ОШ, 7-дек. — Sputnik. Ноокат районундагы орто мектептердин биринде 10-класста окуган кыз көз жарды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Маалыматка ылайык, алты айлык боюнда бар окуучу кыз Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында көз жарып, ымыркай өлүү төрөлгөн.
"Кыздын ата-энеси Россияда иштейт. Иликтөө учурунда ымыркайдын атасы да Россияда мигрант экени аныкталды. Окуучу кыз айылда бир туугандары менен жашап келет", — деди Сатарбаева.
Учурда Ноокат РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.