Абдикаримов Акрамжан Хасанбаевич, ар кыл кримминалдык топтордун мүчөсү

Жонни мушкер, же Абдикаримов Акрамжан Хасанбаевич, ар кыл кримминалдык топтордун мүчөсү экени маалым. Киши өлтүрүүгө жана бир катар массалык баш аламандыкты уюштурууга катышкан деп шектелүүдө.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыБуга чейин соттолуп чыккан Чоро каймана аты менен белгилүү Сулайманов Алмазбек Аскарович
Буга чейин соттолуп чыккан Чоро каймана аты менен белгилүү Сулайманов Алмазбек Аскарович - Sputnik Кыргызстан
Буга чейин соттолуп чыккан Чоро каймана аты менен белгилүү Сулайманов Алмазбек Аскарович

Буга чейин соттолуп чыккан Чоро каймана аты менен белгилүү Сулайманов Алмазбек Аскарович — Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Ири көлөмдөгү мүлккө ээ болуу максатында топтошуп каракчылык кылгандыгы үчүн айыпталууда.

Кыргызстандын кылмышкер ишкерлери

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыБишкектеги "Дольче Вита" кыймылсыз мүлк агенттигинин түзүүчүлөрүнүн бири 37 жаштагы Березовский Алексей Викторович
Бишкектеги Дольче Вита кыймылсыз мүлк агенттигинин түзүүчүлөрүнүн бири 37 жаштагы Березовский Алексей Викторович  - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Дольче Вита" кыймылсыз мүлк агенттигинин түзүүчүлөрүнүн бири 37 жаштагы Березовский Алексей Викторович

2011-жылдын 22-февралынан тарта Бишкектеги "Дольче Вита" кыймылсыз мүлк агенттигинин түзүүчүлөрүнүн бири 37 жаштагы Березовский Алексей Викторович изделип келет. Ага шылуундук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алынды"Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич
Альфа-Телеком компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич - Sputnik Кыргызстан
"Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевич

Интерпол "Альфа-Телеком" компаниясынын экс-башкы директору Силич Андрей Григорьевичти издеп келет. Ал шылуундук кылып, коммерциялык уюмдун өкүлү катары кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө коюлган.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыЖаныш Бакиевдин (Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси) уулу 32 жаштагы Бакиев Искендер Жаныбекович
Жаныш Бакиевдин (Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси) уулу 32 жаштагы Бакиев Искендер Жаныбекович - Sputnik Кыргызстан
Жаныш Бакиевдин (Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси) уулу 32 жаштагы Бакиев Искендер Жаныбекович

Жаныш Бакиевдин (Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси) уулу 32 жаштагы Бакиев Искендер Жаныбекович алдамчылык, коммерциялык уюмдун өкүлү катары кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү беренелери боюнча айыпталып жатат.

Кыргызстандын издөөгө алынган экс-чиновниктери

© AFP / FREDERIC BROWNКыргызстандын өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп келген мурунку премьер-министр Танаев Никовлай Тимофеевич
Кыргызстандын өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп келген мурунку премьер-министр Танаев Никовлай Тимофеевич - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп келген мурунку премьер-министр Танаев Никовлай Тимофеевич

Кыргызстандын өкмөтүн 2002-2005-жылдары жетектеп келген мурунку премьер-министр Танаев Николай Тимофеевич коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

© Sputnik / Владислав УшаковДагы бир өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович
Дагы бир өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович - Sputnik Кыргызстан
Дагы бир өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович

Дагы бир өкмөт башчы Үсөнов Данияр Токтогулович мамлекеттик жерди бөлүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлөнүүдө.

© Интерполдун расмий сайтынан сүрөткө тартып алындыКыргызстандын туңгуч президентинин администрация жетекчиси Касымов Тойчубек Касымович
Кыргызстандын туңгуч президентинин администрация жетекчиси Касымов Тойчубек Касымович - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын туңгуч президентинин администрация жетекчиси Касымов Тойчубек Касымович

Кыргызстандын туңгуч президентинин администрация жетекчиси Касымов Тойчубек Касымович кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик каражатты туура эмес пайдалануу боюнча шектелип келет.

© Фото / пресс-служба ЦАРИИ КРСын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим
Сын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим - Sputnik Кыргызстан
Сын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик насыяны туура эмес колдонгондугу үчүн изделүүдө.

© Sputnik / Андрей Стенин"Коопсуздук жана укук" коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич
Коопсуздук жана укук коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуздук жана укук" коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич

Массалык түрдө киши өлтүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана адам уурдоо боюнча айыпталып жаткан "Коопсуздук жана укук" коомдук фондусунун төрагасы Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич да Интерполдун кылтагына илинген.

© Sputnik / Тимофей ЖелезовскийЖалал-Абад шаардык кеңештин экс-депутаты Бакиев Ахмат Салиевич
Жалал-Абад шаардык кеңештин экс-депутаты Бакиев Ахмат Салиевич - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаардык кеңештин экс-депутаты Бакиев Ахмат Салиевич

Абактан качып чыккандыгы үчүн тактан кулатылган президенттин дагы бир иниси Жалал-Абад шаардык кеңештин экс-депутаты Бакиев Ахмат Салиевич да эл аралык издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0