Гандболчу Гүлшайыр Садыбакасова 64 жашта! "Кыз бурактын" апасы тууралуу 10 факты

© Sputnik / Нургуль МаксутоваНародная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова
Народная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, легендарлуу "Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова 64 жашка чыкты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз эстрадасына опол тоодой салым кошкон Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу 10 факты сунуштайт.

1. Мугалимдин кызы. Гүлшайыр Садыбакасаова 1953-жылы 10-декабрда Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө туулган. Атасы Садыбакас Эргешов жана апасы Салия Өмүрзакова 40 жылдан ашык мектепте мугалимдик кесипти аркалашкан.

2. Шок кыз. Мектепте окуп жүргөндө эркек балдарга кошулуп футбол, чүкө ойночу. Гүлшайыр эженин "кыздар менен отурганда жүрөгүм сыгылып кетчү" деп айтканы бар.

Акын Аалы Туткучевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кара жаак акын Аалы Туткучев тууралуу кызыктуу 9 факты
3. Атасы эки жыл бетин карабай койгон. 1970-1971 жылдары атасынын сунушу менен Фрунзедеги Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, бирок эки жыл катары менен өтпөй калат. 1972-жылы атасынын тилин укпай, Владимир Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка факультетине тапшырып алган. Атасы кызынын бул кылыгы үчүн эки жыл бетин карабай койгон.

4. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадам 1972-жылы башталат. Ыр жазып, обон чыгара баштайт. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан турган "Шоола" ансамбли түзүлүп, топко кыздардын арасынан биринчи урма аспапчы катары алынат. Бирок "Шоола" тобу жети жыл гана өмүр сүрөт. Окууну бүткөн соң Ош шаарындагы педучилищеде мугалим болуп жүргөндө жаңыдан ачылган ансамблге, тагыраагы "Кыз бурак" тобуна кошулат. Ошол күндөн азыркыга чейин "Кыз бурактын" директору болуп келет.

5. Рулдагы айым, гандбол боюнча спорт чебери. Институтта окуп жүргөндө гандбол спорту менен машыгып, 1972-1976 жылдары Кыргызстан курама командасында ойногон. Аталган спорттун түрү боюнча спорт чебери. 1983-жылы машина айдаганды үйрөнгөн. Ал учурда айымдар рулга отурат деген түшүнүк дээрлик жок эле. Анан да алгачкылардан болуп шым кийип, чач кестирген кадамдарды жасаган. "Айылдагылар Садыбакастын шок кызы дагы эмнени алып келээр экен" деп кооптонуп турушчу деп айтканы бар.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
6. Ишкерликтин көзүн тапкан. 1992-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ишкерлигин өзү ачкан дүкөнгө бөтөлкө кабыл алып, ордуна товар берип туруу менен баштаган. Экинчи ишкерлиги жибек комбинатындагы костюмдардын ичине тигилчү саржаларды чаң басып жаткан жеринен сатып алып, түрктөргө сатып пайда көргөн. Андан кийин насос заводунун товарын Өзбекстанга саткан. "Кыйын кырдаалда ишкерлигим менен топту да сактап калдым" деп айтаны бар.

7. Гүлшайыр Садыбакасова коомчулукка обончу, композитор катары белгилүү. Чыгармачылык карьерасында 130дан ашык обон жараткан. Учурда анын жарымын кыргыз эстрада ырчылары ырдап жүрөт.

8. 40 жылдык тарыхы бар "Кыз бурак" тобунда 320дөн ашык кызды, 60дан ашык баланы тарбиялаган. Учурда топтун отуздай кызы чыгармачылыктагы карьерасын улантып келет.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
9. Жолдошу Мамырасул менен студент кезинде таанышкан. Эки жаш беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушат. Жубайлар узак жана бактылуу өмүр сүрүшөт. Бирок башынан эле жолдошунун бир талабы бар эле. Дайыма "Кыз бурагыңды" таштачы, жөн эле өмүр сүрөлү" деп айтчу. Бирок Гүлшайыр Садыбакасова топту орто жолго таштап кете алган эмес. Акыры жолдошу экөө 24 жыл өмүр сүргөндөн кийин, 2002-жылы эки ача жолго түшүшкөн.

10. Балдары тууралуу. Улуу кызы Сайкал Садыбакасова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Жакында эле турмушка чыккан. Баса, анын да бүгүн туулган күнү. Апасы менен бир күндө жарык дүйнөгө келген. Экинчи баласы Эркин 10-класстын окуучусу. Чет тилге, музыкага, информатикага кызыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0