Алар уйкудан туруп эле "жылдыз" болушкан. Соцтармакты дүң кылган 10 адам

© Фото / Самат ДурусбековЫрчы Толгонай Арзыкеева. Архив
Ырчы Толгонай Арзыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционердин кашын жара тепкен кыз, авиакырсыктан жабыркагандарды табалаган Таттыгүл Дооталиева, Despacito ырын тамшандыра аткарган Толгонай. Тоок жылында соцтармакты багындырган каармандарды унуткан жоксузбу?

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Интернеттин тамыры жайылган сайын мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Мунун жардамы менен уйкудан ойгонуп эле эл оозундагы жылдыз болуп калышыңыз толук мүмкүн. Кээде буга көп деле эмгек талап кылынбайт, болгону соцтармактын талылуу жерин кармап алганыңыз жетиштүү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2017-жылы өнөрү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан жана чуулгандуу окуянын арты менен эл оозуна алынгандарды тизмектеди.

© Фото / предоставлено Таттыгуль ДооталиевойТаттыгүл Дооталиеванын Facebook тармагындагы баракчасына авиа кырсыктан курман болгондорду табалаган пост жарыяланган.
Преподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева - Sputnik Кыргызстан
Таттыгүл Дооталиеванын Facebook тармагындагы баракчасына авиа кырсыктан курман болгондорду табалаган пост жарыяланган.

Учак басып ажал тапкандарды табалап…

1. Январь айында 39 адамдын өмүрүн алган авиа кырсыктан кийин Таттыгүл Дооталиеванын Facebook тармагындагы баракчасына курман болгондорду табалаган пост жарыяланган. Анда түштүктүктөрдү жаратылыш өзү тандап жок кылып жаткандыгы боюнча жазылган болчу. Буга элдин кыжыры кайнап, катуу сындашкан. Кийинчерээк "каарман" Медициналык академиянын мугалими экени аныкталып, кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Анткен менен Дооталиева ал постту өзү жазбаганын айтып актанган.

Ырчынын жылдызын жандырган така

2. Ал эми Алтынай Жайнакова аттуу селки такасы менен милиция кызматкеринин кашын жара тээп жылдыз болду. Окуя 13-январга караган түнү Ош шаарында болгон. Ал жол эрежесин бузуу менен мас абалында унаа башкарып бара жатканда токтотулган. Милиционерлерге каршылык көрсөткөн кыз ОШ ОИИББдин жетекчиси Кылыч Жолдошбаевге чалам деп коркутууга аракет кылган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, кыздын кийинки тагдырына кызыккандар көп болду. Аягында Жайнакова соттун чечими менен төрт жылга шарттуу кесилип, 50 миң сомго жыгылган. 

Албарсты менен кармашкан кыздар

3. "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп караңгы жерде бийлеп, ырдаган үч кыз социалдык тармакты дүң кылышты. Ал видео бир нече адамдын жакасын карматкан. Айрымдары тамаша деп жылмаюу менен кабыл алышса, башкалары катуу сындашты. Ошентип модель кыздар элге кеңири таанылып да алышты.

Тамшанткан Despacito

4. Жаш ырчы Толгонай Арзыкеева Despacito ырын үйдө отуруп эле аткарып Instagram баракчасына жүктөп койгон. Бирок ал бир заматта элге кеңири жайылып кетерин билген эмес. Анын видеосу бир сутканын ичинде Кыргызстан менен Казакстандын интернет желесинде трендге айланган. Мунун арты менен ал популярдуулукка жетишип учурда автордук чыгармаларын жаратып, түрдүү жарнамлардын жүзү болуп жүрөт. Толгонай Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде россиялык продюсерден чакыруу түшүп, бирок баш тартып койгонун билдирген.

Соцтармакты дүң кылган "келин"

5. Жайлоодо жиликти микрофонго, боз үйдү сахнага айландырып бийлеген "келиндин видеосу" соцтармакты дүң кылды. Аны аткарган блоггер Сайкал Жумалиева бир ирмемде "интернет жылдызы" болду да калды. Ал азыркыга чейин ар түрдү бийлерди аткарып күйөрмандарын кубандырып келет.

Мушкерди ызаланткан "депортация"

6. Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев 22-апрелде Казань шаарында өткөн эл аралык TNA турниринде калыстын чечимине канааттанбай рингден кетпей койгон. Рефери ага депортация болуп кетиши мүмкүн экенин айткан. Бул тасма коомчулук арасында резонанс жаратып, кийин рефери мушкерден кечирим сураган. Ал эми Дастан каршылашы Антон Калинин менен реванш-беттешке чыгуу менен мыктылыгын аныктап, жеңишке жеткен.

Өзбек лидеринин көңүлүн тапкан акын

7. Төкмө акын Идирис Айитбаев 31-августта айтылуу акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышында беш тилде (англис, өзбек, орус, түрк, кыргыз) төгүп ырдап элди таң калтырган. Андан кийин "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин алдында эки элдин арман-дартын жана достугун айтып ырдаган. Ошол учурда Шавкат Мирзиеёв ордунан тура калып жардамчыларына менден белек катары автоунаа жана Анжияндан үй берилсин деген тапшырма берген. Андан көп өтпөй эле Анжиянга барып белегин колуна алган.

Жалал-Абаддык Брюс Ли

8. Белгилүү киноактерлор Брюс Ли менен Жеки Чандын трюктарын аткаруу менен чоң сахнада өз өнөрүн тартуулап келген Нурмухаммед Ташмаматов "Лучше всех" шоусуна чакыруу алды. Ал карагаттай көздөрү, түйүлгөн муштуму менен узун элдин учугуна таанылды. Мындан сырткары, Кытай жана Украинада өтүүчү жаш таланттар сынагына катышуу сунушу түшкөн. Жеткинчек үч жашынан бери каратэ менен машыгып келет.

Жүрөк элжиреткен секелектин бийи

9. Алгач кичинекей кыздын өзбек улуттук кийимин кийип бийлеп жаткан видеосу интернет айдыңына жарыяланып көпчүлүктүн алкоосуна татыган. Ал видео Максим Галкинге чейин жетип секелек кызды өзүнүн шоусуна чакырган. Кийинчерээк бийчи кыз бишкектик Нурпери Тургуналиева экени маалым болду. Учурда эгизи Айпери экөө социалдык баракчалары аркылуу өнөрлөрүн тартуулап келишет. 

Галкинге зоологияны үйрөткөн Албанали

10. Жыл аяктап калганда караколдук Албанали Алим уулу жаныбарлар дүйнөсүндөгү кызыктуу фактыларды айтуу менен коомчулукка таанылды. Ал дагы "Лучше всех" шоусуна барып келди. Акылдуу жеткинчек Галкиндин айласын кетирип, элди да күлкүгө бөлөдү. Өнөр ээси Sputnik Кыргызстан агенттигинин да коногу болуп төгүлүп чачылып маек берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0