БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Белгилүү актриса Элина Абай кызы кикбоксер Кумар Жалиевге турмушка чыкты. Эки жаштын үлпөт тойдогу сүрөттөрүн санаалаштыры социалдык тармактарга жарыялашкан.
Маалыматка ылайык, алардын үйлпөт тою кечээ, 27-ноябрда, Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн.
Режиссер Эрнест Абдыжапаров эки жаш менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөп "Күч жана сулуулуктун тою. Кумар, Элина бактылуу болгула!" деп жазган.
Кыргызстандык режиссер Элдияр Мадаким дагы тойдун күнөөкөрлөрү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап аларга бакыт каалаган.
Ал эми Кумар Жалиевдин кесиптеши атактуу боксчу Мирбек Сүйүмбаев да үлпөт тойдон сүрөт жүктөгөн.
Учурдун белгилүү актрисасы Элина Абай кызы "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка", "Саякбай" тасмаларында роль жаратып, калың элдин оозуна алынган.
Кумар Жалиев кикбокс боюнча дүйнө чемпионатынын үч ирет коло медалын тагынган. 2016-жылы Ата мекендик "Сагын" атуу тасмада башкы ролду аткарган.