ЖК тарыхындагы эң жаш төрага Дастан Жумабеков тууралуу 7 факты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИзбрание нового спикера Жогорку Кенеша
Избрание нового спикера Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ушул күнү эле көпчүлүк коалиция анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабековду көрсөттү. Эл өкүлдөрү жабык түрдө добуш берип, натыйжада ал көпчүлүктүн колдоосуна татыды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан төрага болуп шайланган Дастан Жумабеков тууралуу 7 фактыны сунуштайт.

1. Эң жаш төрага. 1976-жылдын 2-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында жарыкка келген Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин тарыхында эң жаш төрага болуп калды.

2. Парламентке жасаган кадамы. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2014-жылдын май айында фракция лидеринин орун басары, бир жылдан кийин лидери болуп шайланган. Ал эми 2015-жылкы парламенттик шайлоо "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен депутаттык мандат алган.

3. Демилгелеген мыйзамдары. Күзгү жыйым-терим иштерине байланыштуу окуу жылын 20-сентябрдан баштоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген;

Депутат от фракции Кыргызстан Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков ЖК төрагалыгына ар тараптан ыңгайлуубу? Серепчилердин пикири
Кыргызстандын мигранттары көп барган шаарларга юридикалык кеңселерди ачуу маселесин көтөргөн;

Үй-бүлөлүк абалды жакшыртуу максатында жаңы төрөлгөн ымыркай бир жашка чыккыча жөлөк пул төлөө мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Алгач 30 миң сом (айына 2500) берип, кийин аны 50 миң сомго (айына 4 166) чейин көтөрүү сунушталган. Бирок аталган мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.

"Айыл банктын" "Вефа" борборуна көчүрүлүшүнө каршы пикирин билдирип каражатты үнөмдөөгө чакырык таштаган. Анткени банк жайгашкан кеңсе үчүн жылына 8,5 миллион ижара акы төлөп келсе, жаңы жерге көчкөндөн кийин 21 миллион 212 миң 400 сом (300 миң доллар) төлөмөк. Натыйжада банк көчүрүлбөй мурдагы кеңсесинде калып, ижара келишимин дагы үч жылга узарткан. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат от фракции "Кыргызстан" Дастан Джумабеков
Депутат от фракции Кыргызстан Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Депутат от фракции "Кыргызстан" Дастан Джумабеков

4. Чупакабра тууралуу алгач сөз баштаган. 2014-жылы 12-июнда Кочкор районундагы белгисиз жандык боюнча Жогорку Кеңештин жыйнында маселе көтөрүп чыккан Дастан Жумабеков болгон. Ал жергиликтүү бийликтин алы жетпей калганын айтып, өкмөттү жардам берүүгө чакырган. "Белгисиз жаныбар чыгып, 50дөй койду кырыптыр. Жергиликтүү бийликтин алы жетпей калыптыр. Интернеттен карап көрсөм, бул Латын Америкасындагы чупакабра деген жаныбар экен" деген ал.

5. Канча киреше табат? Дастан Жумабеков 2016-жылдагы киреше боюнча декларациясында бир жылда мамлекеттен 720 миң сом айлык алганы жазылган. Мүлкү боюнча бир батирге ээлик кылат.

Депутаттар Дастан Жумабековду креслосуна отургузушту. Видео - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Дастан Жумабековду креслосуна отургузушту. Видео
6. Спорт сүйүүчүлөрүнүн катарында. Жумабеков бала чактан бери спортту сүйгөн адамдардын катарын толуктайт. Саясаттан сырткары спортун грэпплинг түрү боюнча машыгып жүрөт. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында спорттун ушул түрү боюнча АКШнын Нью-Жерси штатында өткөн мелдешке катышып 3-орунду камсыздаган. Ал эми 13-майда Ысык-Көлдө өткөн Run The Silk Road эл аралык марафонуна катышып 21 чакырым аралыкка чуркаган. Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын Талас облусундагы президенти. Чыгыш мушташы боюнча спорт чебери.

7. Үй-бүлөсү. 11 бир туугандын арасында чоңойгон. Атасы — колхоздун бригадири, апасы — мугалим. Эң улуу агасы — белгилүү академик, профессор, Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0