Элина Абай кызы — өмүр баяны

© Фото / Чолпон ИдрисоваАктриса Элина Абай кызы. Архив
Актриса Элина Абай кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элина Абай кызынын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз

Элина Абай кызы 1990-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. Актрисалыктан сырткары, бий өнөрү менен да алектенет. Алгач "Версус" тобунун бийчиси катары таанылса, кийин "Арууке" бий тобун ачкандардын бири болгон. Таэквондо менен машыккан.

Билими:

Кыргыз улуттук университетинде бухгалтер адистиги боюнча билим алган. Актердук чеберчилик боюнча режиссер Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынан өткөн.

Тартылган тасмалары;

• Боз салкын;

• Гаишники;

• Уурунун махабаты;

• Сулуулар жана миллион;

• Күкүк Шахра;

• Курманжан датка;

• Жат (Казакстан)

• Саякбай;

Сыйлыктары:

• 2015-жылы "Курманжан датка" тасмасы жарыкка чыккандан кийин мамлекеттик жогорку сыйлыктардын бири "Даңк" медалы менен сыйланган;

Төрт бир туугандын үчүнчүсү, эжеси, агасы жана сиңдиси бар. 2017-жылдын 27-ноябрында белгилүү кикбоксер Кумар Жалиевге турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0