Артынан сүйлөбөйт, айлыгын сурабайт! Кесиптештер ортосунда 6 "болбойт"

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис ИА Sputnik Кыргызстан
Офис ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушуң кызыктуу, кесиптештериң ынтымактуу болсо ар дайым кызматка барууга шашыласың. Анткени жумуш сенин экинчи үйүң, ал эми кесиптештер бир тууганыңдай болуп калат эмеспи.

Кызматта талаш-тартыш, пикир келишпестик, же болбосо өтө эле жакындык сыяктуу ар түрдүү кырдаал түзүлүшү толук ыктымал. Бирок ар нерсенин чеги жана орду болот. Sputnik Кыргызстан агенттиги тамаша иретинде кесиптештер ортосундагы жасабай, болбой турган нерселерди тизмектеп көрдү.

Өтө ынак болуп кетпейт. Кесиптеш менен сөзсүз жакшы мамиледе жүрүү керек. Бирок өтө эле ысык, сырдаш, курдаш, дос болуп кетүүдөн этият болгон оң.

Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан
Коңшу-колоңго карата 6 "болбойт"
Артынан сүйлөбөйт, ушактабайт. Бирге иштеген адамды ушактап, жамандагандан эч ким пайда таппайт, тескерисинче, зыянын тартып калышыңыз мүмкүн. Кай жерде болбосун ынтымакты ушак ыдыратат, андыктан кесиптештер менен сый мамиледе калайын десеңиз артынан сүйлөгөндөн алыс болуңуз.

Көңүл калтырышпайт. "Адамдын көңүлү гүл" деп коет эмеспи, бул кесиптешке да тиешелүү. Жумушта иштин кызыкчылыгы үчүн ар кыл пикирлер айтылып, талаш-тартыш болот деңизчи. Ошондой учурда жаман сөз менен кесиптештин көңүлүн калтырып алгандан абайлаңыз.

Көпчүлүктүн алдында кемсинтпейт, тескебейт. Ар бир адамдын кемчилиги менен кошо эле артыкчылыгы бар.  Көпчүлүктүн көзүнчө басынтып сүйлөө, тескөө адамдын шагын сындырып коет эмеспи. Ошончолук эле чыдабай баратсаңыз, өзүнчө бир жерге барып мамилени чечишип алган дурус.

Айлык акысын сурабайт. Кесиптештер бири-биринен айлык маянасын сурашкан туура эмес. Биринчиден, бул этикага жатпаса, экинчиден, бирөөнүн айлыгын эмне кыласыз.

Сүйүү мамиле куруудан этият бол. Бул тыюу негизинен үй-бүлөлүү адамдарга тиешелүү. Колдон келишинче кесиптештер менен сый мамилени сактап калууга аракет кылыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0